Жогорку Кеңештеги жаш депутат айымдардын бири Айсулуу Мамашева депутат болгондон кийин жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр көп болду. Дегеним турмушка чыгып, кыздуу болуп, учурда бактылуу турмуш кечирип жаткан чагы. «2017-жыл жашоомдогу эң бактылуу жыл болду», - деген депутат жылдын жаңырышы менен гезитибизге кенен маек куруп берди. Кыргызстандагы бай адамдардын биринин кызы болгону менен, байдын кызымын деп бой көтөрбөй, дайыма жөнөкөйлүгүнөн жазбаган Айсулууга ичимден ыраазы болуп кайттым.

- Айсулуу, Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кандай тостуң?

- Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи, андыктан ар бир үй-бүлө сыяктуу эле мен да үйдө үй-бүлөм менен тостум. Балалуу болгондон кийин кичинекей бала менен эки жакка чыкпаганга аракет кылат экенсиң. Андыктан ашыкча эч жакка чыккан жокпуз, болгону атамды, бир туугандарыбызды куттуктап келдик. Саат он экиге жакын үйгө келип, кызыбызды уктатып коюп, жолдошум экөөбүз тостук.

- Артка кылчайып карасаң, 2017-жыл сен үчүн кандай жыл болду?

МУРАТ НИМАТОВ:"Мени эмес, ырларымды жакшы тааныган күйөрмандарым бар"

Бир нече ырларын элге тартуулап, жаңыдан гана чыгармачылыкка аралаша баштаган Мурат Ниматов аттуу жаш ырчы жигитти окурмандар менен тааныштырмакчыбыз. Келечекте белгилүү ырчы болууну самаган Мурат ат жалында маек куруп берди. 

- Мурат, сахнага ырдап чыкканыңа канча болду? 

Оюнчук жана бала

Оюнчук балага көңүл ачуусу үчүн гана кызмат кылбастан анын өнүгүп-өсүшү үчүн да кызмат кыларын балдар психологдору бир ооздон тастыкташат. Алардын айтымында, оюнчуктун жардамы менен бала дүйнө тааныйт, максатына жетүүгө үйрөнөт. 

Баланын жашына жараша оюнчук

Суусундуктардын ден соолукка тийгизген терс таасири

Аптаптуу ысык башталганы баарыбыздын колубуздан газдалган суусундуктар менен бирге жергебизде өндүрүлүп жаткан газдалган, минералдык суулар жана муздак чайлар түшпөй калат. Ал суусундуктарда кандай зыяндуу заттар бар экенин эч кимибиз билбейбиз жана маани да бербейбиз.

Бактыcыз балдардын кыялы кандай?

Турмуштун соккусуна эрте кабылып, бармактайынан ата-эне мээриминен ажырап калган кичинекей бөбөктөргө 1-июнь "Балдарды коргоо күнүнө" карата "Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан салтанаттуу майрам күн тартууланды. Бул күнү мээримге зар болгон жаш жеткинчектердин кубанычында чек жок болду.

Ажалиева Диля: "Баламды дарыгерлер "өлөт" дешкен, бирок андан бери он жылдай жашады"

 Бизди жарык дүйнөгө алып келген да, болгон кыйынчылыгыбызды тартып, оорусак биз менен кошо ооруган да "эне" деген асыл болот турбайбы. Бул чындыкка Диля эже далил боло алат. Дегеним баласы жарык дүйнөгө келген күндөн бери аны менен оорунун азабын кошо тартып баласы үчүн күнү изденип, түнү тиленип жашап келет.

Кубатбек Жусубалиевдин кызы Жамбы Жусубалиева: "Атам мен үчүн эң мыкты үлгү инсан"

Эл сүйгөн чыгармаларды жараткан жазуучу, эч кимдикине окшобогон жашоо образынын ээси, кыргыздын жан жүйнөсү бай, терең жана күчтүү инсаны Кубатбек Жусубалиев аты белгилүү болсо да айылдын жашоосун тандап алган кызыктуу адам. Атанын атын татыктуу алып жүрүүнү максат кылган жалгыз кызы Жамбы айым учурда коомдук телеканалда эмгектенип, кыргыздын искусствосу үчүн кызматын кылып келет.

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА: «Эринбесем эң сонун ашпозчумун»

Ырына жарашкан мүнөзү бар, ар дайым күлүп жүргөн ырчы Гүлнара Тойгонбаева колу берекелүү меймандос адам. Кең пейилдүү ырчы айым рубрикабыздын алкагында ашкана сырларынан бөлүшүп билгендерин ортого салды. Эмесе, ырчынын эрежелерин эске түйүп, рецепттерин өздүк менюңузга кошуп алыңыз.

– Салатыңыздын аталышы эмне үчүн «Жакшы маанай»?

Түгөйүңүз кайсы тамакты жакшы көрөт?

Өзүбүзгө жаккан эркектер тууралуу көбүрөөк билүү бизге кандай кызыктуу! Айрыкча ортодо жаңыдан мамиле түзүлүп жаткан болсо. Эркектер өздөрү жөнүндө жарыя кыла берүүнү жактыра беришпейт. Андыктан биз, аялдар, байкоочу, сезгич болуп, бир дагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек.

Абсамат масалиевдин уулу Муса Масалиев: "Жан сыздаткан оору менен дачада жалгыз күн өткөрүп келе жатам"

Бүгүнкү каарманыбыз бир кезде элдин алды болсо, азыр турмуштун түркүн сыноолору менен күрөшүп жаткан Муса Масалиев болмокчу. Редакциябыздын коногу болгон бул адам союз мезгилинде кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болгон инсан, кыргыз Эл баатыры Абсамат Масалиевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин бир тууган жалгыз иниси.

Халал азыктары канчалык маанилүү?

"Халал" деген эмне?

Куранда Жараткандын негизги эки өкүмү бар: ал араб тилинде халал жана харам. Кыргызча айтканда адал жана арам. Халал деген сөз араб тилинен которгондо "уруксат берилген" деген маанини берсе, харам "тыюу салынган" дегенди түшүндүрөт.

Кайсы учурда тамак жасайсыз?

Күнүмдүк тамак жасоо милдети негизинен аялзатына таандык. Бирок ошол айымдардан калышпай тамак жасаган мырзаларыбыз дагы бар. Бул ирет сыртта олуттуу иштер менен алек болгон белгилүү мырзаларыбыз үйдө тамак жасаганды билишеби деген суроо менен собол салдык.

Ширин Сарыгулова, ырчы, актриса, манасчы: "Мени эл үч өнөрүмдүн ичинен манасчы катары жакшы таанышат"

Кыргыз искусствосунда ырчы, актриса, манасчы Ширин Сарыгулова деген айым тааныла баштады. Аны өзгөчө манасчы катары тааныгандардын саны арбын. Сахнада салмактуу образдын ээси жашоодо кандай адам экендигин, деги эле таланттуу айым тууралуу жакындан билүү максатында кепке тарттык.

- Ырчы, манасчы, актриса учурда эмне менен алек? 

РОБОТ ЧАҢ СОРГУЧ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Биз үчүн жаңылык болгон буюмдар, анын ичинде аялзатына тиешелүү буюмдардын күндөн-күнгө жаңы түрү чыгып жатат. Алардын ичинен биз бүгүн жаңы чаң соргучтун түрү менен тааныштырабыз. 

ДАУН синдрому - оору эмес, генетикалык өзгөчөлүк

Убакыт өткөн сайын ымыркай балдардын оорулары күн санап өсүп чоң кишилердин дарты менен теңтайлашып баратат. Андай жагымсыз илдеттердин бири - ДАУН синдрому. Баланын келечегине кара көлөкө түшүргөн бул генетикалык өзгөчөлүк тууралуу кенен билип алууңуз келечегиңизге пайдалуу.

Даун синдрому деген эмне?

Страницы