КҮЗГҮ - ҮЙДӨГҮ ЭҢ СЫРДУУ БУЮМ

Айрыкча аялдардын жашоосун күзгүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Болгондо да ал жөн гана буюм эмес, аяр мамиле жасоону талап кылган өзгөчө буюм. Байыркы заманда эле күзгүгө сырдуу буюм катары карашкан.

 

Күзгү тууралуу илимде жана элдик ырымдарда

Эгерде сиз ашканага күзгү коюуну кааласаңыз, тамак ичкен стол чагылып тургандай кылып жайгаштырганыңыз туура. Бул үй-бүлөнүн барчылыкта, жетишкендикте жашоосуна таасирин тийгизет.

Ал эми уктоочу бөлмөгө күзгүнү мүмкүн болушунча койбой эле койгон жакшы, койсоңуз да уктап жаткан адам чагылбагандай кылып орнотуңуз. Уктап жаткан түгөйлөр күзгүдөн чагылса, алардын жеке жашоосуна үчүнчү адамдын аралашышы тууралуу ишеним бар.

Гүлдесте, бактылуу болуп түшкөн сүйүктүү сүрөтүңүз күзгүдөн чагылып турушуна маани бериңиз. Булар сиздин үйүңүздү жаман нерселерден сактайт жана энергиясын тазалайт. Ал эми «жаман» нерселердин күзгүдөн чагылып турушуна жол бербеңиз.

Күзгүнүн кооз алкагы үйдүн оң энергетикасын коргоого жардамчы болот.

Күзгүнүн көлөмү канчалык чоң болсо, анын оң энергетикасы ошончолук көп болот. Бул айрыкча тегерек күзгүлөргө тиешелүү.

Күзгү – бул маалымат берүүчү буюм. Андыктан, ага керектүү гана маалыматты салуу керек. Психологдор күзгүгө жакшы маанайда гана көрүнүүнү сунушташат.

Чыгыш акылмандары тастыкташат: күзгүдөн адамдын денесинин бардык бөлүгү чагылып, башынын жогору жагында дагы орун калышы керек. Күзгүгө батпай калган дененин бөлүктөрү ооруга кабылат.

Адам көп жүргөн жайларда илинип турган күзгүгө көрүнбөңүз, андай күзгүлөр көптөгөн адамдардын терс энергияларын өзүнө сиңирип алат. Анан сиздин аураңызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мурун бирөө колдонуп жүргөн эски күзгүнү эч качан сатып албаңыз, ага көрүнгөн сайын күзгүнүн мурунку ээсинин эмоциялары жана энергетикасы сизге өтүп турат.

Ал эми элдик ырымга таянсак, кош бойлуу аял күзгүгө көп көрүнсө төрөтү кыйын болуп калат экен.

Эгерде күзгүнү сындырып алсаңыз анын сыныктарын карабай туруп шыпырып алып, таштандыга салыңыз. Ал эми сынган жердин ордун таза суу менен жууп коюңуз.

Өлүк чыккан үйдөгү күзгүнүн бетин жаап коюшат. Анткени, өлгөн адамдын жаны күзгүдөн өзүн көрүп коркуп, маалынан эрте белгисиз багытка учуп кетет деген ишеним бар.

Жумушка кетип жатканда күзгүнүн алдына акча калтырып кетиңиз, бул сиздин финансылык абалыңыздын жакшырышына өбөлгө болот экен.

Сынык күзгүнү карабаңыз, бул жагымсыздыкты чакырат.

Жаш баланы күзгүгө каратканга болбойт, болбосо ал коркок болуп калат. Ошондой эле ал кеч сүйлөшү, кеч басышы же тиши кеч чыгышы мүмкүн. Жана да көп ооруй турган болуп калат.

 

КҮЗГҮНҮ ТАЗАЛОО

Жогоруда айтылган ырымдарды эске алганда, үйдө деги эле күзгүнү таза кармоо керек деген бүтүм келип чыгат. Аны жума сайын, атүгүл андан дагы тезден тазалап туруу керек экен. Ал үчүн:

1,5 литрлик желим бөтөлкөгө толтура суу куюп, ага 1 аш кашык уксусту кошосуз. Жакшылап аралаштырган соң күзгүгө чачып, эски гезиттин барагы менен аарчып саласыз.

Эгер күзгүнүн бети өзүнүн өңүн жоготуп, бозоруп калган болсо аны уксус, суу жана кадимки бордун аралашмасы менен жалтырата сүртсө болот. Бул үчүн 1 стакан сууга 1 аш кашык уксусту, 1 аш кашык майдаланган борду кошосуз. Аралашманы отко коюп бир аз ысытып алсаңыз, андан да натыйжалуу болот.

Күзгүгө көгүлтүр жалтырактыкты берүүнү каалаган болсоңуз, жогорудагыдай эле аралашмага бир аз синька кошуп алыңыз.

Өтө карарып, өз көркүн жоготкон күзгүнү калыбына келтирүү үчүн бирдей көлөмдөгү суунун, бензиндин жана нашатырь спиртинин аралашмасын колдонуңуз. Муну менен аарчып болгон соң күзгүнү гезит менен эмес, кургак жана таза чүпүрөк менен кургактап жибересиз.

Ал эми учуп-конгон чымындын тактары калган күзгүнү пияз менен тазалаңыз. Мында алгач пиязды экиге бөлүп, ички бети менен таза кылып сүртөсүз да артынан ным, анан кургак чүпүрөк менен аарчып коёсуз. Бул чымындын күзгүгө кайра конушуна да жол бербей турган кылат.

 

Күзгү менен төлгө салуу

Күзгү менен төлгө ачуунун эң жөнөкөй жолу төмөнкүдөй: колуңузга күзгүнү алып агып жаткан суунун жанына барасыз. Ичиңизден “болобу же жокпу?” деген өңүттө бир суроону катып, күзгүнү 3 жолу сууга малып чыгарасыз. Анан андан өзүңүздү карайсыз. Эгер күзгүдөн туптунук көрүнсөңүз “болот”, тунук эмес көрүнсөңүз “болбойт” деп түшүнүүңүз керек.

Сүйүктүү адам менен таарынышып, эки башка жүргөн маалда болсо кийинки төлгөнү салып көрсөңүз болот. Бөлмөнү таптаза кылып жыйнап, түн жарымдан кийин столдун үстүнө ак тасмал салып 3 шам күйгүзөсүз. Шамдардын ортосуна чоң эмес, кичине эмес күзгүнү жарыгы потолокко чагылгандай кылып коюп, ушул маалда күзгүнү кароо менен сүйүктүү адамды гана ойлоп отурасыз. Бир аздан кийин күзгүгө сиз күткөн кишинин жүзү түшөт. Ошондо анын жүзү муңайыңкы болсо демек, ал да кайгырууда, а жылмайыңкы болуп көрүнсө анда баары жакшы дегенди туюнтат. Эгерде ал адамдын жүзүнөн кош көңүлдүк байкалса, мындан кийин аны ойлобой коюу тууралуу чечим кабылдай бересиз.

Маселенин мындай же тигиндей чечилерин билгиңиз келсе дагы күзгү менен төлгө ачсаңыз болот. Ал үчүн биринчи эле күзгүнүн бетине өзүңүздүн сурооңузду кыска-нуска кылып жазасыз. Анан аны ак жоолукка ороп, уктоо алдында жаздыктын алдына коюп жатасыз. Бул күнү мүмкүн болушунча жаңы же жуулган шейшептерди салынганыңыз жакшы. Ошондо гана түндө сиз ошол суроонун жообун сөзсүз түшүңүздө көрөсүз же угасыз.

Чоң эмес, кичине эмес күзгүнү алып, түн жарымдан кийин жана ай толуп калган маалда терезеге далыңызды салып турасыз. Анан күзгүнү ай сизге көрүнгөндөй кылып кармап, андагы айды гана тиктей бересиз. Бөлмөдө башка күзгүлөр болсо, төлгө салууга чейин эле алардын бетин ак чүпүрөк менен жаап салууңуз керек. Арадан бир аз убакыт өткөн соң сиз карап турган күзгүнүн бетинде бир нече ай көрүнөт. Аларды токтоолук менен бирден санап алыңыз, себеби, анын саны канча болсо сиздин болочок жубайыңыздын үй-бүлөсү ошончо кишиден турат.

 

 

Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА