Учурда кимдин кайда жүргөнү тууралуу толук маалыматты алардын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу эле билип алса болот. Аалам төрдү кеңири колдонгон ырчылардын арасынан жаңылыктарга байы - Самара Каримова. Күн сайын тойлордо кызмат кылып: бир күнү карасаң Орусияда болсо, бир күнү Бишкекте. Акыркы жолу Өзбекстан, Тажикстанды кыдырып, чыгармачылык сапардан жаны тынбаган ырчы менен маек курдук.

– Самара, Өзбекстан жана Тажикстанга барып келиптирсиң, сапарыңар кандай болду?

– Аталган эки өлкө менен биздин өлкөнүн алакалары жакшы болуп, анын негизинде иш сапары менен бардык. Оштун мэри баштаган 60тан ашык адам, 7-8 маданият кызматкерлери бардык эле, жылуу кабыл алышты. Бул убакка чейин да вице-премьер-министр менен барып келгем, андыктан Өзбекстанга экинчи жолу барышым болду. Ырдап талантымды тартууладым, абдан баалашты. Мени Өзбекстанда тааныбайт болушу керек деп ойлогом, таанышат экен. Ал жакта кыргыздар көп турбайбы. «Каримов тирүү болгондо келсең, мындан да жакшы болмок, фамилияларыңар окшош экен», - дешип тамашалап калышты. Буюрса, Өзбекстанда концертимди өткөрүп беребиз дешти. Кыскасы, аталган эки өлкөгө жол ачылды. Дароо эле тойго чакыруу болуп, Тажикстанга тойго да барып келдим.

– Сүрөттөрүңө караганда Кыргызстанда деле күндө тойго барат окшойсуң?

Суу чечек

Суу чечек оорусу менен дээрлик ар бир бала ооруйт. Бул оору канчалык деңгээлде олуттуу? Ал кандай өтөт? Ооруп жаткан балага кантип жардам берүү керек? Бул суроолордун баарына төмөнкү макаладан жооп таба аласыз.

Суу чечек деген кандай оору? 

Анара Токтосунова, жаш дизайнер: "Бул биздин эл алдына алып чыккан биринчи эмгегибиз"

Мезгилдин өтүшү менен мекенибизде кыргыздын улуттук колорити менен кийим тиккен дизайнерлердин саны арбып барат. Алардын бири жаңыдан гана өзүн бул тармактан сынай баштаган жаш дизайнер Анара Токтосунова. Бул ирет аталган дизайнердин колунан тигилген кийимдерди сиздерге тартууламакчыбыз. 

Салима Балтаева: "Кыздарымдын тарбиялуу болуп чоңоюшун каалайм"

Чыгармачыл айымдарда кесибине катар энелик милдетти татыктуу аткаруу, балага татыктуу тарбия берүү деген чоң жоопкерчиликтер бар. Ал нерсенин баарын мойнуна алып, мончоктой үч кызды чоңойтуп, элге жагымдуу үнү менен кызмат кылып келе жаткан Салима айым бүгүн бизде конокто. Ырчы бизге бала тарбиялоодогу сырлары менен бөлүшөт. 

Чачыңызды табигый шампундар менен жууңуз!

Биздин чачыбызды кулпурткан кадимки шампунь, бальзамдарды үй шартында даярдап алууга болот. Өз эмгегиңизден жаралган мындай каражаттар менен чачыңызды химиялык зыяндуулуктан коргоп калуу менен бирге акчаңызды үнөмдөйсүз.

Шампундар

Иманалиева Бактыгүл: "Москвага кеткениме он күн боло электе кызымдын кырсыктаганын уктум"

Жакында бала бакчанын экинчи кабатынан кулап катуу жаракат алган кыз тууралуу сөз тараган эле. Уккан ар бир эненин жүрөгүн титирете турган бул окуяга биз дагы кайдыгер карабай №3-шаардык балдар ооруканасын көздөй жөнөдүк. Жаракат алган кичинекей Айгерим апасы менен аталган оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө жаткан экен.

Өз доорунун сулуу айымдары

Ар бир доордун, ар бир он жылдыктын өзүнүн “жылдыздары” болот. Ошентсе да эң сулуу деп эсептелинген саналуу эле айымдар бар. Бул айымдар тууралуу арадан миңдеген жылдар өтсө да эстеп турушат, моданын такай өзгөрүп турганына карабай аларга кулдук урушат.

Кеч күздөгү гүлкайырлар

 (Башталышы)

Буурул чачтары жоолугунан бир аз чыккан ак жүздүү аял жарым эс жандай өзү менен өзү кобуранып сүйлөшүп коёт.

– Гүлкайырлар дагы гүлдөгөн экен. Тим эле ошол кеч күздөгүдөй гүлдөгөн экен жаныбарлар.

Зейнеп ШААКЕЕВАнын кызы Раушан БЕЛЕКОВА: «Апам ырдаганда бери жакта отуруп мен кыйналып кетем»

Кыргыздын мыкты ырчысы, калың журтка өзгөчө үнү менен таанылган ырчы Зейнеп Шаакееванын ырларын укпаган, кыңылдап ырдабаган кыргыз жок болсо керек. Эл суктанган ырчы балдарына кандай эне, үйдө кандай айым экенин билгиңиз келсе, ырчынын кызы Раушан менен болгон маекке карек таштаңыз.

МАХАБАТТЫ АПАСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАШТАП КЕТКЕН?

30-апрель күнү Жаш Гвардия эс алуу багындагы селкинчекке 7 жаштагы кызды апасы таштап кеткен. Ошол күндөн бери Бишкектеги кароосуз калган балдарды кайра калыбына келтирүүчү борбордо жашап жаткан кичинекей Махабатка жолугуу үчүн бардык.

Эл өкүлдөрүнүн эл билбеген сырларынан

Биз дайыма “жыргал жашоонун ээлери” катары кабыл алган депутаттардын моюнунда бир кыйла түйшүк бар экенин эсибизге албай калабыз. Экрандан түшпөгөн эл өкүлдөрүнүн иш учурундагы жагдайлары тууралуу алардын жардамчыларына суроо салып, жеке адамдыгын билүүгө кызыгып көрдүк.

Пайдасы зор талаа чөптөрү

Жаратылыштын марттыгын караңыз! Айланабызда, бут алдыбызда пайдасы мол “бекер дарылар” жайнап жатат. Көптөгөн талаа чөптөрүнүн адам баласына тийгизген пайдалары алда качан эле изилденип, аларды ата-бабаларыбыз тамак-ашка колдонуп келишкен. Бүгүнкү күндө да айрым чөптөр кожойкелердин ашканасынан үзүлбөйт.

БЕДЕ

Нурбакыт РАЗАКОВ: «Быйыл күздө үйлөнүү пландарымда бар, бирок кимге үйлөнөрүмдү билбейм»

Кыргыздын классикага айланып калган чыгармаларын аткарып жүргөн, учурдагы жаш ырчылардын арасынан төбөсү көрүнүп калган ырчы мырза Нурбакыт Разаковду маекке тарттык. Адат болуп калгандай рубрикабыздын алкагында кыздардын кыялындагы мырзадан сизди кызыктырган суроолорго жооп сурайбыз.

Страницы