Гүлзаана: «Жок дегенде кичүү кызымдын көзүн сактап калсам дейм»

Бул үй-бүлөдө бир эмес, үч майып жашайт. Гүлзаананын азыркы максаты –
кичүү кызынын көзүнө чет жерден операция жасатып, оорунун экинчи көзүнө
өтүүсүнөн сактап калуу. Буга өз абалы туура келбегендиктен, элден жардам
сурап кайрылат.

“Көз оорусу бизге атабыздан өткөн”

— Менин түбүм Оштон болгону менен учурда Бишкек шаарында жашайм.
Өзүм эки кыз, бир уулдун апасымын. Жашым 30да. Тубаса катаракта оорусу
менен жабыр тарткандыктан, биринчи топтогу майыпмын, тактап айтканда,
эки көзүм тең бир аздан эле көрөт, толук ачылбайт. Бул оору мага атамдан
өткөн. Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, экөөбүз көз оорусу менен ооруйбуз,
жалгыз инимдин гана дени сак. Тубаса оору болгондуктан канча дарыласаң
да жыйынтык чыкпайт экен да. Ошондой болсо да атамдын көзү тирүү
кезинде дарыланып турчубуз, андан кийин бизди эч ким караган жок.
Жалгыз апамдын тапканы көзүбүздү дарылатканга эмес, тамак-ашыбызга
араң жетчү. Кээде үйүбүздө нан да жок болуп калган күндөр болгон.
Ошондуктан апам “жок дегенде ток жүрсүн” деген ой менен бизди Жалал-
Абаддагы жатак мектепке берген. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку билим
алууга шарт болгон жок.

“Биринчи кайын журтум мени түшүнсө, экинчиси түшүнбөдү”

— Мен «өзүм майып болсом, мени ким алмак эле…» деп ойлочумун. Бирок
абалыңа деле карабай жашооңдо түгөйүңдү таап жашасаң болот экен. Мен
муну өзүмө окшош адамдарга аралашканда түшүндүм. Тааныш эжелер
аркылуу болочок жолдошум менен таанышып, биринчи жолу таластык
жигитке турмушка чыккам. Жолдошум менден он жашка улуу, алты саны
аман адам болчу. Кайын журтум дагы мени кемсинткен эмес, аябай жакшы
кабыл алышкан. Абалымды, жаштыгымды түшүнүү менен кабыл алып,
билбегенимди үйрөтүшчү. Баары эле жакшы болчу, жолдошум экөөбүз бир
кыздуу болгондо бир досу «мусулманчылыкта эки аял алсаң болот» деп
көндүрүп жатып бирөөнү таап берип коюп, экөөбүздүн тынч жашообузду
бузган. Үч жылдан кийин аялдардын борборлору аркылуу экинчи жолдошум
менен таанышып, экинчи жолу бактым үчүн күрөшүүнү чечтим. Тилекке
каршы, экинчи турмушумдан тапкан туугандарым, ата-энем мени кабыл
алышкан жок. Ошентсе да бактым үчүн жети жыл күрөштүм. Акырында
чыдабай жолдошум менен тынч отуруп сүйлөшүп, эки ажырым жолго кеттик.
Биринчи турмушумдагыдай мени түшүнгөн, жакшы кайын журтка туш болом
деп ойлосом керек да. Экинчи турмушумдан бир уул, бир кызым бар.

“Кичүү кызымдын көзү көрүп кетүүсү мүмкүн экен”

— Азыр 12 жаштагы улуу кызымдын да көзү көрбөйт, ал атайын көзү
көрбөгөндөрдүн мектебинде окуйт. Ортончу уулум 7 жашта, анын ден
соолугу чың. Ал эми кичүү кызым 3 жашта, учурда ушул кызымдын көзүнө
операция жасоо керек болуп жатат. Көзү агарганынан былтыр доктурга
көрсөтсөм, башы же көзү менен бир нерсеге катуу тийген, агы экинчи
көзүнө өтүп кете электе операция жасатуу керек дешкен. Жок дегенде чала
көрүп турсун деп операция үчүн бир кайрымдуулук фондго жардам сурап
кайралган элем. Алар үйгө келип бизди тартып кетишкен. Ошолордон үмүт
кылып олтурасам, мага чогулган акчаны бербей, улам бири-бирине жиберип
жатып алдап кетишкен. Ошентип чет жакка операцияга барбай калганбыз.
Быйыл болсо кызымды мамлекет тарабынан берилген квотанын негизинде
алып барууга мүмкүнчүлүк келип жатат. Операция бекер болгону менен
менин жол кире, котормочу, жатакана, тамак-ашыма беш миң доллардай
каражат керек экен. Октябрь айында кетишибиз керек. Ушул мүмкүнчүлүктү
колдон чыгаргым келбейт. Иним азыр жол киреме акча таап жатат. Өзүбүз
үчөөбүзгө берилген жөлөк пулдун акчасы менен күн көрөбүз. Кудайга шүгүр,
азык-түлүгүбүзгө жетет. Кышкысын эле коммуналдык кызматтарга көп акча
кетип калат. Балдарымдын аталары жардам беришпейт, келишпейт дагы.
Үч жылдан бери атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилген
батирлердин биринде үч балам менен жашайм. Элден башка жардам берчү
адам таппай турам.
Элсом: 0705 16 47 87
Банктык эсеп: KiCВ 1280016017446471

Айгерим Токтобай кызы