«Урррааа! Мен бүгүн жаштарды «Жар-жар» ырын ырдап тосуп алам! Бизде эми командада тамадалардан тышкары ырчы жигит-кыздар да, бийчилер да, комузчулар да, ал тургай жар-жарчы да бар! "Жар-жарды" айтып калышыма себепчи болгон адамдардын баарына ыраазычылык билдирем.

 

- Нурзат, тойлордо «Жар-жар» айтып жатыптырсың, бул ачылбай жаткан талантың беле же каражат табуунун дагы бир жолубу?

- Тойлордо менин «Жар-жар» айтуум муктаждыктан улам жаралды десем болот. Анткени дайыма той алып барам, тойго «Жар-жар» айта турган ырчы кээде кечигип калса, кээде той ээлери ырдай турган ырчы таппай калышат же болбосо бюджети туура келбей калат. Ошолордун баарын көрүп олтуруп, той ээлерин кыжалат кылбай «Жар-жар» ырын жаздырып коёюн деп чечкем. Анан элдер аткарып жүргөн кадимки эле «Жар-жардын» обонун алып Эрнис Жоошевге жаңы аранжировка, акын Бердибек Жамгырчиевге сөз жаздырып, ырдап жаздырып койдум. Элге аябай жаңылык болду, жакшы кабыл алып жатышат.

- Өзүңдүн ырдаганга каалооң бар беле?

Айгүл: “БЕШ БАЛАМДЫ ТЕҢ ЖАНЫМА АЛСАМ ДЕГЕНДЕ ЭКИ КӨЗҮМ ТӨРТ, БИРОК, КАНТИП КҮН КӨРӨБҮЗ?!”

Жараткан берген сыноону ар ким сын көз менен карап турбай, Алланын ыраазычылыгы үчүн колдон алып жардам берсе сооп иш болоор эле. Жакшынакай келиндин жаш балдары менен тилемчилик кылуусуна кандай жашоо түрткү болду экен деген ой менен кайырчы келинге аярлап калдым. Балдарым дегенде балбылдап кеткен каректерин ойго бастырган Айгүл өз тагдырын мындайча баяндап берди.

ЖАНЫ СЫЗДАП ТУРГАН ЖАННА ФРИСКЕ ТУУРАЛУУ

Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө ырчы, актриса жана алып баруучу катары таанымал болгон Жанна Фрискенин айланасында акыркы күндөрү оорусу боюнча ар түрдүү кептер айтылууда. Кезинде өтө жигердүүлүгү менен көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп келген Жанна азыр күйөрмандарынын колдоосуна өтө муктаж.

Мухтар АТАНАЛИЕВ: «ЫРЧЫЛЫКТАН БАШ ТАРТУУ МЕН ҮЧҮН ӨТӨ КЫЙЫН БОЛГОН»

Бир учурларда кыргыз сахнасынан өз ордун, эл арасынан күйөрмандарын таап калган ырчы Мухтар Атаналиев бир топ убакыттан бери сахнадан алыстап кеткен эле. Ырчы мырзанын дин жолун тандап кеткендигинен улам ырчылыкты таштаганы кийин маалым болгон. Ырдап чыкпай калганына бир топ убакыт болгону менен ырчы дале эл арасында унутула элек.

Асел ТУРДАЛИЕВАнын кызы Бегайым: «АПАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА ЖАШЫРА ТУРГАН НЕРСЕ ЖОК»

Кыргыз эстрадасында өзүнүн кайталангыс орду бар ырчы Асел Турдалиеванын жалгыз гана Бегайым аттуу кызы бар. Бегайым учурда бой тиреп, апасынын оор-жеңилин колдон алып калган маал. Ырчынын кубанса сырдашы, кайгырса муңдашы болгон көрөр көзүн маекке чакырдык. Апасындай жайдар мүнөз Бегайым бизге ачык маек куруп берди.

СУЛАЙМАНОВА Айымбү, апасы: “КЫЗЫМДЫН КИРИП КЕЛИШИН КҮТҮП ЖОЛ КАРАП ЖАТАБЫЗ”

Окуянын кандай болуп кеткени эч түшүнүксүз болгон бул жагымсыздык бир үй-бүлөнү бушайманга кептеди. Ар дайым ата-энесинин кашынан карыш жылбаган кыз туура бир айдан бери дайынсыз. Кызынын аман-эсен табылып калышынан үмүтү чоң эне редакциябыздын эшигин какты. Жалгыз жаны бушайманга батып турган энеге элинин жардамы менен колдоосу абадай керек экен.

«Жамийла» фильминде Сейиттин ролун ойногон Назрет ДУБАШЕВ: «Атайын билимим жок болгондуктан, кино тармагынан алыстап кеткем»

Бала кезинде «Биринчи мугалим», «Бакайдын жайыты», «Жамийла» тасмаларында роль жараткан кыргыздын таланттуу уулу Назрет Дубашевдин азыр алтымыштын кырына барып калган учуру. Жакында «Кош жылдыз» теледолбоору аркылуу өзүн ырчы катары дагы көргөзө баштаган таланттуу инсанга биз кызыкдар болдук.

Көздүн чарчоосун жазууну билесизби?

Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот.

Бешик – бизге Умай энеден калган таберик

Мындан он жыл мурун деле, жүз жыл мурун деле энелер алдей ырын ырдап, бешик терметишкен. Бешик - көптөгөн Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз энелеринин алмашкыс жардамчысы болгон. Бул ыйык буюмдун качан пайда болгонун эч ким билбейт, бирок, көчмөн турмушта кеңири колдонулганы баарыбызга белгилүү. Биздин көчүп-конуп жүргөн элибиз үчүн бешик эң зарыл буюм эле.

Белгилүүлөрдүн берекелүү тамактары

Жайыл дасторкон курбулардын жай олтуруп сүйлөшүүсүнө болгон жакшы шылтоо. Курбусунун жакшы көргөн тамагын сагынып, атайын барып жеп келүү абдан жакшы эс алуу болуп саналат. А бул нерсени ырчылар канчалык деңгээлде колдонушат дагы, кимисинин тамагын кимиси жакшы көрөт экенин билели дедик.

 

КАЛПАКОВА Элмира: “25 ЖАШТАГЫ УУЛУМДУ КӨТӨРҮП БАГЫП, КАШЫКТАП ТАМАКТАНДЫРЫП КЕЛЕМ”

Тагдырдын башка салганын аттап өтүп кеткен жан жок. Баары жакшыбы, жаманбы өз жашоолорун кечирип келишет. Алардын арасында бүгүнкү каарманыбыз Элмира дагы жашоо менен алпурушуп, бирде чөгүп, бирде чыйралып келет. Жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн каарманыбыз өз каалоосу менен бизге татаал таржымалын кеп кылып берди.

Фотосүрөтчү Жазгүл МАЖИТОВА: «ФОТОСҮРӨТЧҮЛҮК КЕСИПКЕ ЖИГИТИМДИН АРТЫ МЕНЕН ЭЭ БОЛДУМ»

Азыркы учурда актуалдуу болуп турган кесиптердин бири - фотосүрөтчүлүк. Анткени, тойдобу, кечедеби же концерттеби колуна фотоаппаратын көтөрүп жүргөн фотосүрөтчүлөрдү оңой эле кезиктирүүгө болот. Бул учурга чейин аталган кесипти жалаң мырзалар аркалап келген болсо, эми айымдар дагы алардан кем калышпай иштеп жүрүшөт.

Ашымбек МАМЫТБЕКОВ: “Балалык сүйүүмдөн жазылган ырым мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин”

Бир канча убакыттан бери элдин оозунан түшпөй, жаш-кары дебей баары ырдап келе жаткан “Айжамал” аттуу ыр абдан белгилүү. Аталган ырдын автору ким экенине, ал ыр кайсы кызга арналганына, ырдын тарыхына кызыгасызбы? Анда бул тууралуу автор айтып берет.

-Агай, “Айжамал” аттуу ырыңыздын тарыхын айтып берсеңиз?

Страницы