Акын, ырчы, тамада Нуркан Койчуманова сөзмөрлүк жагынан алдыга киши салбайт. Чукугандай сөз таап, тойлорду көрккө бөлөп элдин кызматында жүргөн бул айымга кызыкпагандар жок болсо керек. 50 жаштын даамын татып жаткан эжебиз бүгүн бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, саламатсызбы, кайсыл жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз эле? Сурайын дегеним кимдин жана эмненин таасиринен улам мынчалык чечен болуп калгансыз?

Лавр жалбырагы - тазалыктын символу

Сиз үйүңүздө лавр жалбырагын бир гана ашканада колдонуп, тамагыңыздын даамын чыгарып жүрөсүз. Бирок бул жыттуу чөптү жашоодогу ар кандай шартта колдонууга болот.

 


Лавр дарагы кайда өсөт?

Алмадан жасалган кыям

Кандай азыктар керек?

Алма: 1 кг

Шекер: 1 кг

Кантип жасалат?

Кыямды антоновка алмасынан жасасаңыз, табитти ачып, тунук болот. Аларды жууп, өзүңүз каалагандай кылып туурайсыз.

Эгемберди ЧАЛАБАЕВДИН жубайы САЛТАНАТ: «Менин туугандарым атайын Казакстандан Эгендин палоосун жегени келишет»

Жаштар театрынын жетекчиси, кыргыз элине белгилүү актёр, өзгөчө «Издейм сени» сериалындагы ролун мыкты ачып бергени менен элдин эсинде калган каарман Эгемберди Чалабаевди баарыбыз актёр, режиссёр катары билебиз. Ал эми ата, жолдош, кожоюн катары кандай адам экени баарыбызга кызык.

Нарынбүбү МУСАКЕЕВА: “Кызымды аман алып калуу үчүн үйсүз калсам деле мейли”

Акыркы кезде медицина өнүктү деп кубанганыбыз менен оорунун түрү көбөйүп, ал аз келгенсип бардык оорулар жашарып баратат. Мунун себеби эмнеде? Балким, дем алып жаткан абабыздан, балким, жеп жаткан химикатка бышкан тамагыбыздандыр. Анткени болушунча дарылануудан улам курт жебеген жер-жемиштерди биз жеп организмибизди уулап жаткан жокпузбу?

Кышка даярдалган салаттар өмүргө коркунучтуу

Учурда күз жакындап айымдардын баары кышка камылга көрүп, азык-түлүктөрдү консервалоо иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Анткени биз жашылча-жемиштерди консервалап алсак, кышы менен витамин жеп чыгабыз деп ойлойбуз. Тилекке каршы, андай эмес экен.

 

Консерваланган азыктардын терс жактары:

Эне эмнени жесе, эмчектеги бала да ошону жейт

Эне менен бала – булар бир организм. Анткени эне жеген азык балага барат. Эмчек эмизген энелердин көпчүлүгү “эки адам үчүн тамактанышым керек” деген ой менен ашыкча тамак жеп жаңылышат. Мындай учурда, тескерисинче, балаңыз токсиндер менен шлактарды кабыл алып калат. Андан да сүт бөлүп чыгарууга сиз ойлогондой көп эмес, болгону 500дөн көп эмес калория жумшалат.

Түйүлдүк качан жана эмне үчүн кыймылдайт?

Кош бойлуулуктун энени эң толкунданткан жана чыдамсыздык менен күттүргөн учуру – бул баланын кыймылдашы. Түйүлдүк өзүнүн бар экенинен кабар берген биринчи кыймылды эне качан туят? Ал бир күндө канча жолу кайталанат? Бул суроолор бардык болочок энелерди кызыктырган суроолор.

 

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Күз мезгилине натыйжалуу маскалар

Бирде чаң учурган жел, бирде муздак шамал, бирде жаан-чачын коштогон түшүнүксүз аба ырайы күзүндө көбүрөөк байкалат эмеспи. Кызыгы, ал адамдын келбетине да ошондой башаламан таасир этет экен. Андыктан тиешелүү маскаларды сунуштоо менен биз аларга каршы күрөшүүнү каалаган айымдарга жардам кылдык.

 

Инстаграмдын кичинекей жылдыздары

Инстаграм баракчасынан түрдүү кызыктар тууралуу маалымат алып, өзүбүздүн сүрөттөрүбүздү жайгаштырып, айтор, аны каалагандай пайдаланып жаткан кезибиз. Ырчылардын баарын, ал турсун алардын кичинекей балдарын да аталган баракчадан көрүүгө болот. Бул жолу Инстаграмдагы мына ошол кичинекей жылдыздар тууралуу маалымат беребиз.

 

Унаа айдоодогу коркууну кантип жеңүүгө болот?

Бүгүнкү күндө унаа айдоого ынтызар айымдардын саны улам артууда. Алардын айрымдары дароо рулга отуруп айдап кетип жатышса, бир бөлүгү машина айдаганды билип, колунда айдоочулук күбөлүгү турса да коркуу сезиминен арыла албай келишет. Мына ушундай “коркоктор” менен бир канча кеңештерди бөлүшмөкчүбүз.

 

Балдар кайда жоголушат?

Учурдун глобалдуу темаларынын бири болгон балдардын жоголуп кетүүсү, өзгөчө жаш балдары бар ата-энелердин тынчын алып келет. Статистикага таянсак, балдар ар кандай себептер менен жоголушат. Алардын эң кеңири жайылганы – балдардын үйдөн качуусу. Ага үй-бүлөнүн социалдык абалы себеп болот. Ал эми баланы уурдоо болсо эң коркунучтуу, бактыга жараша, аз кездешкен учур.

Бул типтеги мырзалар менен кантип жашаса болот?

Кээ бир айымдардын жолдошу оор мүнөздөгү мырзалардын катарында болот. Аны турмуш кургандан кийин гана байкап калган айымдар кантип жашап кетүү тууралуу баш катырышат. Мына дал ошол окурмандарга күйөөлөрүнө кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу маалымат беребиз.

 

Страницы