Учурда кимдин кайда жүргөнү тууралуу толук маалыматты алардын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу эле билип алса болот. Аалам төрдү кеңири колдонгон ырчылардын арасынан жаңылыктарга байы - Самара Каримова. Күн сайын тойлордо кызмат кылып: бир күнү карасаң Орусияда болсо, бир күнү Бишкекте. Акыркы жолу Өзбекстан, Тажикстанды кыдырып, чыгармачылык сапардан жаны тынбаган ырчы менен маек курдук.

– Самара, Өзбекстан жана Тажикстанга барып келиптирсиң, сапарыңар кандай болду?

– Аталган эки өлкө менен биздин өлкөнүн алакалары жакшы болуп, анын негизинде иш сапары менен бардык. Оштун мэри баштаган 60тан ашык адам, 7-8 маданият кызматкерлери бардык эле, жылуу кабыл алышты. Бул убакка чейин да вице-премьер-министр менен барып келгем, андыктан Өзбекстанга экинчи жолу барышым болду. Ырдап талантымды тартууладым, абдан баалашты. Мени Өзбекстанда тааныбайт болушу керек деп ойлогом, таанышат экен. Ал жакта кыргыздар көп турбайбы. «Каримов тирүү болгондо келсең, мындан да жакшы болмок, фамилияларыңар окшош экен», - дешип тамашалап калышты. Буюрса, Өзбекстанда концертимди өткөрүп беребиз дешти. Кыскасы, аталган эки өлкөгө жол ачылды. Дароо эле тойго чакыруу болуп, Тажикстанга тойго да барып келдим.

– Сүрөттөрүңө караганда Кыргызстанда деле күндө тойго барат окшойсуң?

Балалыгы ийгиликсиз өткөн улуу инсандар

Дүйнө жүзүнө таанымал атактуулар, бизге эң акылдуу сезилгени менен алардын балалыгы биз ойлогондой болгон эмес. Жаш кезинде кыйынчылыкка дуушар болуп, кийин белгилүү болуп кеткен инсандар кимдер? Алардын ийгиликке жетишине ким, эмне себепкер болгонун төмөнкү макаладан окуй аласыздар.

 

Жаш күйөөгө тийген аял жашарабы?

 «Сүйүү жаш-карыга карабайт» деген сөз бар. Бул сөздүн чындыгын турмуштан кезиктирип да жүрөбүз. Эгер аялы күйөөсүнөн улуу болгондо кандай нике болот?

 

Оң жагы:

АЗЕРБАЙЖАН ашканасы

Довга

Кандай азыктар керек?

Кой эти: 300 г

Пияз: 1 баш

Нокот: 2 чоң кашык

Күрүч: 100 г

Айран: 800 г

Ун: 2 чай кашык

Аскат СУЛАЙМАНОВдун аялы Мээрим: «Аскатты күйөрманы катары абдан жакшы көрчүмүн»

Аткаруу чеберчилиги, популярдуулугу жагынан сап башында турган актёрлордун бири Аскат Сулайманов өткөн жылдын күз айында экинчи ирет турмуш баштаган. Актёрдун арзуусу болгон айым тууралуу төмөнкү макаладан маалымат аласыз.

– Аскат мырза менен алгачкы таанышуу, алгачкы жолугушуу эсиңизде чыгар?

Фатима ДҮЙШӨНАЛИЕВА: “Тез арада жасалуучу операцияма каражат керек”

Балдары үчүн түркүн сыноого чыдап келген Зинакан апа эми элдин чоң колдоосуна муктаж. Көз жашын төккөн эненин тагдыры менен таанышып, колуңуздан келсе жардам берүү үчүн кол сунуңуз.

 

“Катуу жыгылганым коркунучтуу дартка себеп болду окшойт”

Уялаштардын унутулгус жоруктары

Бир тууган – эч жерден табылбас, эч качан кыйбас кымбат жан. Жашоодогу эң сонун окуя, эң кызык жоруктар ушул уялаштар менен болот эмеспи. Аны унутууга мүмкүн эмес. Эмесе, белгилүү жылдыздардын эсте каларлык кызык окуяларын бир уядан учуп чыккан жакындары айтып беришет.

Кулак ооруларын убагында дарылабаса, дүлөйлүккө алып келет

Маани берчү болсок, кулак адам баласы үчүн эң маанилүү орган болуп саналат. Кулак ооруган учурда «суук тийди», «шамал кирди» деп коёбуз. Эми угуу органындагы оору кандай аталарына, кулакка кам көрүү тууралуу кеңештерге назар cалыңыз.

 

Кулак оорунун түрлөрү

 

Гүлзинат СУРАНЧИЕВА: «Бала багуучусуз бала багууну элестете албайм»

Ырчы Гүлзинат Суранчиева акыркы жылдары чыгармачылыктан алыстап, жеке жашоосу менен алек болуп кеткен эле. Ага экинчи ирет наристе күтүп, узак жылдар бою эңсеп келген кайрадан эне болуу бактысын сезгени себеп болгон. Учурда уулун торолтуп, иши менен алектенген ырчы айым «Жылдыз эне» рубрикабыздын алкагында энелик ой, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

Күлкү жаратуучулары кайдан чыккан?

Адам баласы канчалык кайгырган күндө да күлбөй койбойт тура. Кайгыны калп күлүп жашырууга болот, ал эми күлкүнү эч качан кайгы менен жашыра албайсың. Бирок бардык эле адамдар күлкү жаратуучу боло алышпайт.

Сурагым келет

“Сурагым келет” рубрикасы бул ирет үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөрдөн келип чыккан суроолорго юрист Бектур Саламатовдон жооп алды.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Адиля: “Жеңем байкемди дубалатып, бизди андан тирүүлөй айрыды”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Адилянын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

Страницы