Коон жана дарбыз: кайсынысы пайдалуу?

Август, сентябрь айлары – организмди шлактардан тазалоого, витаминдерге каныктырууга, иммунитетти көтөрүүгө жана оңой арыктоого ылайыктуу сонун мезгил. Ал үчүн сизге мезгилдин актуалдуу жемиштери болгон коон менен дарбыз жардам берет.

Коон

Шлактарды айдап чыгат
Коон ичегилерди ашыкча “таштандылардан” тазалоого жардам берет. Коондо көп өлчөмдөгү пектин заты бар. Бул болсо ичегинин кычык-кучугундагы туруп калган шлактарды да алып чыгууга жөндөмдүү. Коонду айрыкча пайдасыз: фаст-фуд, чипсы, шоколад жана башка ичти катыра турган тамактарды сүйүүчүлөр көбүрөөк жеш керек.
Ичегини тазалоочу коон диетасы: 1-3 күн коонго “отуруш” керек. Күн бою бирдей сааттар аралыгында коон гана жеп турасыз. Болгону, суу же ромашка чайын ичсеңиз болот. Күн бою жеген коонуңуздун жалпы көлөмү 1,5 килограммдан ашпасын.

Жаштыкты узартат
Коондун курамындагы Е, С, В тобунун витаминдери теринин, чачтын, тырмактын түзүлүшүн жакшыртат. Ошондой эле бырыштардын алдын алат.

Аялдардын ден соолугун бекемдейт
Курамында фолий кислотасы жана В тобунун витаминдери көп болгону үчүн коон өзгөчө аялдардын ден соолугу үчүн жакшы. Ал организмди ар кандай гинекологиялык оорулардан коргойт. Мындан тышкары боюна бүтүрүүнү пландап жаткандар үчүн коон абдан пайдалуу. Коондун курамындагы пайдалуу заттар гормоналдык фонду тегиздеп, аялдын организминде түйүлдүктүн пайда болушу үчүн бардык ыңгайлуу шартты түзүп берет.

Беттин түсүн жакшыртат
Коон заара жана өт суюктугун айдоочу жеңил каражат болуп эсептелинет. Эгерде сизди шишик кыйнаса же өтүңүздө көйгөй болсо, күнүнө 1-2 жолудан коон жеп туруңуз. Көп өтпөй бетиңиздеги шишиктер тарап, түсү жакшырып калганын байкайсыз.

Тактар жана безеткилер менен күрөшөт
Эгерде сизди бетиңизге чыккан безеткилер, андагы тактар ойлондурса, жумасына 2-3 жолу коон маскасын жасаңыз. Ал үчүн эзилген жумшак коонду бетиңизге шыбап 15 мүнөт жатып, андан кийин муздак суу менен жууп саласыз.

Дарбыз

Бөйрөктөгү кумдарды чыгарат

Бөйрөктөгү таштын пайда болушунун алдын алуу үчүн көбүрөөк дарбыз жеп турууну адистер сунуш кылышат. Анткени дарбыз эң мыкты заара кубалоочу каражат болуп саналып, бөйрөктөгү кумдарды сыртка чыгарып турат.

Арыктоого жардам берет

5 күндүк дарбыз диетасы 3-5 килограмм ашыкча салмактан арылтат. Дарбыз диетасынын түрлөрү көп. Алардын бири: ар бир он килограммдык салмагыңызга бир килограмм дарбыз туура келет. Мисалы, 60 кг болсоңуз, сиздин бир күндүк нормаңыз – 6 кг дарбыз. Бирок дарбыздан башка эч нерсе жебешиңиз керек. Суусундуктан жөнөкөй суу менен чөп чайларды ичсеңиз болот. Эскерте кетчү нерсе, бул диетаны 5 күндөн ашык кармоого тыюу салынат.

Ичегилердин ишин жөнгө салат

Ичегисинде көйгөйү бар адамдарга дарбыз жакшы жардам берет. Мисалы, өнөкөт ич катуудан дарбыз диетасы менен айыксаңыз болот.

Беттин түсүн жакшыртат

Дарбыз заара жана өт суюктугун айдоочу мыкты каражат. Эгерде кечки тамакты дарбыз менен эле чектесеңиз, эртең менен жүзүңүздүн жагымдуу болуп калганын күзгүдөн көрөсүз.

Энергия берет

Дарбыз маанайды көтөрөт. Анткени анын курамында “бакыт гормону” болгон серотониндин иштелип чыгышына жардам берүүчү заттар камтылган. Андыктан дарбыз стресс жана өнөкөт чарчоодон жабыркап жүргөн адамдар үчүн өтө пайдалуу.

Туура ТАНДОО
Күн сайын дарбыз менен коон сатып алып жатсак да, “кантип туура тандоо керек?” деген суроо актуалдуулугун жоготпойт.

Жакшы дарбыз кандай болот?
■ Көлөмүнө кызыкпаңыз. Чоң көлөмдүү дарбызды жакшы десеңиз жаңылышасыз. Адатта андай дарбыздарда нитрат көп болот.
■ Кабыгына чейин жебеңиз. Анткени нитрат дал ошол ак жагында көп болот.
■ Чертип көрүңүз. Дарбыз сатып алууда чертип көрүш керек экенин баарыбыз билебиз. Бирок кандай үн чыкканда жакшы дарбыз болорун биле бербейбиз. Бышкан дарбыздан катуу, шыңгыраган үн чыгууга тийиш.
■ Дарбыздагы сары так анын жерге тийип тургандагы орду. Ал жерге күн тийбегендиктен так пайда болуп калат. Мына ошол так канчалык сары болсо, сиз тандаган дарбыз ошончолук ширин болот.
■ Ал эми дарбыздын сырткы көрүнүшү кандай болуш керек? Сызыктары, ала-була сүрөтү даана, сырты жалтырак, катуу болууга тийиш.
■ Эгерде “куйругу” кургак болсо бышкан дарбыз болот деп ойлойбуз. Бирок буга жүз пайыз ишенүүгө болбойт. Анткени үзүлгөнүнө үч күн болгондон кийин кандай гана дарбыз болбосун “куйругу” кургап калат.
■ Дарбызды сатып алган жериңиз күндүн нуру түз тийбегендей үстү жабык, асты тактайлар менен 20 см бийик көтөрүлгөн жай болууга тийиш. Асфальтта турган дарбыздар катуу металлды өзүнө тартып алууга жөндөмдүү болот.
Жакшы коон кандай болот?
■ Коондун куйругу кургак, жоон болууга тийиш. Эгерде жашыл болсо бул коондун быша электигинин белгиси.
■ Коондун уч жагы басканда бир аз жумшак болууга тийиш. Эгерде өтө жумшак болсо – бышып өтүп кеткен болот, катуу болсо – али быша элек болот.
■ Дарбыздан айырмаланып коонду черткенде үнү жаңырып чыкпайт. Эгерде шаңгырап катуу үн чыкса – анда коон быша элек болот.
■ Коон тандоонун эң оңой жолу – жыттап көрүп алуу. Эгерде буркураган жыпар жыты жок болсо – анда коон быша элек болот.

Айназик Раимкулова