Акын, ырчы, тамада Нуркан Койчуманова сөзмөрлүк жагынан алдыга киши салбайт. Чукугандай сөз таап, тойлорду көрккө бөлөп элдин кызматында жүргөн бул айымга кызыкпагандар жок болсо керек. 50 жаштын даамын татып жаткан эжебиз бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, саламатсызбы, кайсыл жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз эле? Сурайын дегеним кимдин жана эмненин таасиринен улам мынчалык чечен болуп калгансыз?

Нурай: “Кыздар, акчаны ээрчип алыс кетпегиле”

Көп нерсе өтүп кетет деп ойлойбуз. Убакыт дарылайт деп күтөбүз. Тилекке каршы, айрым көңүл дарттары өмүр бою жан дүйнө тынчтыгын буза берет. Нурайдын бизге жиберген катында дал ошондой айыкпас көңүл дарты баяндалыптыр.

– Менин атым Нурай, жашым 32де. Апамдын жалгыз кызымын. Мен ар бир күнүмдү, өмүрүмдү, өзүмдү үй-бүлөмө арнап койгом. Мунумдун чоң себеби бар.

Тоңдурулган жашылча-жемиштердин витаминдүүлүгү ошол бойдон сакталат

Жай - түркүн жер-жемиштер, мөмөлөр менен организмди витаминдерге байытуучу мезгил. Берекелүү бул ай тез эле өтүп кетип, кыштата сагынабыз. Ал эми жашылча-жемиштерди, мөмөлөрдү туура тоңдуруу менен жайдын кереметинен бир үзүм болсо да кышка сарамжалдап алса болот.

 

Турдакун НИЯЗАЛИЕВ: «Ырчылык деңгээлимди билип, вокалдан сабак алып жатам»

Башкалардан башкача деп айтарлык эмес, бирок улуу-кичүү дебей эмнегедир башкача жылуу кабыл алган ырчы Турдакун Ниязалиев учурдун ийгиликтүү инсандарынын бири. Илим-билимге чыгармачылыкты айкалыштырган ырчы мырза Орозонун улуу күнүндө жай отуруп жөнөкөй, бирок жагымдуу маек куруп берди.

– Орозоңуз кабыл болсун. Канча жылдан бери орозо тутуп келе жатасыз?

ХХ кылымдын Гомери, улуу манасчы Саякбай КАРАЛАЕВдин кызы Гүлсүн САЯКБАЕВА: «Атам ооруп жатканда да менин жумушка кеткенимден пайдаланып манас айтчу экен»

Ар бир кыргыз баласы "Манас" деген сөздү укса ХХ кылымдын Гомери, залкар манасчы Саякбай Каралаевди жаңылбай элестете алса керек. Улуу жомогубузга аты айкалышып жашап келе жаткан улуу инсаныбыз бар экени бизге чоң сыймык. Дал ушул улут сыймыгы болгон Саякбай Каралаев тууралуу залкар манасчынын кызы Гүлсүн эже маек куруп берди.

САХНАНЫН УМАЙ ЭНЕСИ – САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА

Кыргыз элинин жүрөгүндө мыкты ролдору менен ушул күнгө чейин жашап келе жаткан кайталангыс талант, театрдын «Умай энеси» Сабира Күмүшалиева жөнүндө канча сөз кылсак да түгөнбөйт эмеспи. Актрисанын кыргыз искусствосуна кошкон салымы зор экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми жашоодо кандай адам болгонун кесиптештеринин эскерүүлөрүнөн уксак.

 

 

Иппотерапия: ат адамды дарылайт

Адамдын канаты саналып келген ат сизди ар кандай оорулардан айыктыра аларына ишенесизби? «Жок» деп жооп айтардан мурда төмөнкү макаланы окуп чыгыңыз. Ат адамдын психологиялык абалын туюп, аны түшүнө билет. Андыктан жаш баланын да, чоң адамдын да ооруларын дарылоодо иппотерапиянын пайдаларын медиктер тастыкташкан. Алар кандай пайдалар?

 

Уктоо абалы аркылуу балаңыздын жан-дүйнөсүнө үңүлүңүз

Уйкудагы абал баланын өзүнө, адамдарга, айланасындагы болуп жаткан окуяларга болгон чыныгы мамилесин айтып турат. Уктоо учурунда дене тигил же бул абалды жөндөн-жөн тандабайт, бул жан-дүйнөдөгү абалдан көз каранды. Бала канчалык чоң болсо, уктоо абалынан анын ички дүйнөсү ошончолук ачык чагылат.

Келишимдүү келбет тартуулоочу жемиштер

Айрымдар бардык жер-жемиштердин пайдалуулугу бирдей деп эсептешет. А чындыгында алар баалуулугу жагынан бири-биринен айырмаланат. Айрымдары зат алмашууну тездетип табигый май эритүүчү касиетке ээ болсо, айрымдары курамында аз шекер камтыйт. Мына ошондой жалпы ден соолук үчүн эле эмес, ашыкча салмак менен күрөшүүдө натыйжалуу жемиштер төмөндө.

 

Алмурут

Кандай кайнененин келинисиз?

Келинине жакшы мамиле кылган кайнене бар, жаман мамиле кылган кайнене бар... Айтор, кайненелердин түрү да көп, сыры да көп. “Эмне себептен улам ушундай? Эмне үчүн баары бирдей эмес?”-деген суроолорго астрологдор жоопту таап коюшту. Көрсө, ар бир кайнененин сыры анын жылдыз белгисине жараша болот экен.

 

Кой-кайнене

Гүлбарчын: “Жолдошум менен ойношуна жол бошоттум”

Адам аттуунун азабын көтөрүү бир гана аялзатына жүктөлгөндөй. Гүлбарчындын баяны менен таанышып бир эсе аялзатынын сабырына, чыдамкайлыгына ыраазы болсоң, бир эсе алсыз жаралган аргасыз жандай туюп жүрөгүң ооруйт. Сыртынан сыр бербегендей жылмайган келин тагдырын баяндоодо утуру-утуру оор үшкүрөт.

Өзүңүздүн кайсы типтеги адам экениңизди аныктаңыз

Сиз өзүңүздүн кандай адам экениңизди, кайсы типтеги адамдарга кирериңизди билесизби? Эгер билгиңиз келсе, анда төмөнкү төртөөнү тең окуп, төртөөнө тең жооп бериңиз. Макул болбосоңуз – 1 упай, жарым-жартылай макулмун десеңиз – 2 упай, толук түрдө макулмун десеңиз – 3 упай. Акырында төртөөнүн упайларын өз-өзүнчө кошуп чыгасыз. Кайсынысынан көп упай алсаңыз, ошол типке киресиз.

 

Жай мезгилинин салаттары

«Графиня» салаты

Кандай азыктар керек?

Бадыраң: 2-3 даана

Уйдун тили: 300 г

Жумшак сыр: 200 г

Консерваланган шампиньон: 500 г

Көк пияз: 1 боо

Асел КАДЫРБЕКОВАнын апасы Дилбар МОНОКБАЕВА: «Нурлан майрамдарда гүл, белектери менен келип мени куттуктап турат»

Жаш ырчы кыз Асел Кадырбекова учурда бизнес тармагына жол алып бутик ачып, андан да кызыктуусу Нурлан Насиптин сүйүктүүсү катары элдин көңүл борборунда болуп турат. Назик, ошол эле учурда өжөр кызды кандай эне төрөгөн?

– Кызыңыз Асел төрөлгөн күн азыр да эсиңизде болсо керек?

Страницы