Каныкей: «Оор күндөрдү башымдан өткөрбөсөм, таттуу күндөрдүн баркын билмек эмесмин»

Өзгөчө стили, чыгармалары менен шоу-бизнесте бул ырчы айым жаңылык жасай алды десем жаңылышпайм. Анын чыгармаларындагы табышмактуулук, сырдуулук кимди болбосун ойлондурат. Жеке жашоосун унутта калтырбаган ырчы бир нече жыл мурда турмуш куруп, уул-кызга эне болгон. Азыркы тапта чыгармачылыкка экинчи дем менен кайтып келген Каныкей рубрикабыздын коногу.

Каныкей, маегибизди акыркы жаңылыгыңыздан баштасак. Музыкалык студия ачыптырсыз?

— Өзүмдүн музыкалык эки билимим бар болгондуктан, билимимди башкалар менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Турмуш куруп, 2015-жылдан бери балдар менен үйдөмүн да. Чыгармачылыгымды жандантып ырдап чыгайын десем үй-бүлөм каралбай калчудай. Бир жолу чет өлкөгө эки-үч күнгө иш сапарым менен кеткем. Келсем жолдошум акырегин сындырып алыптыр. Муну мен белги катары кабыл алдым. Бир жагынан ырдагым да келип жатты. Ал ортодо экинчи ирет боюмда болуп калды. Негизи, пландаган эмеспиз, бирок Кудай берип жаткан соң кубандым. Ичимден “уул берип кубанттың, эми кыз берсең миң мертебе ыраазы болот элем” деп тилек кылгандан көп өтпөй кыздуу болдук. Кызым чоңоюп калгандан кийин алгач мамлекеттик музыкалык окуу жайларга бардым. Ал жактан мага “эки эмес, беш дипломуң бар болсун, жылдыз болсоң өзүңө” дегендей мамиле кылышты. Бир жагынан айлыгы да аз экен. Демим сууп отуруп калдым. Элнура Осмоналиева деген режиссёр айым менен тааныштыгым бар эле. Ал “Билимкана” деген мектеби тууралуу айтып баштаганда, мен музыкадан сабак бергим келерин айттым. Ошол замат ал мага вокалыңыз күчтүү, сабак берип иштеңиз деп ушул мектептин алкагында студия ачып берди.

Балдарыңыз азыр деле кичирээк экен. Ким каралашып жатат?

— Апам дайыма жанымда. Балдарыма каралашат, үй тиричилигиме жардам берет. Бала багуучу алганга шартыбыз деле бар, бирок бөтөн адамдын үйүбүздө жүрүүсүн каалабайм деле. Уулум 4 жашта, кызым жаңы бирге чыкты. Мен үй-бүлөмдү, балдарымды башкалардын карамагына таштап, чыгармачылыгымды беттеп кете албайт экенмин. Баласаак окшойм деп калдым. Жумушка келгенде үйгө жеткенче шашам. Кызымды дагы деле эмизем.

Эне болуу сезимин кандай сүрөттөп бере аласыз?

— Мен эки балалуу болгондон кийин дүйнө жүзүндө сени чын жүрөгүнөн жакшы көргөн адам бала гана болорун түшүндүм. Бала сени Кудайындай көрөт экен. Бирок ошого жараша түйшүгү да көп. Түн уйкуну бөлүп эмизгениң, ооруса азабын тартканың эле канча мээнет. Кээде чарчаганда “апа, чарчадым” десем “мен да сени ошентип баккам” дейт. Эне болуу өтө чоң мээнет экенин түшүндүм. Мурда бойдок кезимде мен үчүн бардык нерсе идеалдуу болуш керек болчу. Бирөөнүн баласы ыйлап жатса “эмне ыйлатып жатышат?” деп жаман көрчүмүн. Балалуу болгондон кийин айрым көз караштарымдан, принциптеримден чегиндим. Мурда мен жаңы чыгып келатканда ырчы айымдар, мырзалар жылдыз болуп туруп үй-бүлө курганда эле жок болуп кетишсе таң калчумун. Кайда кетишти, эмнеге чыкпай калды деп ойлочумун. Көрсө, үй-бүлөлүү болгондон кийин көп убактың, эмгегиң үй-бүлөгө жумшалат экен.

Эл көзүндө болгондон кийин көп жигит чуркаса керек эле. Жолдошуңуз кантип жүрөгүңүздү багындырды?

— Ооба, сунуш айткан көп адам болду. Бирок мен Медерди татыктуу деп таптым. Экөөбүз мурда телефондон таанышып калганбыз. Номерлерибиз окшош болчу. Чалышып жүрүп, кийин экөөбүз тең 27 жашка чыкканда Америкадан жолугуп калдык. Мен чыгармачылыгыма байланышкан иш сапар менен барсам, Медер ал жакта иштечү экен. Тагдыр болсо керек. Карасам, Бишкек шаарынан эки үй алып коюптур. Мен ал кезде күнү-түнү ырдап жүрүп бир бөлмөлүү үйгө араң жеткем. Атасынын чөнтөгүнөн үй алгыдай байдын баласы эмес. Мен башынан эле даяр оокатка тап адамды жактырбайм. Ичимден ушул сапатын баалап, “бул азыртадан ушундай болсо, келечекте мени кор кылбай багып алат экен” дедим. Колу ачык, март сапатын билем. Экөөбүз жолукканда үйлөнүшүм керек деп калды. Тамаша иретинде “ай, мени эле алып ал” деп күлдүм. Мени жакшы көрөрүн башында эле сезчүмүн. Кудайга шүгүр, жаңылбаптырмын. Жолдошум мага эле эмес, балдарына да камкор. Уулумду өзү бакчага жеткирип, алып келет.

Келин болуп кызмат кылып жүргөнүңүздү элестете албай жатам…

— (Күлүп) Нарындын келинимин. Жүгүнүп учурашам. Негизи, мен айрым салттарды аябай деле жакшы билбейм. Кайын журтум мага түшүнүү менен мамиле жасады окшойт. Ичеги-карын арттырып кыйнаган жок. Барганда чай куюп, тамак жасап, кадимкидей эле кызматымды кылам. Бирок өзүмдү укмуш тың келинмин, тамакты түрлөп жасайм деп мактагандан алысмын.

Жогоруда “даяр оокатка тап адамды жактырбайм” дебедиңизби. Бул өзүңүз бала чагыңызда кыйын күндөрдү өткөргөндөн улам болсо керек?

— Мен бүгүнкү ийгилигиме Кудайдын жардамы менен, өз күчүм менен жеттим. Эки бир тууганмын. Учурда байкем чет өлкөдө жашайт. Эмгекке эрте быштым. Мектепте окуп жүргөн кезимде талаа иштерине чыкчумун. Сабактан чыгарым менен дароо талаага жөнөйм. Ал кезде чоң кишилер эртеден кечке бир күн бою кулпунай терип иштеп 40 сом алса, мен планды жарым күндө толтуруп ошол акчаны алчумун. Колум, ийиним, бутум талыганына карабай чакамды толтурганга аракет кылчумун. Ошол сезим дагы деле эсимде. Андан кийин апам акча табуу үчүн чет жакка иштегени кетти. Атам, байкем үчөөбүз калдык. Өзүм кенедей болсом да камырды суюк жууруп алып ачыта албай убара тарткан күндөрүм эсимде. Бирок ал күндөрүмө да ыраазымын. Эгер оор күн башымдан өтпөсө, азыркы таттуу учурду баалай алмак эмесмин. 2005-жылы Бишкекке келдим. Апамдын үгүтү боюнча экономика багытында билим алмай болдум. Эч кимим жок жатаканада жашап окудум. Бирок кийинки эки музыкалык билимди бюджеттик негизде, өз күчүм менен окуп бүтүргөм. Убагында менин дараметимди баалаган адамдарга ыраазымын. Болбосо, мен Токмоктон Бишкекке келгенде эч ким эмес болчумун.

Дараметиңизди продюсериңиз Мамасадык Багышев баалады да, ээ?

— Ооба, ага чексиз ыраазымын. Мени элге таанытты. Артымда байлыгым болгон ырларым калды. Экөөбүз келишим бүткөндө жакшынакай эле коштошконбуз. Ортобузда чыр-чатак болгон эмес. Мамилебиз сый бойдон калды. Азыр ал чет өлкөдө жашайт. Турмушка чыкканда куттуктап кат жазган. Андан бери байланыша элекпиз.

Стилиңиз ошол кездегиге салыштырмалуу назик болуп калыптыр…

— Чыгармачылыгым жаңы башталганда стилисттер менен иштештим. Менин жана командамдын тандоосу менен кара түстөргө басым жасадык. Ал кезде, балким, курч мүнөзүмө байланыштуу стилим да ошондой болсо керек. Андан бери жылдар өттү, мезгил алмашты. Азыр эми андай образ менен жүргөндү туура көргөн жокмун. Негизи эле өзүм жашоодо боёкко көп жокмун. Ашыкча боёк колдонбойм. Күнүмдүк жашоодо азыр сиз кандай көрүп турсаңыз, ошондой эле жөнөкөй жүрөм. Сахнага чыкканда гана макияж жасатуу үчүн салондорго баш багам.

Азыр деле тойлорго чакыруу алып турасызбы?

— Ооба, тойлорго чакыруу болсо барып калам. Баса белгилеп кетейин, дайыма жандуу үн менен ырдайм. Фонограмма менен ырдоо бул – өзүңдү жана элди алдоо деп түшүнөм. Кээде Медер “мен бир айда тапкан акчаны сен үч саатта таап келесиң” деп күлүп калат. Бирок көп учурда балдарымдын жанында болгонго аракет кылам. Мен үчүн үй-бүлөнүн, төрт кишиден турган командамдын биримдиги маанилүү.

🖊️ — Анара Дүйшөналиева