Акын, ырчы, тамада Нуркан Койчуманова сөзмөрлүк жагынан алдыга киши салбайт. Чукугандай сөз таап, тойлорду көрккө бөлөп элдин кызматында жүргөн бул айымга кызыкпагандар жок болсо керек. 50 жаштын даамын татып жаткан эжебиз бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, саламатсызбы, кайсыл жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз эле? Сурайын дегеним кимдин жана эмненин таасиринен улам мынчалык чечен болуп калгансыз?

Дүйнөнү таң калтырган эң акылдуу балдар

Биз жашап жаткан ааламда таң каларлык көрүнүштөр арбын. Жараткан адамдарга бир-бирине окшобогон ар кандай кереметтерди тартуулайт. Бул ирет наристе күнүндө дүйнөнү таң калтырган балдар тууралуу маалымат беребиз.

 

 

УРМОНОВ Асылбек: «Уулум элдин сыймыгы болгонуна кубанып турам»

Аз убакыт мурун орус тележылдызы Максим Галкиндин «Лучше всех» телеберүүсүнө таланттуу эгиз кыздар Айпери менен Нурпери катышып келишкен. Апрель айында ал берүүгө Кыргызстандын атынан 7 жаштагы талант Нурмухамед Ташмаматов катышкан. Берүү жакында Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлүп, жаш спортчу калың элдин көңүл чордонунда болуп турган чак.

Ыйык рамазан айына ылайыктуу тамактар

Орозо кармаган адамдар үчүн тамактар – өтө майлуу эмес, туздуу эмес, чаңкоону жакшы баскан тамактар болушу керек. Ошондой талаптарга жооп берген төмөнкү рецепттер сиздин Рамазан айыңыздын жеңил өтүшүнө жардам берет.

 

Тоок эти жана козу карын менен жасалган палоо

АЖИБЕКОВА Насиба: «Майып аял үчүн эки баланы багуу кыйын экен»

Бир бөлмө ичинде таяк менен оокат кылган аял жана 4 жаштагы жароокер бала менен жылыткычтын түтүгүнө белинен байланган жаңы баскан наристе өзүнчө бир үй-бүлө болуп жашап келишет. Майып болуп төрөлүп, оор тагдырда күн кечирген Насиба тууралуу сөз башынан болсун.

 

Жетсе да колуң булутка, классташыңды унутпа

Кайрадан окуу жылы аяктап бүтүрүү классындагы классташтар биринен-бири узай албай кыйылса, 10, 20 жыл мурун мектепти аяктаган классташтар жолугууга ашыгып, жүрөктөрү дүкүлдөп турган маал. Деги эле классташ деген курбу-достордун эң жакыны, эң ынагы жана эч кыйбасы болот эмеспи. Эмесе, бул ирет классташтар тууралуу кеп кылабыз.

 

Климакс – оору эмес, жашоонун жаңы этабы

Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.

                            

Кош бойлуулуктагы ырым- жырымдарга ишенсе болобу?

Кыргыз эли илгертеден ырым-жырымдар менен жашап келет. Бири ишенип, бири ишенбесе да, ар бир нерсеге байланышкан ар кандай ырым-жырымдар көп. Биз кош бойлуу айымдарга таандык ырымдарды карап көрдүк.

 

Бала төрөлчү болжолдуу күндү эч кимге, жадагалса жолдошуна да айтпаш керек.

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

Талант КАДЫРОВ: «Сахнадагы мурунку жашообузду эстегибиз келбейт»

Кыргыздын белгилүү обончусу Алтымыш Кадыровдун эки уулу ээрчишип, атасынын атынан
«60 К» ­деген топ түзүп сахнага чыгышкан эле. Бирок 2-3 жыл ырдап, кийин көрүнбөй кетишкен. Арадан он жылдай убакыт өтүп, кайрадан сахнага кайткан ырчы жигит менен маектештик.

– «60 К» тобу кайра ырдап чыгыптырсыздар. Топ кайра жанданды десек болобу?

Жылдыздардан лайфхак

Сулуулук кээде айымдардан куулукту талап кылат. Ар кандай амалдар келбеттин жагымдуу болушуна жардам берет. Эмесе, ажардуу теле жылдыздар менен ырчылардын сулуулук сырларын ачабыз.

 

 

Нуржан Ташболот кызы, диктор:

Жалбыз сулуулук тартуулап, ден соолукту бекемдейт

Жалбыз - табият тартуулаган таасири күчтүү чөп. Байыркы кылымдардан бери эле аны дарылык жана косметикалык каражат катары пайдаланып, натыйжаларын көрүп келишкен. Сиз да жалбыздын пайдасын көрүп калыңыз.

 

Жалбыздын артыкчылыктары

ШАКЕНОВА Надира: «Балдарым вагондо төрөлүп, вагондо чоңоюп жатышат»

Айрымдар кабат-кабат үй куруп, арты-артынан машина алмаштырып, тойлоп, майрамдап жашап жаткан бул жашоодо 8 баласы менен бирде ач, бирде ток болуп вагондо күн кечирген адамдар да бар экенин билесизби? Жетишпеген турмуштун туткунунан чыга албай келе жаткан үй-бүлөнүн баяны.

 

Назгүл Тюлеева, жеке ишкер: “Бизнесте чоң атамды туураганга аракет жасадым”

Ишкердик менен үй-бүлөнүн түйшүгүн бирдей көтөргөн аял мактоого жана суктанууга татыктуу. Назгүл Тюлеева жаш болсо да эки тизгин, бир чылбырды бекем кармап, эмгектен ырахат алган саналуу айымдардын катарында.

– Назгүл айым, сөздү ГУМ “Чынар” соода борборунун ачылышынан баштасак. Канча убакыттын ичинде ишке киргизүүгө жетиштиңиздер?

БАЙЗАКОВА Индира: «Балам оорубаганда сахнадан ордумду таап алат белем…»

Тагдыр бизге кандай сыноо камдап турганын эч кимибиз билбейбиз. Дегеним бир убакта «Периштем» тобунда ырдап жылдыз болуп жүргөн айым учурда таптакыр башка жашоодо жашайт. Жети жылдан бери баласынын оорусу менен алышып, оор күндөр менен күрөшүп келе жаткан ырчы редакциябызга баш багыптыр.

 

Страницы