Жогорку Кеңештеги жаш депутат айымдардын бири Айсулуу Мамашева депутат болгондон кийин жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр көп болду. Дегеним турмушка чыгып, кыздуу болуп, учурда бактылуу турмуш кечирип жаткан чагы. «2017-жыл жашоомдогу эң бактылуу жыл болду», - деген депутат жылдын жаңырышы менен гезитибизге кенен маек куруп берди. Кыргызстандагы бай адамдардын биринин кызы болгону менен, байдын кызымын деп бой көтөрбөй, дайыма жөнөкөйлүгүнөн жазбаган Айсулууга ичимден ыраазы болуп кайттым.

- Айсулуу, Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кандай тостуң?

- Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи, андыктан ар бир үй-бүлө сыяктуу эле мен да үйдө үй-бүлөм менен тостум. Балалуу болгондон кийин кичинекей бала менен эки жакка чыкпаганга аракет кылат экенсиң. Андыктан ашыкча эч жакка чыккан жокпуз, болгону атамды, бир туугандарыбызды куттуктап келдик. Саат он экиге жакын үйгө келип, кызыбызды уктатып коюп, жолдошум экөөбүз тостук.

- Артка кылчайып карасаң, 2017-жыл сен үчүн кандай жыл болду?

ТҮН ЭСКЕРТКЕН КҮНДӨР

Караңгылык канчалык көздү байлагысы келгени менен Жараткандын керемети болгон ай, асман толгон жылдыз буга жол бербейт. Толукшуган нурлуу түн тынч гана өкүм сүрүүдө. Ушу бүгүн айдын нуру Касымдын үйүн шыкаалап, терезени жарым жартылай тосуп турган парданын ачык жеринен төр жакта турган бешикке умтулат. Бул ай нуру үч бөлмөлүү, тыкан салынган үйдөгү көп окуяларга күбө болуп келет.

Убакытты башкарбай, өзүбүздү башкарууга үйрөнөлү

Айрым миллионерлердин “мен убакытты туура пайдаландым, ошол үчүн аз убакыттын ичинде чоң-чоң ийгиликтерди багынттым”, “мен убакытка эмес, убакыт мага кул болду” дегендерин билебиз. Убакытты үнөмдөө менен бир канча ишти бүтүрүп, ошол эле учурда ийгилик жаратуу баарыбыздын кыялыбыз болсо керек. Бирок ишке ашыруу баарыбызга кыйын.

Бала багышуучу техника

Заманыбыз күндөн күнгө жаңыланып, технологиянын күчү менен сонун үй жардамчылары чыгып жатат. Алардын бири радио бала багуучу. Мунун жардамы менен сиз алыскы аралыкта туруп балаңыздан кабар ала аласыз. Эңбашкысы бул каражаттын жардамы аркасындабала карашуу үчүн кызматчыга көз каранды болбойсуз.

Гуля Алмамбетова: "10 жылдан бери жайкысын балык уулап, кышкысын аң уулап эс алам"

Жигердүү жашоо образынын ээси Гуля Алмам­бетова бир эле учурда филолог, философ жана консуль­тант. Буга кошумча ишемби, жекшемби күндөрү балык уулап, кышкысын аңчылыкка чыгат. Жан дүйнөсү жаратылышка жакын, балык уулоо менен аңчылыкты салтка айланткан Гуля айым менен ашканада маек курдук.

ЧЫНАЙЫМ: «КЫЗЫМДЫ ОЙЛОГОНДО ЖҮРӨГҮМ ЫЙЛАЙТ»

Балапа­нынын тагды­рына энедей күйгөн жан жок тура. Оорубу, окпу баарынан коргош үчүн канатына калкалап, жалынып-жалбарып мээрим төккөн эненин күчү бекеринен жер менен салыштырылбаса керек. Таттуу кыялдарын таш боор тагдырга талкалаткан Чынайым эженин энелик оор тагдыры кимди гана болбосун ойлонтпой койбойт.

Гастрит - ашказандын сезгенүү оорусу

Акыркы мезгилде гастрит оорусунан жапа чеккен бейтаптардын саны гана арбыбастан, жашы да жашарып барат. Натыйжада, бүгүнкү күндө гастрит оорусу актуалдуу көйгөйгө айланууда. Бул дарттын келип чыгуусу жана андан сактануу тууралуу кенен маалыматка көңүл буруңуз.

Гастрит эмнеден улам пайда болот?

«Илгери үмүт деген өлбөйт тура...»

Кудайым пендесин кантип гана сынабасын аны көтөрүп, топук кылып, ушул жаратканына ыраазы болуп жашагандары аз санда эле болсо керек. Алардын бири Турдугүл эже. Эже кейиштүү турмушун, бала күндөн башталган оорусунун азабын жалгыз тартып келет. Алдыдагы күндөргө үмүт арткан замандашыбыз мээримдүү мекендештеринен жардам күтөт.

Лира РАЙЫМБЕКОВА, ырчы: “Атаңдан айрылып калдык” деп кызыма угуза албай койдум”

Токтогул торгой­лордун мекени деген кеп бар. Токто­гулдук ырчы­лардын арасынан Үч-Теректин үч кызы элибиздин назарында болуп, ар дайым бир калыптан жазбаган артыкчылыгы менен сүймөнчүлүккө ээ болуп келишет. Бул үч айымдын кенжеси, бир туугандардын эркеси Лира Райымбекова редакциябыздын төрүндө болуп, сырын төгө маек куруп берди.

Страницы