Учурда кимдин кайда жүргөнү тууралуу толук маалыматты алардын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу эле билип алса болот. Аалам төрдү кеңири колдонгон ырчылардын арасынан жаңылыктарга байы - Самара Каримова. Күн сайын тойлордо кызмат кылып: бир күнү карасаң Орусияда болсо, бир күнү Бишкекте. Акыркы жолу Өзбекстан, Тажикстанды кыдырып, чыгармачылык сапардан жаны тынбаган ырчы менен маек курдук.

– Самара, Өзбекстан жана Тажикстанга барып келиптирсиң, сапарыңар кандай болду?

– Аталган эки өлкө менен биздин өлкөнүн алакалары жакшы болуп, анын негизинде иш сапары менен бардык. Оштун мэри баштаган 60тан ашык адам, 7-8 маданият кызматкерлери бардык эле, жылуу кабыл алышты. Бул убакка чейин да вице-премьер-министр менен барып келгем, андыктан Өзбекстанга экинчи жолу барышым болду. Ырдап талантымды тартууладым, абдан баалашты. Мени Өзбекстанда тааныбайт болушу керек деп ойлогом, таанышат экен. Ал жакта кыргыздар көп турбайбы. «Каримов тирүү болгондо келсең, мындан да жакшы болмок, фамилияларыңар окшош экен», - дешип тамашалап калышты. Буюрса, Өзбекстанда концертимди өткөрүп беребиз дешти. Кыскасы, аталган эки өлкөгө жол ачылды. Дароо эле тойго чакыруу болуп, Тажикстанга тойго да барып келдим.

– Сүрөттөрүңө караганда Кыргызстанда деле күндө тойго барат окшойсуң?

Эрмек Мойдунов: “Түшүмдө сахнаны көрүп, абдан кусаланам”

Даталуу күндөрдүн таасирин арт­тырган “Эне жөнүндө баллада”, “Эстелик” деген ырлар мектеп жашындагы балдарга да жакындан тааныш. Бул сыяктуу жүздөгөн ырлардын багын ачып эл арасында жашаткан таланттуу инсан, кайталангыс керемет үндүн ээси – Эрмек Мойдунов. Учурда эс алууга чыгып кутман карылыктын доорун сүрүп жаткан талант ээси элине ымандай сырын ачып берди.

ОРОЗОБАЕВА Ширин: “БЕЙТААНЫШ АДАМДАРДАН ДЕЛЕ КӨЗ ЖАШЫМДЫ ТӨГҮП ЖАРДАМ СУРАП ЖҮРӨМ”

Оору айттырбай келет. Капилеттен кабылган оорунун чеңгелинен чыга албай жандалбастаган жалгыз бой эненин тагдыры кимди болбосун кейитпей койбойт. Оорулууга жардам кылып, эненин көз жашын азга болсо да токтото алар бекенбиз?..

«Үй-бүлөдө сегиз адам майыппыз»

Кайнененин Камырынан

Каада-салт, таалим-тарбия менен улуттук баалуулуктарды алып жүрүүчүлөр негизинен аял кишилер болуп эсептелет. Ошондуктан кыргызда кайнененин таалиминен үйрөнгөндөрүн кайнене болгондо келинине үйрөтүү адат болуп калган. Илгертен калган бул сабак биздин убакта дагы келиндерге багыт көрсөтүп, турмушуна пайдасын тийгизип келет.

Адам өмүрүн кыскарткан ак кан оорусу

Рак илдетинин катарына кирген лейкемия (ак кан, лейкоз) оорусу тууралуу түшүнүк эл арасында тар болгондуктан оору өтүшүп кеткен учурда гана дарыгерлерге кайрылышат. Бул дарт тууралуу билип алсаңыз жамандыктан сак жүрөсүз деген ойдо коркунучтуу дартка арналган макаланы сунуш кылабыз.

КИМ КАНДАЙ ЭНЕ?

Аялзаты – уникалдуу гана эмес, универсалдуу да артыкчылыкка ээ. Ал бирөөнүн кызы, бирөөнүн жары, бирөөнүн курбусу, бирөөнүн энеси. Булардын арасынан эң жоопкерчиликтүүсү да, эң жарашыктуусу да эне статусу. Бирок бул статуска ээ болгон айымдардын баары эле мыкты эмес. А биздин жаш жылдыз энелер кандай эне?

1. Слинг деген эмне?

Канчалык деңгээлде кызганчааксыз?

Кызганыч – негативдүү сезим. Сүйүктүүсүнөн күткөн көңүл бурууну, сүйүүнү, урматтоону каалагандай ала албай калган абалда адам “мени кимдир-бирөө менен алмаштырды го?..” деген ойго кептелет. Бул өзүнөн кемчилик издеп жан шеригине ишенбөө­чүлүктү пайда кылган психологиялык илдет. Анын ашынган түрү түгөйлөрдү ажыратып тынары бизге жаңылык деле эмес.

КАМИЛОВА Зинагүл: «КҮЙӨӨМДҮН ШАЛААКЫЛЫГЫ УШУГА ЖЕТКИРДИ»

Аял­за­ты­нын көтө­рү­мдүүлүгүн бекеринен жерге салыштырбаса керек. Бул аял да чыдамкайлыгы менен тирүүлөй жетим калган чиедей балдарын канатына калкалап өстүрүп, жашоо менен жалгыз күрөшүп баарына түтүп келет. Арманы ичине батпаган Зинагүл эже акыркы үмүтү менен элине арманын төгүп кайтты.

Кантип идеалдуу аял болуу керек?

Кайсы эркек идеалдуу аялга ээ болууну кыялданбайт? Негизи идеалдуу аял деген ким? Идеалга жакындоо үчүн эркектердин көз карашы менен караганда аял кандай болууга тийиш? Эмесе идеалдуу болуу үчүн аялдарга 11 кеңеш:

1.    Өзүңүзгө кам көрүңүз

Страницы