Данияр Эрматов: «Авиакасса ачуу оңой эмес экен»

Ырчы Данияр Эрматов жакында эле авиакасса ачып иштете баштады. Жаңы бизнесинин жакшы жүрүп жатканына сүйүнгөн ырчыдан аталган иши тууралуу сурадык.

Данияр, сага эмнеден улам авиакасса ачуу идеясы келип калды?

— Менин азыркы менеджерим Бурул мурда авиакассада иштечү. Иштеп жүргөн жеринен эле чакырып алгам. Ал бул тармак тууралуу толук маалыматты, анын сырларын билет. Негизи, бул идея биринчи Бурулга келген, анан мага сунуштаганда ойлонуп көрүп экөөбүз биргеликте ачтык. Биздин авиакассанын өзгөчөлүгү – вотсап же онлайн сатып алуу аркылуу брондоп, акчасын банктан которуп коюшат. Биз вотсап номерине билеттин электрондук вариантын жиберип коёбуз. Биздин азыр бир эле кеңсебиз бар, башка облустарга да ачууну сунуштап жатышат. Менимче, бул жөн гана чыгым. Азыр кардарлардын 85 пайызы билетти вотсап аркылуу сатып алып жатышат.

Акчасы кандай?

— Билеттин баасын компания коёт, биз ошол тариф менен сатабыз. Негизи, башка авиакассага өнөктөш болуп иштесек деле болмок, бирок биздики расмий түрдө түз бир компания аркылуу ачылды. Ошондуктан ортомчусуз, башкача айтканда, үстүнө акча кошулбаган баасында алса болот.

Бул сиз жүргөн чөйрөдөн алысыраак эмеспи, бизнести бутка тургузууда кыйынчылыктар болуп жатса керек?

— Чынында, авиакасса ачуу оңой иш эмес экен. Бирок Бурул болгону үчүн кыйынчылыктары көп билинбей жатат. Бул бизнеске көбүрөөк акча керек экен. Анткени жакшы тааныштарга, жакындарыма карызга деле билет берип жатам.

Кардарларды кандай жолдор менен чогултуп жатасыз?

— Мен да башында “кантип кардар тартуу керек?” деп ойлонгом. Авиакасса ачылгандан бери эле кардарлардын саны үзүлө элек. Буга менин ырчы болгонум дагы чоң жардам берип жатат. “Эмнеси болсо дагы ишеничтүү, бир нерсе болсо кайра таба алабыз, Даниярдын авиакассасынан алалы” деп келип жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирем.

Бизнеске кирип кетсеңиз, чыгармачылыгыңыз токтоп калбайбы?

— Бизнеске кирип кеткенде деле чыгармачылыктан алыстоо мүмкүн эмес деп ойлойм. Мен азыр Бурулдан эле отчёт алам, башка иштерге кийлигишпейм. Бурул кол алдына кыздарды алып иштетип жатат. Мен сырттан эле көзөмөлдөп турам.

Жакында эле аймактык бир телеканал сизди тузагына салды. Бул тамаша торго кантип илинип калдыңыз?

— Негизи, мен Жалал-Абаддагы тойго бара жаткам. Оштон аэропорттон тааныш иним тосуп алып Жалал-Абадга жеткирип коймок. Ал мени тосуп алганда эле “Изюм” мейманканасы жактан унааны алмаштырып аларын эскерткен эле. Анан алмаштырып жатсак эле үйлөнүү тойдо сейилдеп жүргөн эки жаш токтоп, келин “сиз менен сүрөткө түшүп алайын” деп калды. Сүрөткө түшүп жатканда да улам жакындап, мени кармап түштү. Муну көргөн күйөө бала жубайын менден кызганып, “сен эмнеге менин аялымды кучактап түшөсүң?!” деп ызы-чуу чыгарып, мени сөгүп кирди. Бүт баары чындыкка жакын болгонго мунун тамаша экени таптакыр оюма келген жок. Мени тосуп алган инимден баштап жанымдагылардын баары билишчү экен, жалгыз менин эле кабарым болгон эмес.

Сизди түртүп, сөгүп жатса дагы кантип карманып турдуңуз?

— Башында түртүп, сөгүнүп жатканда аябай деле ачууланган эмесмин. Үйлөнүп жаткан бала болгону үчүн өзүмдү кармап жаттым. Алар үчүн маанилүү дата болгондуктан, бул күндү эки жаш эле эмес, бардык келген коноктор эстешет. Ошондуктан бардык кылыктарына чыдайын дедим. Так ушул күйөө баланы уруштурганы – уюштуруучулардын жеңиши болгон. Башка бирөө болсо башында эле урушуп кетсем керек эле.

Тамаша экенин укканда кандай сезимде болдуңуз?

— Акырында сабырым түгөнүп, мушташа берейин деп калгам. Ошондо тамаша экендигин айтып жатышпайбы. Ошентсе дагы Оштон Жалал-Абадга жеткиче бир жарым саат бою өзүмө келе албай ачууланып бардым.

Көбү «жапайычылык, бетине түкүрүп кетсең болмок!» деген пикирлерин жазышты эле. Тамашанын авторлору менен азыр кандай мамиледесиз?

— Элдин жазганы деле туура. Мени тамашага салган Арман – менин досум. Ал менин мүнөзүмдү жакшы билгендиги үчүн дагы тамашага илинип калдым. Мени жакындан билбеген башка бирөө болсо, балким, окшошпой калмак.

Турмушуңузда ушундай кырдаалга туш болдуңуз беле?

— Ооба. Бизде мындай учурлар тойго барганда көп эле болот. Бир жолу да досумдун үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош болуп калдым. Сейилдөөдө жүрсөк, дагы бир топ жаштар сейилдеп жүрүшүптүр. Жаңы келин менин күйөрманым экен, токтоп: “Данияр байке, сүрөткө түшүп алалычы”,- деп калды. Кудум эле тамаша тордогудай. Экөөбүз сүрөткө түшкөнүбүзгө күйөө бала эч нерсе деген эмес, бирок жанындагы достору: “Аяшкага эмне болду? Даниярга тарттырып жибересиңби?”- деп шылдыңдап койгондо бала намыстанып кетип кызын урушуп салды. Ошондо мен ал жигитке “бир ырчы, бир сүрөт үчүн маанайыңарды түшүрбөгүлө” деп, ал эми досторуна туура эмес кылышканын айткам.

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы