Гүлшайыр Садыбакасова: «Шеринеде ушак сүйлөбөйбүз деген катуу талап бар»

Шерине алаканын эң мыктысы болсо керек. Дасторкон жайылып, чер жазылат. Чөнтөк да толот, көңүл да толот. Шеринелештер алыскы тууган менен жакынкы кошунадан артык келип, жакшылык, жамандыктарда кашыңда болот. Дал ушундай ысык ымаладагы шеринелештер менен азыноолак маек курдук.

Гүлшайыр эже, сиздердин шерине кызыктуу өтөрүн социалдык тармактардагы баракчаларыңыздардан көрүп келебиз. Мындай кызыктуу шеринени түзүү идеясы кимге таандык?

— Негизи, шерине ойноо идеясы Расул Маматкуловдун жубайы Катя, Айчүрөк Иманалиева, Роза Аманова үчөөнүкү. Аларда улуу, орто, жаш муундардан пикирлеш, бири-бирине сөзү өтүмдүү адамдардан шерине түзөлү деген идея пайда болгон экен. Алар мага чалып: «Эжеке, сизди кошолу деп жатабыз, кандай дейсиз?»- деп айтышканынан мен макул болгом. Ошентип, чоң шеринебиздин түзүлгөнүнө төрт жыл болду. Ошондон бери бир айда бир жолудан өткөрүп келе жатабыз.

Шеринеде канча адам бар?

— Шеринебиз жалаң чыгармачыл адамдардан түзүлгөн. Башында 17 болсок, азыр төртөө ар кандай себептер менен жакшы аралаша албай жатышат. Сыймык көп учурда чет жерде болсо, Айчүрөк жумуштарынан бошобой, ал эми Роза Аманова телевидение ачкандан бери такыр бошобой калды. Лариса Асанбекова болсо саякатчы бака болуп Кыргызстанда көп турбай калды.

Кошулууну каалагандарга кандай талаптар бар?

— Бизде бир гана ушак сүйлөбөө керек деген мыйзам бар. Чогулганда бирөөнүн аброюна шек келтирип жамандамак түгүл мактабайбыз, жалаң гана өзүбүзгө тиешелүү сөздөрдү сүйлөшөбүз. Ойноп-күлүп, бийлеп, ырдап эс алып кетебиз деген принцибибиз бар. Ошентип отуруп эле 6-7 саат отурабыз деген убактыбыз он саатка уланып кетет. Өзүбүздүн арабыздан эле улам алмаштырып тамада шайлап турабыз. Биздин шеринеге кошулууну каалагандардын саны арбын. Талаптагыдай адам болсо, аркы-берки жагын карап көрүп анан тайпабызга кошобуз. Жакында дагы эки үй-бүлө биздин шеринеге кошулганы турат, алар кимдер экендиги азырынча сыр болуп турсун.

Канчадан акча чогултарыңар сыр эмеспи?

— Сыр деле эмес, жүз доллардан чогултабыз. Келбегендер сөзсүз түрдө акчасын берип жиберишет.

Чогулган акчаны жөн бербестен, ырдап тапшырасыздар го…

— Ооба, бул менин идеям. Акчанын жанына берген акчабыз шириндиктерди алып келсин деген жакшы ниет менен жети таттуу салабыз. Илгери апам отуруштарда акча же белек тапшырарда өзүнүн оюнан чыгарып кошуп ырдай берчү. Бек Борбиевдин шеринесинде акчаны ырдап берейин деген ой капыстан келди. Ошондо ырдап тапшырып койсом, ошондон кийин «ырдап тапшырбасаңыз албайбыз» деп менин ырдаганым салт болуп калды. Мен апамдай оюмдан чыгарып ырдай албайм, бирок кээде илхом келгенде биринин аркасынан экинчи куплеттер пайда болуп кетет. Азыр бул биздин гимнибизге айланып калды.

Келбей калганды же кечиккендерди кандай жаза күтөт?

— Вотсапта «шерине» деген тайпабыз бар. Ошол жерден дайым сүйлөшүп турабыз. Эгерде бирөөнүн зарыл жумуштары болсо алдын ала айтат, биз уруксат беребиз. Эгерде кечигип келсе ырдап, бийлеп же болбосо анекдот айтып берүүсү керек.

Шерине тосууда кандай эрежелер бар?

— Шеринени ар ким ар кайсы жерде тосот. Кээси үйдө өткөрсө, кафе, чайканаларда деле өткөргөндөр бар. Шерине үчүн Оштон Бишкекке же борбордон Ошко деле барабыз. Жакында Райхан шеринесин Ысык-Көлдө өткөрүүнү пландап жатат. Шерине тоскон адам эмне жасаса ошону жейбиз.