Айжан Акылбекова деген ысымды атаганда «Апамдын махабаты» аттуу кыргыз сериалын эстебей коюуга мүмкүн эмес. Андагы узун чачтуу секелек кыз - учурда үч баланын мээримдүү энеси, кыргыздын чыныгы аялынын жүзү. Айжан айым апрель айынын он күнүн энелердин улуттук баш кийими болгон элечекке арнап, аймактарды түрө кыдырып келди. Эли үчүн анча-мынча эркектерден артык иштерди кылып келе жаткан асылзат менен долбоор үстүндө маек курдук.

– «Элечек ээсиз турбасын» долбоору кандай жыйынтыкталды? Натыйжа сиз ойлогондой болдубу?

Түйүлдүктүн каты

"Курсагымдагы бала кантип пайда болду? Кандай өсүп жатат? Төрөлгөнгө чейин ага кандай кам көрүшүм керек?" деген сыяктуу көп суроолор ар бир кош бойлуу эненин жүрөгүндө тогуз ай бою жашайт. Ушул жана башка суроолорго адистин түйүлдүктүн тили менен берген жоопторун сунуштайбыз. Анда али жарык дүйнөгө келе элек чүрпөңүздүн сиз менен ой бөлүшкүсү келет.

Тарыхты эске салган "Отко таазим" тасмасы

Кыргыз кино тарыхын байыткан кыргыз керемет­теринин бири эл арасында "Уркуя" деп аталып калган "Отко таазим" тасмасы. Тасма ошол кезде чыныгы тарыхты чагылдырып бергени менен баалуу болсо, бүгүнкү күндө ага кошумча кыргыздын улуу таланттарынын элесин сактап калгандыгы менен аздектелип келет.

Каныкей: "Жолдошум менен чогуу жашачу бактылуу күндү күтүп жүрөм"

Он сегиз жаш адамдын ойноп-күлүп жүрөр убагы эмеспи. Бирок азыркы заман жаштыктын жыргалын кайгы менен алмаштырып салгандай. Маектешим Каныкей он сегиз жашында бир кызга эне болуп, жокчулуктун азабынан жолдошу менен бирге түтүн булатууга мүмкүнчүлүк таппай жашап келет. 

Роза Мамбетакунова, Женишгүл жана Асылбек Өзүбековдордун апасы: "Балдарымдын кимисин сагынсам ошонукуна барам"

Таланттуу инсанды жарык дүйнөгө алып келген эненин ким экендиги ар бирибизге кызык болсо керек. Бири-биринен кем калбаган талант­туу бир туугандар Жеңишгүл Өзүбекова менен Асылбек Өзүбеков бүткүл кыргыз элинин сыймыгы, ар дайым көңүл чордонундагы инсаны болуп келишет.

Өмүрзак Кайыпов: "Кеч үйлөнгөнүм үчүн ата-энемден кечирим сурайм"

Жаңы гана жарыкка чыккан "Арстан­бектин терме­лери" аттуу чыгарма калың журттун кызы­гуусунда турат. Кыргыздын нукуралуулугун жандандырып элине тартуулап жаткан ал инсан таланттуу дастанчы Өмүрзак Кайыпов. Таш жарган таланттын ээси болсо да буга чейин көпчүлүктүн көзүнөн оолак болуп келген дастанчы тууралуу окурмандарга маалымат берүүнү эп көрдүк. 

Кышка даярдалуучу салаттар

Помидор ширесиндеги фаршталган болгар калемпири

Кандай азыктар керек?

Таттуу болгар калемпири: 800 г

Помидор ширеси: 1 л

НАРИСТЕМЕ КАНТИП ЭЭ БОЛОМ?..

Жан дүйнөнүн тереңинен суурулуп чыгып, кайра дал ошондой тереңдикке гана сиңе турган аруу ой, ак тилекти сыр дейбиз. Сырдын аруулугу, аялуулугу, назиктиги өзгөчө. Айрыкча кыз сыры... Жан адамга батынып айта албаган, же ошол айтылбаган бойдон тынчып кала бербей жүрөк өйүп, жан дүйнөнү жанчып турган сырды тарс жарыла жар салып салуу бир аз да болсо жеңилдик берет.

Бойдоктор бурчу

                                                                    Кымбаттуу окурмандар!

Социалдык желелердин "аталары"

Цивилизациянын шарданына ылайык азыркы дүйнө жүзү интернетсиз жашоо образын элестете албайт. Кенен жана оңой мүмкүнчүлүктөн пайдалануу, ким менен кааласа достошуу үчүн түзүлгөн интернеттеги социалдык тармактардын басымы зор болуп жатканы чындык.

ЭЛЕКТРО ЭМЧИЛЕР

Кенен нук менен күчтүү агымда бара жаткан техника заманынан артта калбаңыз. Ал үчүн электр тогу менен иштеген бут кийим жана жууркандарды пайдаланып, жашооңузга ынгайлуулук кошсоңуз болот.

Электро-чокой

Бир күндүк нормалдуу азыктануунун өлчөмү

Адам ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүшү жана оорубашы үчүн эрежелерди туура сактап, ашыкча тамактанбоосу керек. Бардык тамак-аштын өзүнүн бир күндүк өлчөмү бар. Адам бир күндө канча грамм калория керектеши керектиги тууралуу макала төмөндө.

Эркектер бир күндө канча калория керектеши керек?

Эми "Кара жорго" эмес, "Кыргыз бийин" бийлейбиз!

Көчмөндөргө таандык "Кара жорго" бийи кыргыз-казак элинин ортосунда талашка түшүп келет. Бул талашка чекит коюу максатында кыргыздын патриот уулдары демилге көтөрүп кыргызга белек катары "Кыргыз бийи" деген жаңы ыр жаздырып, жакында эле бет ачаар аземин өткөрүштү.

Сурагым келет

Аялзатын кыжаалат кылып, бирок, ачык сурап алууга мүмкүндүк бербеген "уяттуу" оорулар көп. Окурмандардын андай көйгөйлүү суроолоруна жооп издеген бул рубрикабыздын бүгүнкү адиси акушер-гинеколог жана психолог, саламаттыкты сактоонун отличниги Гүлзина Мадраимова. 

Балаңыз кайсы тилде билим алат?

Шаардык ата-энелерде баланын мектепке байланышкан маселеси өтө көп. Алардын бири "баланы кайсы тилдеги мектепке берүү керек?" Бул суроонун алдында ойлонгон ата-эне акыры бирин тандайт, бирок, маселе ошону менен эле чечилип калбайт.

Рима: "Эки балапанымдын басып кетишине даба издейм"

Жашоо баарыбызга бирдей эмес экенин эске салып турган "Адамга адам тирек" рубрикабыз дагы бир жарандын жан кейиткен кайгысын бөлүшөт. Сиз кылган жакшылык сизге жаңылык деле болбос чыгар, бирок, сиздин арзыбаган жардамыңыз жардамга муктаждар үчүн ченемсиз кубаныч болот. Адамдарды кубантууга умтулуңуз, замандаш.

Страницы