Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев: “Операциядан кийин өмүр бою көздүн көрүүсү жакшырат”

Көрүүнү лазер менен курчутуу – көздүн жакшы көрүүсүнө шарт түзөт

Адам үчүн эң маанилүү органдардын бири – көз. Көздүн көрүүсү канчалык жакшы болсо иштегенге ошончолук жогору мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жаш курактын жогорулашы менен көздүн курчтугу кетип, көйгөй жаралары талашсыз. Замандын талабына жараша бул тармакта медицина да мыкты өнүгүүдө. Көрүүнү лазер менен курчутуу процедурасынын жардамы менен өмүр бою жакшыртса болот.Бул ыкманын артыкчылыктарын Офтальмологиялык лазер борборунун адиси Өмүрбек Жолдошев айтып берди.

Адамдын соо көзү канча аралыкты көрө алат? Бүгүнкү күндө кеңири тараган көз оорулары кайсылар?

— Негизи, оорубаган көз 5 чакырымга чейинки жарыкты ажыратып көрө алат. Бирок генетикалык өзгөчөлүктөн, тубаса, жашоо образдан улам көздүн көрүүсү начарлап отурат. Кеңири тараган оору бул миопия (минус) – алысты көрө албагандык жана гипперметропия (плюс) – жакынды көрө албагандык оорусу көп кездешет. Мисалы, Сингапурда студенттердин 80 пайызы ушул оорулардан улам көз айнек тагынып жүрүшөт. Астигматизм деген оору да кеңири тараган. Эгерде көздүн айнек челинин формасы нормада идеалдуу тоголок болсо, астигматизм бар көздө сүйрү болот. Бирок кээде көздүн жакшы көрүүсүнө чоң тоскоолдук жаратуусу мүмкүн. Медицина мыкты өнүккөн өлкөлөрдө көздүн формасын операция жолу менен оңдошот.

Бул оорулар эмне себептен пайда болот?

— Жогоруда мен айткан үч оорунун келип чыгуу себебин медицина толугу менен изилдеп чыга элек. Китеп окуу, телефонду тынымсыз колдонуу, компьютерде отуруу, өзгөчө жаш балдарда, бирден-бир себеби болушу мүмкүн деген божомол бар. Эгер жаш бала күн нуруна аз чыкса, кечке компьютер оюндарын ойносо, бул оорулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү бир топ көбөйөт. Тукум куучулук да чоң роль ойнойт. Эгер атасында же энесинде алысты көрө албаган көз оорусу болсо баласында да пайда болуу коркунучу бийик. Расалык өзгөчөлүктү да эске алуу керек. Европеоид расасына караганда монголоиддерде ушул көз оорунун түрлөрү кеңири кездешет.

Көрүүнү лазер менен курчутуу процедурасы тууралуу айтып берсеңиз?
— Көздү күндүн зыяндуу ультра нурдан сактап, кенедей нерсени тунук, так кылып көрсөтө турган көздүн сыртындагы айнек чел деп аталган структура болот. Операция ушул челди жукартуу же формасын өзгөртүү аркылуу жүргүзүлөт. Көз айнек эң арзан, баарына жеткиликтүү каражат. Бирок аны тагынганда көп адамдар өзүн ыңгайсыз сезип, уялышат. Линза туура тандалса жана кылдат колдонулса көздүн көрүүсүн сапаты жогору болот. Бирок аны да колдонууда көзгө инфекция, бактерия кирип кетүү коркунучу жогору. Андыктан азыр көбү лазердик курчутууга басым жасап жатышат. Себеби операциядан кийин көздүн көрүүсү жакшырат жана өмүр бою көз айнек тагынбай жүрсө болот.
Операция кандай жол менен жасалат?
— Бейтап келгенде көзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша толук текшерүүдөн өтөт. Көздүн формасын, ар бир кан тамырлары, баш менен көздү бириктирип турган нерв тамырларга чейин изилдеп, текшеребиз. Лазер менен көрүүнү курчутуу – лазердин жардамы менен айнек челди жукартат же формасын өзгөртөт. Ошондо минус менен плюстарды азайтып же толугу менен алып салса болот. Операция болор күнү бейтап жеңил тамак ичип келет. Көздүн оорусун сезбей турган тамчылатма дары колдонобуз, жалпы наркоз берилбейт. Иш учурунда бейтап акыл-эси менен болуп, бүт процедураны көрө алат. Иш учурунда көздү бир аз өйкөп жаткандай ыңгайсыздык болушу мүмкүн.
Операциядан кийин кандай эрежелерди сактоо керек?
— Үйгө барып эки саат уктап туруу сунушталат. Операциядан кийин көзгө инфекциянын кирип кетүүсүн алдын ала турган тамчылатма дарылардан беребиз. Аны бир күндө 2,5 саат сайын тамызат. Башында көз ачышып, жаш куюлуп, күндүн нурунан ооруп ыңгайсыздык жаратат. Бул кадимки көрүнүш. Эртеси күнү кайра келгенде операциянын кандай болгонун, көздүн айыгып жатканын дагы бир ирет текшеребиз. Мончого, бассейнге эки жумага чейин түшкөнгө болбойт. Волейбол, баскетбол деген спорттун түрлөрүнө бир ай катышпай туруу керек. Эки күндөн кийин эле мурдагыдай китеп окуп, компьютерде отурса боло берет. Эки аптадан кийин дагы бир ирет текшерилүүгө келет. Ошону менен өмүр бою көз айнектен, линзадан кутулса болот. Айрымдар ишенбей канча жылда бир жолу операция жасатып туруу керек дешет. Бул операцияны бир эле жолу жасатса өмүрүнүн акырына чейин жетет.
Кимдерге операция жасатканга болбойт?
— Операция өзү он мүнөткө эле созулса, ага чейинки изилдөө 3 саатка жакын убакытты алат. Себеби ар бир эле бейтап көрүүнү лазер менен курчутууга талапкер боло албайт. Мисалы, минустары 15ке чейин жетип кетсе лазердик курчутуу болбойт. Анткени айнек челди анчалыкка чейин жукарта албайбыз, айнек чел нормадан ашык жукарып кетсе көзгө коркунуч туулат. Аларга башка альтернатива сунуш кыла алабыз. 18 жашка чейинки балдарга жасалбайт. Себеби организм менен кошо көздүн өлчөмү өсүп отурат. Өсүү токтогондон кийин гана операция жасай алабыз. Ага чейин көз айнек тагынып жүрүү керек. Көздүн глаукома, катаракта, кератоконус сыяктуу олуттуу оорулары болсо да жасалбайт.
Операциянын баасы канча турат?
— Көздүн түзүлүшүн изилдөө 3000 сом турат. Ал эми эки көздүн операциясы 60 000 сом турат.
Анара ДҮЙШѲНАЛИЕВА