«Урррааа! Мен бүгүн жаштарды «Жар-жар» ырын ырдап тосуп алам! Бизде эми командада тамадалардан тышкары ырчы жигит-кыздар да, бийчилер да, комузчулар да, ал тургай жар-жарчы да бар! "Жар-жарды" айтып калышыма себепчи болгон адамдардын баарына ыраазычылык билдирем.

 

- Нурзат, тойлордо «Жар-жар» айтып жатыптырсың, бул ачылбай жаткан талантың беле же каражат табуунун дагы бир жолубу?

- Тойлордо менин «Жар-жар» айтуум муктаждыктан улам жаралды десем болот. Анткени дайыма той алып барам, тойго «Жар-жар» айта турган ырчы кээде кечигип калса, кээде той ээлери ырдай турган ырчы таппай калышат же болбосо бюджети туура келбей калат. Ошолордун баарын көрүп олтуруп, той ээлерин кыжалат кылбай «Жар-жар» ырын жаздырып коёюн деп чечкем. Анан элдер аткарып жүргөн кадимки эле «Жар-жардын» обонун алып Эрнис Жоошевге жаңы аранжировка, акын Бердибек Жамгырчиевге сөз жаздырып, ырдап жаздырып койдум. Элге аябай жаңылык болду, жакшы кабыл алып жатышат.

- Өзүңдүн ырдаганга каалооң бар беле?

Быйылкы тойлордон тапкан кирешеңизди эмнеге жумшадыңыз?

Учурда кафе-ресторан, тамада, ырчылардын күнү тууп, ити чөп жеп аткан убак. Анткени байкоочулардын айтымына караганда, той бергендердин саны быйыл жылдагыдан бир топ эле арбын экен. Андан улам “тойдо ырдап аткан ырчылар акчасын эмнеге сарптап атат?” деген суроо ар бир адамды кызыктырбай койбойт.

Мунира Бакирова: “Кызым 5 жылдан бери курсагы аркылуу заңдайт”

Учурда ар түрдүү ооруга чалдыгып, элден жардам сураганга аргасыз болгон жарандарыбыз көбөйүүдө. Алардын бири Мунира Бакированын кызы Айша 6 айында операция болгон, ошондон бери курсагы менен бошонуп келет. Анда калган сөздү апасы уласын.

 

Кыргыз Эл акыны Нинакан ЖҮНДҮБАЕВАнын кызы Алымкан МАНСУРОВА: “Ата-энебиз бизди балдар үйүндөгү тартип менен тарбиялашты”

Быйыл кыргыз Эл акыны Нинакан Жүндүбаеванын туулгандыгына 100 жыл толуп олтурат. Ал 1917-жылы күз айында Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Үкөк айлында туулган. Таланттуу акындын 19 китеби жарык көрүп, көптөгөн ырларына обондор чыккан.

Өлүмдөн башканын баарына даба болгон мусулман дарылары

Оорунун көп түрдүүлүгүнөн алардан айыгуу - учурдун эң көйгөйлүү темаларынын бири. Ага жараша баш айланткан дарылар чыгып, тилекке каршы, арасында эч кандай таасирин тийгизбегендери да жок эмес. Бирок мечиттердин айланасында сатылган табигый дарылардын көп ооруларга даба экендиги айтылып келет.

Мектеп сумкасы жана аны туура тандоо

Балдарына мектеп сумкасын сатып берүүдө ата-энелер көп учурда сумканын ичиндеги бөлүктөрүнүн, чөнтөктөрүнүн көптүгүнө, тигилген материалынын сапатына, тигиштеринин бышыктыгына, сырткы көрүнүшүнө жана акчасына карашат. Албетте, булардын баары маанилүү, бирок баланын ден соолугуна башка нерселери таасир этет.

 

Замандын кирешелүү кесиптери

Мурда мектепти аяктаган кыздар сот, адвокат, экономисттик кесипке ээ болом деп кыялданышса, азыр мезгилдин талабына ылайык сулуулук жаатындагы кесиптерге суроо-талап жогору экен. Анткени ал кирешелүү да кесип болуп саналат. Муну кесипкөй кыздар өздөрү тастыкташат.

 

«Аlan» фотомозаика студиясынын директору Ляззат: «Унаабызды сатып, студия ачканбыз»

Учурда көпчүлүк жаштар арасында сүрөттөрдөн куралган мозаика белекке берүү салтка айланып бараткандай. Аны ким, кантип жасайт деген кызыгуу сизде да жаралбай койбосо керек. Дал ушул кооздукту тартуулаган фотомозаика студиясынын директору Ляззатты суроолоруңуздарга жооп алып берүү максатында кепке тарттык.

Үй-бүлөлүк чыр-чатактын да өз эрежелери болот

1. – Урушка ылайыктуу убакытты жана жайды тандап алыңыз. Эч качан балдардын, тууган-уруктун, башка адамдардын көзүнчө урушпаңыздар. Бир гана экөөңүздөргө тиешелүү маселелерди башкалардын билишинин кажети жок.

Ажырашуунун келип чыгуу себеби эмнеде?

Убакыт өткөн сайын «ажырашып кетиптир» деген кеп жаңылык деле болбой баратат. Жаңылык болбогону менен бул эртеңки күн үчүн чоң трагедия экени кандай кейиштүү. Ата-энелердин бул кадамынан улам канчалаган балдар мээрим көрбөй өсүп жатышат. Бул каргашанын себеби эмнеде? Алардын айрымдарын жашоодо кездешкен мисалдар аркылуу бердик.

 

Гүлбарчын: «Күйөөңөрдүн экинчи аял алуусуна эч качан жол бербегиле»

Экинчи аял – эч ким жактырбаган аял. Аялдын үстүнө келген аял үчүн көп нерсе түшүнүктүү, чыдоого мүмкүн абалда болсо керек. Ал эми күйөөсү өзүнөн башка аял менен катар жашарын билүү биринчи аял үчүн абдан оор. Койнунда жаткан жалгыз адамын башка менен бөлүшүү аялдын жашын соолутуп, жаштыгын курутат. Мунун турмуштагы мисалы бүгүнкү каарманыбыз Гүлбарчын болуп отурат.

Мүнөзүңүз төрөлгөн айдан көз каранды экенин билесизби?

Астрологдор сиз төрөлгөн ай сиздин жашооңузда чоң роль ойнорун айтышат. Андан улам сиздин кандай адам экениңизди, эмнеге кызыгарыңызды, кайсы кесип ылайыктуу экендигин, кандай кожойке болоруңузду аныктап койсо болот экен. Анда өзүңүздүн жаман-жакшы жактарыңызды билүүгө даярсызбы?

 

ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: «Өмүрүмдү басма сөз менен карытыпмын»

1993-жылдан бери 7-ноябрь Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. Анткени 1924-жылы дал ушул 7-ноябрь күнү ошол кездеги «Эркин Тоо», азыркы «Кыргыз Туусу» гезити алгачкы жолу басылма катары жарыкка чыккан. Бүгүнкү күндө жеке менчик гезиттердин да саны өсүп, Кыргызстанда бир нече гезит жарыкка чыгып келет.

Акмөөр: “КАТАР-КАТАР КЫЗ ТӨРӨГӨНҮМ ҮЧҮН КҮЙӨӨМ ТАШТАП КЕТТИ”

Кыз береби, уул береби же такыр бербей коёбу, аны Кудай өзү билет. Эгер кыз же эркек бала төрөө аялзатынын колунда болгондо күйөөсүнүн каалаган баласын төрөп берип кулагы тынч жашабайт беле? Бүгүнкү каарманым Акмөөрдү катар-катар 4 кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү таштап кеткен. Анда сөз башынан болсун.

 

Страницы