Акын, ырчы, тамада Нуркан Койчуманова сөзмөрлүк жагынан алдыга киши салбайт. Чукугандай сөз таап, тойлорду көрккө бөлөп элдин кызматында жүргөн бул айымга кызыкпагандар жок болсо керек. 50 жаштын даамын татып жаткан эжебиз бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, саламатсызбы, кайсыл жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз эле? Сурайын дегеним кимдин жана эмненин таасиринен улам мынчалык чечен болуп калгансыз?

Улан КАРМЫШОВ: “Бир эмес, эки балаң оорукчаң болсо заманаң куурулат экен”

Адам баласы өзүңдүн ооруңду, кыйынчылыгыңды чыдап көтөрүшүң мүмкүн. Бирок балаңдын ооруганынан өткөн азап жок болсо керек. Бүгүнкү каарманым бир эмес, эки оорукчан баласынын азабын тартып келет. Анда сөз башынан болсун.

 

Фастфуд: тез, даамдуу, зыяндуу

Гамбургер, чизбургер, шаурма… Жеген сайын жегиң келет. Бул арзан жана даамдуу тамактарга көнүп калуу да бат. Бирок ал ден соолукка зыяндуу. Аны бир айда 4-5 жолу жеген адамдын организминде эч кандай өзгөрүү болбойт, ал эми күн сайын жесеңиз, сөзсүз түрдө организмиңизге олуттуу зыянын тийгизет. Кандай зыянын?

 

Бала оорусу тууралуу өзү белги берет

Кичинекей бала кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Балага жардам берүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын өзүңүз баамдап билүүгө тийишсиз. Ал үчүн бала берген белгилерге жакшылап маани бериңиз.

 

Бутун көтөрүп ыйласа…

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Рулда отурбаган белгилүүлөр

Өзүнүн генийлигине карабастан Альберт Эйнштейн машина айдаганды билген эмес жана ал велосипед менен жүрүүнү жактырган. Же болбосо өзүбүздүн эле залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматовчу? Ал дагы өмүр бою рулга отурган жок. Булардын сыңарындай бүгүнкү машинасыз жашоону элестете албаган заманбап турмушта да жөө жүргөн жылдыздар бар экен.

Гүлназ ЧЫНЫБЕК кызы: “Есмахандын мени сотко бергени тууралуу силер сыяктуу эле интернеттен окудум”

Казак ырчысы Ерке Есмахандын “Алматыда жок, жок, Астанада жок, жок” деген саптары бар “Кайда” деген ырын кыргызчага которуп ырдап чыккан Гүлназ Чыныбек кызы учурда талкуу жаратууда. Себеби бул кызды казак ырчысынын ырын которуп ырдаганды үчүн Есмахан сотко бериптир деген кабар аалам тордо желдей тарады. Ал эми Гүлназ өзү бул тууралуу эмне дейт болду экен?

Эркекти кантип багындыруу керек?

Сиздин тандаган эркегиңиз кандай өзгөчөлүктөргө ээ, ал аялдардагы кандай сапаттарды баалайт, дал ушул адам менен бактылуу болушуңуз үчүн эмне кылышыңыз керек?.. Жылдыздар жардам берет.

 

Сиздин сүйүктүүңүз - Кой

Ажырашууну жеңил көтөрүү үчүн…

Ажырашуу – бул эң жакын адамыңа болгон ишенимдин талкаланышы, пландардын бузулушу. Ажырашуу – бул өзүңдү-өзүң текшерүүчү оор сыноо, балдардын келечегине сарсанаа болуу. Кыскасы, ажырашуу - өтө жагымсыз көрүнүш. Ошон үчүн кыргызда «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз бар. Бирок ошого карабай жашоодо ажырашуулар болуп келген жана боло берет.

Дилбар РАЙЫМБЕКОВА: “Салаттарым атылып мээнетим текке кеткен, ошондон бери салат жасабайм”

Ырчылар сахнада ырдаганы менен алар деле сиз сыяктуу үйдө кожойке. Үч- Теректин үч кызынын ортончусу, узун чачтуу ырчы айым Дилбар Райымбекованын үйүндө болуп кожойкенин кышка камылгасы менен тааныштык.

 

– Дилбар айым, кышка камылгаңыз кандай?

Страницы