Келбети экранга куп жарашкан алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы учурда турмуш менен жигердүү күрөшүп, ийгиликтердин даамын татып, жең  иштерге кол сунуп турган чагы. Анткени ал 23 жашында үч бала менен жесир калып, тагдыр менен өч болуп калган. Анын багыты да, максаты да – алга жана алга жылуу.

 

«Жаш күнүмдө жар, эрте күндө эне болдум»

Канча жашка чейин төрөгөнгө болот?

Окумуштуулардын изилдөөсүндө аялзаты 20 жаштан 40 жашка чейин төрөгөнгө болот. Бул учурда аялзаты эне болууга толук даяр жана гормондорунда дагы өзгөчө өзгөрүүлөр, бузулуулар болбойт. Ал эми 25тен өтүп 30га чамалап калган курактагы энелер экинчи жана үчүнчү баласын 35-40 жашында төрөп калат экен. Деги эле канча жаштан канча жашка чейин төрөгөнгө болот?

КЫРК МУУНГА ТАГУУЧУ ТОНОМЕТР

Акыркы кезде климаттын кескин өзгөрүшүнөн улам кан басымына кары-жашы бирдей кабылып жатат. Саламаттыгыңызды өз убагында текшерип туруу жагдайын жеңилдетип кайсы жерде жүрсөңүз да жаныңызда ала жүрүүгө ыңгайлуу жаңы үлгүдөгү ченөөчү тонометр менен таанышып алыңыз.

Сүрөттүү кеңештер

Эгерде камырга мейиз кошо турган болсоңуз, алгач кайнак суу менен жууп алып андан соң ун себелеп коюңуз. Мында мейиз камырга текши жайылат.

 

Кыялдагы мандаринди кантип тандап алуу керек?

Күйөөңүздүн мээсин жегенди жакшы көрөсүзбү?

Эл арасында “Аялдын жакшы көргөн тамагы - күйөөсүнүн мээси” деген мыскыл кеп айтылып жүрөт. Анткен менен айымдар бул нерсени моюнга албай өзүбүздү эң эле жоош жана аңкоо сезип кетебиз. Келиңиз, сиз мээ жегендердин катарына киресизби же төрөпейилсизби, адистердин психологиялык тести менен текшерип көрөлү.

 

ИСАНОВА Гүлнара: “ОН БИР ЖЫЛДАН БЕРИ КӨЗҮМДҮ ЖАЛДЫРАТЫП КӨМКӨРӨМДӨН ЖАТАМ”

Ак халатчандардын кайдыгерлигине кабылып, он бир жылдан бери төшөктөн турбай жатып калган Гүлнара эженин тагдыры жүрөк сыздатарлык. Бул аралыкта балдарын бапестеп багып, эми алардын бактылуу жашоосунан ырахат алып отуруунун ордуна үй-бүлөсүн түйшүккө салганына кейиген замандашыбыз тагдырын мындайча баян кылды.

Үй кожойкеден миллиардер жазуучуга айланган айым

Жаш сыйкырчы жөнүндөгү “Гарри Поттер” аттуу китепке окурмандардын талабы күчөп, ал жыл өткөн сайын миллиондогон нускада чыгып жатат. Ал эми китептин автору Джоан Роулинг адабиятчылар арасында "миллиард доллар тапкан алгачкы адабиятчы" деген атка конду. Үй кожойкесин миллиардерге айланткан китептин пайда болуу тарыхын баарыбыз эле биле бербесек керек.

 

Коноктор үчүн жеңил тамактар

Кызылчадан жасалган куймак

Кандай азыктар керек?

Ун: 1 стакан

Сүт: 1 стакан

Кызылча: 1 даана

Жумуртка: 1 даана

Шекер: 2 чоң кашык

Махабат МАВЛЯНОВА: “ЖАМГЫР ЖААГАН САЙЫН БИЗНЕСКЕ ЖАҢЫДАН КАДАМ ТАШТАГАН КҮНДӨРҮМ ЭСКЕ ТҮШӨТ”

Жакшы замандын жышааны болгон дүңгүрөгөн тойлордун ээлерине жакшы шарттарды түзүп берип, жүздөгөн адамдардын маанайларын көтөргөн ресторан, кафелерди негиздеген адам адатта бирөө гана болот.

“САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК” ТАСМАСЫ

Миграция темасына арналып тартылган фильмдер аз эмес. Бирок, бул тасма алардын баарынан өзгөчө. Себеби, мында адаттагыдай Алмата менен Москваны эмес, океандын ары жагындагы Нью-Йоркту багындырууну көздөгөн кыргызстандык Баатырдын аянычтуу тарыхы сүрөттөлөт. Ал күтүлбөстүктөргө жана коркунучтарга кабылат, ал кийимдерин жана акчаларын уурдатат, аны алдашат жана кыйнашат.

Бекбоо ТОКТОБАЕВ: “УУЛУМДУН ВЕТРЯНКАДАН ЖАБЫРКАГАНЫНА ИШЕНБЕЙМ”

Ар бир ата-эне баласынын эр жетип, эл үчүн кызмат кылганын көргүсү келет эмеспи. Бирок, андай ийгилигин көрө албай уулунун майып болуп калганына жашыган ата азыр кимди күнөөлөөрүн билбейт. Дени сак баласын армияга жиберип, эки айдан соң “уулуңуз өлүм алдында жатат.

Асел САМАКОВА: “АТАМ ЧЫГАРГАН ЫРДЫ ЫРЧЫ ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА ЫРДАП ЖҮРӨТ”

Бир кезде Манасыбыз кытайлык кыргыздардын атынан Кытай мамлекетине катталып калганын угуп бүтүндөй журттун ичи ачышкан эле. Учурда ал кайгыбызды кубанычка алмаштырган Карганбек Садыкович көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

Колбаса кайсы ооруларды козгойт?

Азыркы тапта дээрлик ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн муздаткычында колбаса жана колбаса азыктары ардактуу орунду ээлеп калган учур. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жакынкы аралыкта колбаса коомчулуктун эң керектүү делген алдыңкы азыктары сүт, нан жана картошкадан кийинки кезекке чыгышы мүмкүн экен.

Страницы