«Урррааа! Мен бүгүн жаштарды «Жар-жар» ырын ырдап тосуп алам! Бизде эми командада тамадалардан тышкары ырчы жигит-кыздар да, бийчилер да, комузчулар да, ал тургай жар-жарчы да бар! "Жар-жарды" айтып калышыма себепчи болгон адамдардын баарына ыраазычылык билдирем.

 

- Нурзат, тойлордо «Жар-жар» айтып жатыптырсың, бул ачылбай жаткан талантың беле же каражат табуунун дагы бир жолубу?

- Тойлордо менин «Жар-жар» айтуум муктаждыктан улам жаралды десем болот. Анткени дайыма той алып барам, тойго «Жар-жар» айта турган ырчы кээде кечигип калса, кээде той ээлери ырдай турган ырчы таппай калышат же болбосо бюджети туура келбей калат. Ошолордун баарын көрүп олтуруп, той ээлерин кыжалат кылбай «Жар-жар» ырын жаздырып коёюн деп чечкем. Анан элдер аткарып жүргөн кадимки эле «Жар-жардын» обонун алып Эрнис Жоошевге жаңы аранжировка, акын Бердибек Жамгырчиевге сөз жаздырып, ырдап жаздырып койдум. Элге аябай жаңылык болду, жакшы кабыл алып жатышат.

- Өзүңдүн ырдаганга каалооң бар беле?

Аскат: "Балдакты таштап элге окшоп баскым келет"

Адам баласынын алты саны аман болуп, басуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону эле кандай бакыт. Бирок биз ал бакыттын баасын билбей айрым учурларда болбогон нерселерге нааразы болуп калабыз. Бүгүнкү маектешим Аскат оорунун кесепетинен он үч жылдан бери өз алдынча баса албай келет.

Ширин Абдрахманова:"Эки байбичеси кара кийип, кан жутуп үйдө атамды жоктоп отурушат"

Күү атасы Нурак Абдрахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтуусу кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болуп, кыргыз искусствосунун бир капшыты эңшерилип калды. Улуу күүлөрдү жараткан залкар инсан ушул күнгө чейин эл арасында кадыр-барктуу болуп келген болсо, бүгүн жана мындан ары да дал ушундай таасирдүү касиетин жоготпой эли менен бирге жашай берет.

Батма Султанова: "Жүрөгүмдү багындыра ала турган инсан болсо турмушка чыгууга даярмын"

Акыркы кезде кыргыз эстрадасында өзгөчө образ менен иш алып баргандар пайда боло баштады. Алардын бири бир кездеги Фатима, азыркы Батма Султанова. Чыгармачылыкка жаңы ат, жаңы дем менен киришкен ырчы өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу буларды айтып берди. 
- Байкашыбызча чыгармачылыктагы жылдызыңыз эми жаркырап жанып баштады окшойт? 

Суюк тамактар

Төө буурчак шорпосу

Кандай азыктар керек?

Уйдун эти: 350 г

Картошка: 2 даана

МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Аялзатына керектүү техникалар күндөн-күнгө жаңырып жатат. Улам жаңысы көп функциялуу, колдонууга ыңгайлуу, эң негизгиси колду кармап убакытты албагандыгы менен кызыктуу жана баалуу. Биз сизге тааныштыруучу жаңы буюм мультибышыргыч деп аталат.

Күйөөңүздү кантип кайрып аласыз?..

Сизден күйөөңүз кетип калды... Анда ар кимге чалып же барып даттануунун кажети жок. Бул маселени бир гана өзүңүз чечип ордуна коё аласыз. Ал үчүн төмөндөгү маалыматтарга көңүлүңүздү буруңуз. Бул кеңештер ката кетирип албооңузга жана жолдошуңуз менен өмүр бою бирге жашооңузга кепилдик берет.

"Киного тартылуу тууралуу ойлоп жүрөбүз"

Кыргыз телесиндеги көкүлдүү эгиз балдар тартылган "Ырыс алды - ынтымак" аттуу жарнамалык роликтин уландысы жарыкка чыгып, кайрадан көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып жатат. Арадан он жети жылдын учушу менен бир учурдагы тестиер эгиз балдардын бой тиреген жигиттер болуп өзгөргөнүнө күбө болдук. Эмесе ынтымактын күчүн көргөзгөн каармандар менен болгон маек сиздер үчүн.

Ич өткөк - өмүргө коркунуч туудурчу илдет

Адамдын ден соолугу анын тамактанганынан көз каранды. Күч-кубат берген да, алды кетирип буттан жыккан да тамак. Анын айынан адамды алсыратып, шайды оодаруучу эң кооптуу "ич өткөк" дарты пайда болот.

Сапар Сопубеков: "Улуттук ашканада мен билбеген тамак жок"

Көптөгөн кыздардын жүрөгүн жагымдуу келбети менен арбаган, таза-тыкан жүргөнү менен суктандырган ырчы жигит Сапар Сопубеков ашканада дагы мыкты ашпозчу. Ар тараптуулукту аркалап келе жаткан ырчы жигит кызыктуу маек куруу менен бирге айымдарга белек кылып бир салат тартуулады. 

- Сапар, тамак жасаганды канча жашыңызда өздөштүрдүңүз эле? 

Организмди тазалоочу эң мыкты 7 азык

Биз баам салбаганыбыз менен күнүмдүк жашообузда көп колдонулуп, көп желген айрым азыктар организмди тазалоочу мыкты касиетке ээ. Андыктан алар тууралуу кенен жана так маалыматтардан кабардар болуп, дары колдонууну азайтсаңыз болот. Эмесе, андай мыкты тазалоочу азыктардын алдыңкы жетөө менен таанышып алыңыз.

КЫЗДАРКАН:"Балдарынан мынчалык безе качкан атаны биринчи жолу көрдүм"

Энелерибиздин "бала берсең ден соолугу менен бер" деп Жараткандан сурангандарын угуп маани деле бербейбиз. Бүгүнкү маектешим Кыздаркандын эгиз балдарынын бирдей оорулуу болуп калганына күбө болуп бул сөз жөн айтылбаганына ынандым.

Карышкырлар каарман болгон "Акбаранын көз жашы" кинотасмасы

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кыямат" чыгармасынын негизинде тартылган "Акбаранын көз жашы" аттуу тасманы баарыбыз билебиз. Бул тасманын жаралышында зор эмгек, жүрөк титиреткен коркунуч, эстен кеткис мүнөттөр камтылып калганы анык. Ал тасмада "жашап" калган айрым замандаштарыбыз менен тасма тууралуу кызыктарды ортого салдык.

Айпери Кубик кызы: "Ал ырды ташта десе деле макулмун..."

"Ак куу болуп учкум келет, айдай сулуу кезимде" деп ырдап чыгып элге таанылган Айпери Кубик кызы көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткен. Кайрадан билек түрө чыгармачылыкка киришип, элге жагымдуу ырларды тартуулайм деп турган ырчы кызды маек төрүбүзгө чакырдык.

Страницы