Жалкоолук ар бир адамга жакындан тааныш. Андан арылуунун жолун издеп колубуздан келген амалды жасайбыз, бирок көп учурда ага жеңилип беребиз. Жалкоолуктан арылуунун жолдорун белгилүү тренер Талант Мурзаев айтып берди.

 

Бир күндүк пландын, максаттын жоктугу
Адамда эртеңки күнүнө планы жок болсо, кыла турган иши чаржайыт болсо жалкоолук пайда болот. Мындай учурда өзүнө ыңгайлуу болгон смартфонду тиктейт, убакыттан уттурат. “Түштөн кийин кылайын, кечке маал барайын”, такыр болбой калса “эртең деле жетишем” деген шылтоолор максаты жок адамда гана болот.

Кантип арылуу керек? Күн сайын кечинде күн бою кылган ишиңизди (кичинекей болсо да) мээңизге тизмелеп чыгыңыз. “Бүгүн эмне жумуштарды бүтүрдүм?” деген суроого жооп табылат. Ошол эле учурда жатарда эртең эмне жумуш бүтүрөрүңүздү санап чыгыңыз. Мисалы, “саат ондо бирөөгө жолугам”, “он экиде балдардын жыйналышына барам” деген сыяктуу так милдеттер алдыңызда турганы оң. Ойгонгондо кечинде койгон пландарды дагы бир ирет ичиңизден эстеп санап койгонуңуз он. Ошондо мээге кыла турган жумуштардын тизмеси сигнал аркылуу жеткенден кийин ал денени башкарат, ошого жараша күчтү бөлүштүрөт.

 

Энергиянын аздыгы же жоктугу
Адамдын физикалык, психологиялык жактан энергиясы аз болсо бул да жалкоолукка бир себеп. Телефонду кубаттандырган сыяктуу эле адам өзүн-өзү маал-маалы менен кубаттандырып туруусу керек.

Ал үчүн: Ойгонгондо дароо сырттан таза аба жутканга аракет кылыңыз. 5-10 мүнөт таза аба жутканда мээге кычкылтек барып, ал денени башкарат. Мээни дагы жакшыртуу үчүн 5-10 мүнөт китеп окуса жакшы жардам берет. Ал эми 2-3 мүнөт жеңил көнүгүү жасаганда денеде зат алмашуу процесси башталат. Түнү бою организм кургап калгандыктан ойгонгондо 1-2 стакан суу ичүү зарыл. Суу — энергиянын булагы.

 

Планды, максатты  тактык менен түзүү
Көп адамдар колунан келбеген, кереги жок пландарды алдына коюп алат. Жалпы жонунан “бутка туруш керек” же “ден соолукту оңдош керек эле” деген божомолдуу пландар жалкоолукка жол ачат. Түшүнүксүз пландар –түшүнүксүз кыймылдарга алып келет. Адам ары-бери урунуп “бутуна тура албагандан кийин” депрессияга түшөт.

Так планды кантип түзүү керек? Так план коюш үчүн биринчи өзүңүздү тааныңыз, эмне каалап атканыңызды, муктаждыктарыңызды аныктоо керек. Ал үчүн ички үнүңүздү укканды үйрөнүңүз. Сизди өстүрүп аткан кандай жакшы сапаттарыңыз бар экенин, ошол эле учурда кандай адаттарыңыз артка тартып турат тизмелеп чыгыңыз. Жаман адаттардан арылып, жакшы сапаттарды көбөйтсөңүз жалкоолуктан арыла аласыз.

 

8 сааттык уйку миф
Жалкоолуктун дагы бир себеби — уйку. Адамдын уйкусу 8 сааттан кем болсо иш жөндөмдүүлүгү төмөндөйт деген жалкоолукка жол ача турган шылтоолордун бири. Эгер адам кааласа 5-6 саат уктап деле иш кылса болот.

Уйкуну кантип жөнгө салуу керек? Эртең менен эрте турууга бир гана себеп бар – алдыда максат болуш керек. Айрым адамдар түнкүсүн жакшы иштейт. Мындай учурда күн менен түндү алмаштырып, шартка жараша иш кылган оң. Кээ бир адамдар түнкү саат бирде жатып: “Эртең жумуш, эми уйкум канбаган бойдон саат 6да турушум керек” деген ой менен жатышат. Мээге бул сигнал жеткенден кийин уйку чындап канбайт. Бул жерде уйкунун көлөмү эмес, жатарда мээге кандай маалымат берип уктаган маанилүү. Ал эми түн жарымына чейин телефон кармап социалдык тармакта отурган адамдар бул адатынан акырындык менен арылган оң. Мисалы, саат он бирден кийин телефонду кармабай, социалдык тармактарга күндүз, кечинде  20-30 мүнөт убакыт бөлүп чектөө киргизсеңиз болот.

 

Жумуштун баарын дем алыш күнгө калтыруу
Бул өзгөчө аялзатына мүнөздүү. 6 күн дем албай иштейт, 7-күнү үйдөгү жумуштар менен жаны тынбайт. Жыйынтыгында физикалык жактан энергиясы түгөнүп, жаңы иш күнүнө чарчаңкы абалда барат.

Убакытты кантип туура бөлүштүрүү керек? Аты айтып тургандай эле дем алыш күндү дем алганга, энергия топтогонго сактап коюңуз. “Үй жумуштарын эс алуу күнү бүтүрөм” деген калыптанып калган ойдон арылыңыз. Ал үчүн күндө жумуштан келгенде аз-аздан үй иштерин жасаганды үйрөнүңүз. Бир күнү кир жуусаңыз, экинчи күнү үй жыйнап өзүңүзгө ылайык программа түзүп алыңыз. Ал эми эс алуу күндү балдар менен сейилдеп, конокко барып же жаратылыштын койнуна чыгып өткөргөнүңүз сизге жакшы кубат тартуулайт.

Анара Дүйшөналиева