«Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсү аркылуу ар жумада ар кандай кызыктуу, курч берүүлөрдү даярдап келген журналист Уланбек Эгизбаев бүгүнкү күндөгү жаш журналисттердин алдыңкысы десек болот. Кары-жашка бирдей таанымал журналист болочоктогу түгөйүн жакында интернеттеги баракчасына жарыялап күйөрмандарынын көңүлүн бурду.

– Улан, жүрөгүңдүн ээсин тапканыңды жарыя кылганың көптөгөн күйөрман кыздарыңдын жүрөгүн оорутуп турган учуру, эми той качан?

Балаңызды кандай майрамдатасыз?

Алдыда 1-июнь – балдарды коргоо күнү. Бул күнү наристелердин ою менен болуп, айрыкча көңүл буруу менен майрам уюштуруп берүү ата-энелерге адат болуп калган. Жылдыз ата-энелер бул датада балдарына кандай көңүл буруп келишет жана быйылкы майрамды кандай өткөрүү пландары бар сурап көрдүк.

 

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

СҮРӨТКӨ ЖАКШЫ ТҮШҮҮ ТҮЙШҮКПҮ ЖЕ ТАЛАНТПЫ?

Сүрөткө түшүү - учурда мода, заман талабы. Айрымдар табиятынан сүрөткө жакшы түшсө, көпчүлүгүбүз идеалдуу түшүүнү билбейбиз. Келиңиз, айрым ырчылардын сүрөткө түшүүдөгү сырларын угуп, бул жаатта тажрыйба топтойбуз.

 

Сүрөткө сүйкүмдүү түшүүдөгү сырыңыз кандай?

 

Заманбап сулуулук сакчылары

Cулуу болуунун жаңы ыкмалары кыз-келиндерди кыялындагыдай келбетке ээ кылууда. Ал сулуулук ыкмаларынын оң, терс жактарын, туура пайдалануу жолдорун адистер кеңеш кылышат.

 

Кирпик улоо

Чинара Барыктабасова, кирпик улоо боюнча адис:

ДЕПРЕССИЯ - эң кеңири жайылган оору

Маанай чөгүп, эч нерсеге көңүлдөнбөй, өзүңүздү жалгыз сезип, ыйлагыңыз келеби? Анда сиз депрессиядасыз. Ал эмне болгон илдет, кайдан пайда болот?

Депрессия

АЙДАРОВА Анара: “Кайненемди өлтүрүп сегиз жылга кесилгем”

Темир тор артында жаткан аялдардын тагдыры ар түркүн. Бири оор кылмыш менен кармалып айыбын тартып жатса, бири болор-болбос ката кетирип эркиндигинен ажырап, айласы куруп отурат. Сырттан караган адам аларга сын тагуусу мүмкүн, бирок алардын тагдырынан сабак алуу андан да маанилүү.

Жигиттер, жубай тандоодо адашпагыла!

Апам эмнегедир бүгүн башкача. Менин айланамдан чыкпайт. Бир нерсе айтайын дейт, бирок айта албай чайналып жатты ичинен. Мен баарын байкасам да, билгизбей жүрө бердим. Кечинде чай үстүндө атам экөө сөз баштады, көрсө, жанагы эле «үйлөн» деген сөзүн айта албай жаткан тура. Бул ирет алар мага атамдын жакын санаалаш досунун кызын табышыптыр. Мен дароо эле: «Жок», - деген жообумду айттым.

Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

Дүйнөнү таң калтырган эң акылдуу балдар

Биз жашап жаткан ааламда таң каларлык көрүнүштөр арбын. Жараткан адамдарга бир-бирине окшобогон ар кандай кереметтерди тартуулайт. Бул ирет наристе күнүндө дүйнөнү таң калтырган балдар тууралуу маалымат беребиз.

 

 

УРМОНОВ Асылбек: «Уулум элдин сыймыгы болгонуна кубанып турам»

Аз убакыт мурун орус тележылдызы Максим Галкиндин «Лучше всех» телеберүүсүнө таланттуу эгиз кыздар Айпери менен Нурпери катышып келишкен. Апрель айында ал берүүгө Кыргызстандын атынан 7 жаштагы талант Нурмухамед Ташмаматов катышкан. Берүү жакында Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлүп, жаш спортчу калың элдин көңүл чордонунда болуп турган чак.

Ыйык рамазан айына ылайыктуу тамактар

Орозо кармаган адамдар үчүн тамактар – өтө майлуу эмес, туздуу эмес, чаңкоону жакшы баскан тамактар болушу керек. Ошондой талаптарга жооп берген төмөнкү рецепттер сиздин Рамазан айыңыздын жеңил өтүшүнө жардам берет.

 

Тоок эти жана козу карын менен жасалган палоо

АЖИБЕКОВА Насиба: «Майып аял үчүн эки баланы багуу кыйын экен»

Бир бөлмө ичинде таяк менен оокат кылган аял жана 4 жаштагы жароокер бала менен жылыткычтын түтүгүнө белинен байланган жаңы баскан наристе өзүнчө бир үй-бүлө болуп жашап келишет. Майып болуп төрөлүп, оор тагдырда күн кечирген Насиба тууралуу сөз башынан болсун.

 

Жетсе да колуң булутка, классташыңды унутпа

Кайрадан окуу жылы аяктап бүтүрүү классындагы классташтар биринен-бири узай албай кыйылса, 10, 20 жыл мурун мектепти аяктаган классташтар жолугууга ашыгып, жүрөктөрү дүкүлдөп турган маал. Деги эле классташ деген курбу-достордун эң жакыны, эң ынагы жана эч кыйбасы болот эмеспи. Эмесе, бул ирет классташтар тууралуу кеп кылабыз.

 

Климакс – оору эмес, жашоонун жаңы этабы

Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.

                            

Кош бойлуулуктагы ырым- жырымдарга ишенсе болобу?

Кыргыз эли илгертеден ырым-жырымдар менен жашап келет. Бири ишенип, бири ишенбесе да, ар бир нерсеге байланышкан ар кандай ырым-жырымдар көп. Биз кош бойлуу айымдарга таандык ырымдарды карап көрдүк.

 

Бала төрөлчү болжолдуу күндү эч кимге, жадагалса жолдошуна да айтпаш керек.

Страницы