Келбети экранга куп жарашкан алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы учурда турмуш менен жигердүү күрөшүп, ийгиликтердин даамын татып, жең  иштерге кол сунуп турган чагы. Анткени ал 23 жашында үч бала менен жесир калып, тагдыр менен өч болуп калган. Анын багыты да, максаты да – алга жана алга жылуу.

 

«Жаш күнүмдө жар, эрте күндө эне болдум»

Асел ТУРДАЛИЕВАнын кызы Бегайым: «АПАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА ЖАШЫРА ТУРГАН НЕРСЕ ЖОК»

Кыргыз эстрадасында өзүнүн кайталангыс орду бар ырчы Асел Турдалиеванын жалгыз гана Бегайым аттуу кызы бар. Бегайым учурда бой тиреп, апасынын оор-жеңилин колдон алып калган маал. Ырчынын кубанса сырдашы, кайгырса муңдашы болгон көрөр көзүн маекке чакырдык. Апасындай жайдар мүнөз Бегайым бизге ачык маек куруп берди.

СУЛАЙМАНОВА Айымбү, апасы: “КЫЗЫМДЫН КИРИП КЕЛИШИН КҮТҮП ЖОЛ КАРАП ЖАТАБЫЗ”

Окуянын кандай болуп кеткени эч түшүнүксүз болгон бул жагымсыздык бир үй-бүлөнү бушайманга кептеди. Ар дайым ата-энесинин кашынан карыш жылбаган кыз туура бир айдан бери дайынсыз. Кызынын аман-эсен табылып калышынан үмүтү чоң эне редакциябыздын эшигин какты. Жалгыз жаны бушайманга батып турган энеге элинин жардамы менен колдоосу абадай керек экен.

«Жамийла» фильминде Сейиттин ролун ойногон Назрет ДУБАШЕВ: «Атайын билимим жок болгондуктан, кино тармагынан алыстап кеткем»

Бала кезинде «Биринчи мугалим», «Бакайдын жайыты», «Жамийла» тасмаларында роль жараткан кыргыздын таланттуу уулу Назрет Дубашевдин азыр алтымыштын кырына барып калган учуру. Жакында «Кош жылдыз» теледолбоору аркылуу өзүн ырчы катары дагы көргөзө баштаган таланттуу инсанга биз кызыкдар болдук.

Көздүн чарчоосун жазууну билесизби?

Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот.

Бешик – бизге Умай энеден калган таберик

Мындан он жыл мурун деле, жүз жыл мурун деле энелер алдей ырын ырдап, бешик терметишкен. Бешик - көптөгөн Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз энелеринин алмашкыс жардамчысы болгон. Бул ыйык буюмдун качан пайда болгонун эч ким билбейт, бирок, көчмөн турмушта кеңири колдонулганы баарыбызга белгилүү. Биздин көчүп-конуп жүргөн элибиз үчүн бешик эң зарыл буюм эле.

Белгилүүлөрдүн берекелүү тамактары

Жайыл дасторкон курбулардын жай олтуруп сүйлөшүүсүнө болгон жакшы шылтоо. Курбусунун жакшы көргөн тамагын сагынып, атайын барып жеп келүү абдан жакшы эс алуу болуп саналат. А бул нерсени ырчылар канчалык деңгээлде колдонушат дагы, кимисинин тамагын кимиси жакшы көрөт экенин билели дедик.

 

КАЛПАКОВА Элмира: “25 ЖАШТАГЫ УУЛУМДУ КӨТӨРҮП БАГЫП, КАШЫКТАП ТАМАКТАНДЫРЫП КЕЛЕМ”

Тагдырдын башка салганын аттап өтүп кеткен жан жок. Баары жакшыбы, жаманбы өз жашоолорун кечирип келишет. Алардын арасында бүгүнкү каарманыбыз Элмира дагы жашоо менен алпурушуп, бирде чөгүп, бирде чыйралып келет. Жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн каарманыбыз өз каалоосу менен бизге татаал таржымалын кеп кылып берди.

Фотосүрөтчү Жазгүл МАЖИТОВА: «ФОТОСҮРӨТЧҮЛҮК КЕСИПКЕ ЖИГИТИМДИН АРТЫ МЕНЕН ЭЭ БОЛДУМ»

Азыркы учурда актуалдуу болуп турган кесиптердин бири - фотосүрөтчүлүк. Анткени, тойдобу, кечедеби же концерттеби колуна фотоаппаратын көтөрүп жүргөн фотосүрөтчүлөрдү оңой эле кезиктирүүгө болот. Бул учурга чейин аталган кесипти жалаң мырзалар аркалап келген болсо, эми айымдар дагы алардан кем калышпай иштеп жүрүшөт.

Ашымбек МАМЫТБЕКОВ: “Балалык сүйүүмдөн жазылган ырым мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин”

Бир канча убакыттан бери элдин оозунан түшпөй, жаш-кары дебей баары ырдап келе жаткан “Айжамал” аттуу ыр абдан белгилүү. Аталган ырдын автору ким экенине, ал ыр кайсы кызга арналганына, ырдын тарыхына кызыгасызбы? Анда бул тууралуу автор айтып берет.

-Агай, “Айжамал” аттуу ырыңыздын тарыхын айтып берсеңиз?

Алгачкы махабатым

 (Башталышы)

Мен анда он беш-он алтыдагы боз бала элем.

Күндөрдүн биринде менден алты-жети жаш улуу Кабылбек аттуу аталаш агам айылды дүрбөлөңгө салып коңшу кыштактан кыз ала качып келди. Жаңы жеңем тээ далайга чейин ыйлап, отурбай ызы-чуу салып, а бирок бечараны ар кимиси ары булкуп, бери булкуп, кээ бири:

Фарштан жасалган тамактар

Фаршталган картошка

Кандай азыктар керек?

Картошка: 10 даана

Уйдун фаршы: 200-300 г

Жумуртка: 1 даана

Пияз: 1 баш

Сливка: 100 г

Түгөлбай КАЗАКОВ: “Шумдуктарын мурун билгенде Токтогулдан тогуз чакырым алыс жүрмөкмүн”

“Алтын балалык”, “Жамгыр төктү”, “Жыйырманчы жаз”, “Насыйкат”... Сиз туура баамдадыңыз, алдыда биз уникалдуу обончу, улуу талант Түгөлбай Казаков менен маек курабыз. Жарым кылымды ашкан жашоосунда ар нерсеге кыраакылык менен кылдат карап калган залкар замандашыбыз ар бир жообуна терең ой ороп берди.

Уй кымыз - табигый антибиотик

Кыргыз эли төрт түлүк малдын этинен, сүтүнөн баштап терисине чейин ден соолукка пайдалуу тамак-аш, кийим-кече, буюмдарды жасап, уникалдуу жашап келишкен. Анын бири улуттук суусундуктардын катарын толуктаган пайдалуу суусундук - уй кымыз. Эмесе, уй кымыз тууралуу кызыктуу маалыматтарга назар салыңыз.

Страницы