Коомдук телеканалдагы «Ала-Тоо» берүүсүнүн алып баруучусу Нуржан Ташболот кызын акыркы учурларда теледен көрбөй калдык. Теле алып баруучу көрсө сулуулук салонун ачып, айымдардын сулуулугу үчүн кам көрүп жаткан убагы экен.

– Нуржан, сени теледен кетип, салон ачып бизнес- леди болуп кетиптир деп жатышат. Бул чечимге кандайча келип калдың?

Акылбек Усупбаев, КРнын башкы урологу: "Жапжаш эле кыргыз жигиттер кыз болом деп келишет…"

Адамзаттын өзүнүн ойлоп тапкан техникасы азыр заманды гана эмес, өзүн кошо өзгөртүүдө. Анткени бүгүн жаратылышынан эркек болуп жаралгандар кааласа жынысын өзгөртүп аялга айланууда, же тескерисинче. Медицинанын бул жетишкендиги бүгүн бизге да жетти. Кыргызстандын урологдору да өз эрки менен жынысын өзгөртүүнү каалагандардын талабын аткарышууда.

ОКУУЧУЛАР ЭМИ БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫН КИЙИШЕБИ?

Окуучулар арасында кийиле турган бирдиктүү мектеп формасынын моделин тандоого дизайнерлер арасында сынак жарыяланган эле. Кийин алдыңкы моделдеги формаларды тандоо мүмкүнчүлүгү жалпы журтка берилип, элдер смс билдирүү аркылуу добуш берүү укугуна ээ болушкан.

Ата болуу бакыт гана эмес, эркектик парз!

Кыргызстанда алдуу-күчтүү курактагы эркектердин дээрлик төрттөн бири тукум улоого жараксыз болуп баратканын урологдор айтышат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө эркектин урологиялык оорулары 3-орунга чыгып чоң көйгөйдү жаратууда. Алардын ичинен учурда аябай кеңири таралып кеткен кээ бир оорулар тууралуу кененирээк маалымат берүүнү туура таптык.

Айгүл Мурсалиева: "Айжанды жоолукчан көргөнүмдө буркурап ыйлап жибергем"

Актрисалык кадамдан башталган сапарында ар дайым көпчү­лүктүн көңүл чордонунда болуп, кандай жаңылык жасаса да калың элдин бүйүрүн кызытып келген кыргыздын Айжан Акылбекова аттуу кызы жаш болсо да үлгү боло алчу каарман.

Венера Сатылганова: "Жалгыз баламдын ден соолугун гана тилеп жашап келем"

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал жубайлар актёр Мурат Мамбетов менен актриса Венера Сатылганованын жалгыз уулу ооруга чалдыгып, анын айынан баспай калганы тууралуу угуп жүрөбүз. Бир канча жылдан бери баласынын оорусуна шыпаа издеп жүргөн актриса айым баласын Кытай клиникаларына алып барууну максат кылып турган чагы.

Азамат Болгонбаев, "Айтыш" фондунун тең төрагасы: "Көп кыздарга ашык болдум"

Кыргыздын ыйык атын өчүрбөй, көөнө өнөрүн аздектеп кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн алгылыктуу иштерди жасап жаткан маданияттын адамы, бүгүнкү маегибиздин каарманы төкмө акын жана "Айтыш"фондунун тең төрагасы Азамат Болгонбаев мырзаны кепке тарттык. Анда жаш акын өзүнүн балалык мезгилинен бери уланган чыгармачылык жолу, жеке турмушу тууралуу оюн ортого салды.

«ҮБӨЛҮК»

 

(Башталышы)

– Ай, мунуң өлүп калат го, тымтырс эле болуп калды. «Тез жардам» чакырсаңчы?!

Айнур күйөө баласын ары-бери түрткүлөп көрдү да, Айкызга суроолуу карады.

– Өлбөйт! -Айкыз эжесине зиркилдей жооп берди, -буларга сооп жок. Алкаштардын жаны катуу болорун билбейсизби?! Мындайлардан ажал айланып качат.

Аялдык назиктикти жок кылуучу адаттар

Айымдардын бактысы ар убак сүйүктүүсүнүн көңүл чордонунда болуп, сый күтүүсү эмеспи. Ал эми кандай гана мырза болбосун аялдардын назиктигине, жароокерлигине, сулуулугуна биринчи маани беришери анык. Дал ушул аялдык улуу назик сапаттар бизди эркектерден айырмалап турат.

АЙЗАДА: "Балалуу болгонумдан бери жашоого болгон үмүтүм пайда болуп, жашагым келип калды"

Жаңы конуш­тардын бири. Кире бериштеги бөлмөсүн кошкондо эки бөлмөлүү деп эсептелген чакан батир. Эки буту баспаган 1-топтогу майып Айзада ары-бери кыбырап жылып үй оокаты менен алек. Төрдө бешикте жаткан наристе "бешиктен чеч" дегендей үйдүн тынчтыгын бузуп ыңаалап ыйлайт.

"Style Mix" тобу: "Ырчылардын көбү окшош, биз алардан айырмаланып шоу-бизнеске жаңылык киргизүүнү максат кылуудабыз"

Кемел уулу Таласбек 
Туулган жылы: 1993-жыл 7-декабрь
Туулган жери: Талас облусунун Талас шаары 
Билими: орто

Дүйшөналиева Илима 
Туулган жылы: 1994-жыл 2-июнь
Туулган жери: Бишкек шаары 
Билими: Салык колледжин бүтүргөн, Кыргыз улуттук университетинин психология факультетинин 3-курсунун студенти

Грыжа өтүшүп кеткенде адам майып болуп калат

Акыркы мезгилде "грыжаң бар экен дешти, грыжа экенмин" дегендерди көп кезиктирип калдык. Биз анча этибар албаган менен омурткадан кармаган грыжа оорусу күчөп кеткенде адамдын эки буту шилтенбей майып болуп калат экен. Андыктан биз "грыжа" деген эмне оору, кантип алдын алса жана айыкса болот деген суроолорго жооп берип, төмөнкү макаланы сиздер биле жүрсүн деген ниетте жаздык. 

Жарамазан: Салттан көчө бизнесине чейинки жол...

Учурда Рамазан айы. Орозо менен бирге эле жарамазан айтуу да башталды. Бирок ушул жара­мазандын тегерегинде азыр коомдо эки ача пикир бар. Анткени илгери жарамазанды балдардан тартып чоң кишилерге чейин айтып, салт, маданий шаан-шөкөт, берекенин, ынтымактын ырасмиси катары каралса, азыр жарамазанды жаш балдар кайыр суроонун бир ыкмасына айландырып алышты.

Адылова Гүласал: "Наркотикке берилип кеткен эжем кызын да унутуп калды"

 Өткөн жумада кароосуз калган 6 жаштагы Мариям аттуу кичинекей кыргыз кызы Түркиянын көчөлөрүндө бир канча айдан бери күн кечирип жүргөндүгү жана Кыргызстанга түрк жаранынын жардамы менен келгендиги тууралуу маалымат таркаган эле. Дал ошол Мариям аттуу кыздын таежесин кепке тарттык. 

Каныбек Осмоналиевдин жубайы Медеркан Осмоналиева: "Каныбек спорт деп жүрүп балдарынын кантип чоңойгонун билбей калды"

Кыргыз элинин Баатыры, оор атлетика боюнча эң жеңил 52 кг салмакта XXII Москва олимпиа­дасынын, дүйнөнүн 4 жолку, Европанын жана СССРдин 2 жолку чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев агабыз менен баарыбыз сыймыктанып келет эмеспизби. Чемпиондун жеке жашоосу тууралуу билүү андан кызык.

Жылдыз Тутуева: "Жаш ырчыларга продюсер болууну пландап жатам"

Уккулуктуу үнү менен өз күйөрмандарын тапкан ырчы Жылдыз Тутуева чыгармачылыгындагы бир топ тыныгуудан кийин кайрадан жаңы ырларды жаздырып, сахнага чыгуу алдында турат. Чыгармачылык менен мамлекеттик жумушту бирдей алып кетүүгө белсенип турган ырчы бизде конокто.

- Жылдыз айым, учурда эмне менен алексиз? 

Страницы