Тирүүчүлүк жаңылыктар менен жакшы-жаман сыноолорго абдан бай. Андан калса азыр маалыматтар дайрадай аккан замандабыз. Бирѳѳнүн тагдырын талкуулоого эч кимдин акысы жок, бирок сабак алып, тарбиялануу эч кимге ашыктык кылбайт.

Кайненемдин “каприздери” кууратты

Эки жылдан бери кайненемдин кордугу жаныма батты. Жолдошум экөөбүз 20 чакты гана жакын адамдарыбыздын арасында чакан той кылып баш кошконбуз. Калың, сеп, кийит, сарпай, союш дегендин бирѳѳ да болгон эмес. Жолдошума кыз намысым, таза абийирим менен тийсем да үйдүн босогосун аттаарым менен кайненемдин «канча айлык болуп келдиң? Сени боозуп калыптыр деп гана макул болдум. Болбосо, балама алып бербейт болчумун…” деген заардуу кебин угуп шагым сынды. Ушинтип башталган кайненемдин кылыктары тынымсыз уланып келет. «Бир тамакты экинчи жолу кайталап жасаба. Эртең менен жеңил тамак болсун,түшкү саат бирден калбай түштѳнүшүбүз керек. Саат 16:00гө чай менен таттууларды жаса. Кечки тамак алтыдан кечиксе жебейм» дейт. Кудайга шүгүр, оокатка тың элемин, интернетти казып изденип отуруп кайненемдин талаптарын камчы салдырбай аткарып кеттим. Тилекке каршы ошондо да ага такыр жакпадым. Бүгүнкү күнгө чейин тамак бышырып жатканымда мени атайын бир нерсеге жумшап туруп тамагымдын тузун өткөрүп жиберет же башкасын кылат. Дасторконго отурганда тамакка сын айтып жебей туруп кетет. Орозо учурунда «ооз жапканга манты түй. Ысытылган тамак жебейм» деди. Эки айлык кызым менен түнү менен тамак жасап, ооз жапкандан кийин гана жатчумун. Буга да ыраазы болбой эртеси «уктайт» деп сүйлөнѳт. Жазылбаган дагы далай кылыгы бар. Жолдошумдун жалгыз уул экенин түшүнүп баарына чыдап келдим. Энеси экѳѳбүздүн ортобузда жолдошум да чайналып бүттү. Ага да оңой эмес. Айлам кетип азыр жолдошумду бѳлүнүп жашоого кѳндүрүп жатам. Бул кадамым туурабы? Бирде күйѳѳмдү деле кыйнабай биротоло эле ажырашып кетсемби деп ойлойм. Кайсы кадамга барсам кийин ѳкүнбѳйм?

Пикир калтырыңыз

Please enter your comment!
Please enter your name here