Акын, ырчы, тамада Нуркан Койчуманова сөзмөрлүк жагынан алдыга киши салбайт. Чукугандай сөз таап, тойлорду көрккө бөлөп элдин кызматында жүргөн бул айымга кызыкпагандар жок болсо керек. 50 жаштын даамын татып жаткан эжебиз бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, саламатсызбы, кайсыл жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз эле? Сурайын дегеним кимдин жана эмненин таасиринен улам мынчалык чечен болуп калгансыз?

Жылдыз Тутуева: "Жаш ырчыларга продюсер болууну пландап жатам"

Уккулуктуу үнү менен өз күйөрмандарын тапкан ырчы Жылдыз Тутуева чыгармачылыгындагы бир топ тыныгуудан кийин кайрадан жаңы ырларды жаздырып, сахнага чыгуу алдында турат. Чыгармачылык менен мамлекеттик жумушту бирдей алып кетүүгө белсенип турган ырчы бизде конокто.

- Жылдыз айым, учурда эмне менен алексиз? 

Чынара: "Жолдошум өз канынан жаралган кызын жерге таштап салып оорулуу кылган"

Бармактайынан турмуштун оор соккусуна кабылып, калкалап алар ата-энесиз томолой жетим чоңойгон Чынар эженин аянычтуу тагдырын окурмандарга сунуштоону туура таптык. Аялдын алсыздыгынан пайдаланып кордогон адамдар ээн-эркин жашоо кечиришип, кордолгону аз келгенсип алардын айынан оорулуу болуп, баш калкалар жайы жок чиедей кызы менен көчөдө калган айым акыйкаттык издейт.

Карын эне кызматы канча турат?

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө аял өзүнүн каалоосу менен башка бирөөнүн биологиялык баласын боюна көтөрүп төрөп берген кызмат пайда болду. Ал кызматтын атын суррогат же жалданма эне, айрымдары карын эне деп атап келет. Жалданма эне кызматы жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу жүрөт. Эмесе карын эне тууралуу кенен маалымат төмөндө.

Динара Шамырканова: "Кыргызстанда фитодизайн жаңыдан өнүгүп келе жатат"

Учурда өзүн сыйлаган кайсы гана мекеменин босогосун аттаба, заманбап интерьерди кезиктирүүгө болот. Алардын ичинде көпчүлүгү гүлдөр менен кооздоону жактырышат. Көргөндүн көз жоосун ала тургандай жашылдандыруусу менен оргиналдуулукту жаратып, офистерди жана үйлөрдү гүлдөр менен көрктөндүрүп келген компаниялардын бири "Серебряный бор".

Кыйма - кыргыз балдарына гана таандык көрүнүш

Наристе жаңы төрөлгөндөн тартып түрдүү витаминдерди үзгүлтүксүз алып турушу керек экени энелерге маалым. Баланын чачтары да витаминдерге зарыгышат. Себеби витаминдин жоктугунан бала сөзсүз чач түшүү илдетине чалдыгып, анын өтүшүп кетүүсү менен ар кандай коркунучтуу ооруларга да дуушар болушу ыктымал.

Помидор – сүйүүнүн алмасы

Помидор дүйнөдө картошкадан кийинки эле кеңири тараган жашылча. Аны ар бирибиз билебиз, күн сайын колдонобуз. Бирок анын организмге тийгизген зор пайдасын биле бербейбиз…

Помидордун курамы

Витаминдер

Курамындагы С витамининин көлөмү боюнча помидор цитрус жемиштерине жакындап калат

Зина эже: "Каражаттын айынан баламды дарттан куткара албай калбасам экен…"

Эне үчүн баланын оорусунан бөлөк бул дүйнөнүн тозогу жок болуш керек. Кан-жанынан чыккан данеги чыркырап ооруп, кыйналып жатса эне байкуш эки оттун ортосунда калгандай күйөт эмеспи. Бүгүнкү маектешибиз жети жылдан бери уулунун дарты менен алышып, тынч жашоонун жыргалын унутуп келет. Бул тууралуу өткөн сандарыбыздын биринде да кабарлаган элек.

Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза айым: "Терезенин түбүндө кылдыратып нарда ойноп отурганы көз алдымдан кетпей жатат"

Бул жыл кыргыз мада­нияты үчүн чоң жоготуу­ларга бай жыл болду. Кыргыз элинин мада­ниятын бекемдеп, журтуна керемет ырахат­тарды тартуу­лаган улуу инсан­дарыбыздын арасынан куудул Жаныбек Алыкуловду да жоготуп алдык. "Шорпо" аты менен элдин эсинде калган талантты өмүрлүк жары Азиза эже көз жашына ээ боло албай олтуруп эскерди.

Сыймык Бейшекеев: "Классташымдын такси менен кетели дегенине болбой атайын маршруткага түштүм эле..."

Жаңылыктар көп болгон үчүн бардыгы интернетте отурушабы же бардыгы интернетте отурушкан үчүн жаңылыктар көп болуп жатабы? Айтор, азыркы кезде телефон басууга мүмкүнчүлүгү барлардын бардыгы интернет менен "ооруп", социалдык түйүндөрдө мүмкүн болушунча тынымы жок, "үнсүз сүйлөп" олтурушат.

ТҮН ЭСКЕРТКЕН КҮНДӨР

Караңгылык канчалык көздү байлагысы келгени менен Жараткандын керемети болгон ай, асман толгон жылдыз буга жол бербейт. Толукшуган нурлуу түн тынч гана өкүм сүрүүдө. Ушу бүгүн айдын нуру Касымдын үйүн шыкаалап, терезени жарым жартылай тосуп турган парданын ачык жеринен төр жакта турган бешикке умтулат. Бул ай нуру үч бөлмөлүү, тыкан салынган үйдөгү көп окуяларга күбө болуп келет.

Убакытты башкарбай, өзүбүздү башкарууга үйрөнөлү

Айрым миллионерлердин “мен убакытты туура пайдаландым, ошол үчүн аз убакыттын ичинде чоң-чоң ийгиликтерди багынттым”, “мен убакытка эмес, убакыт мага кул болду” дегендерин билебиз. Убакытты үнөмдөө менен бир канча ишти бүтүрүп, ошол эле учурда ийгилик жаратуу баарыбыздын кыялыбыз болсо керек. Бирок ишке ашыруу баарыбызга кыйын.

Бала багышуучу техника

Заманыбыз күндөн күнгө жаңыланып, технологиянын күчү менен сонун үй жардамчылары чыгып жатат. Алардын бири радио бала багуучу. Мунун жардамы менен сиз алыскы аралыкта туруп балаңыздан кабар ала аласыз. Эңбашкысы бул каражаттын жардамы аркасындабала карашуу үчүн кызматчыга көз каранды болбойсуз.

Гуля Алмамбетова: "10 жылдан бери жайкысын балык уулап, кышкысын аң уулап эс алам"

Жигердүү жашоо образынын ээси Гуля Алмам­бетова бир эле учурда филолог, философ жана консуль­тант. Буга кошумча ишемби, жекшемби күндөрү балык уулап, кышкысын аңчылыкка чыгат. Жан дүйнөсү жаратылышка жакын, балык уулоо менен аңчылыкты салтка айланткан Гуля айым менен ашканада маек курдук.

Страницы