Айгүл Мурсалиева: "Айжанды жоолукчан көргөнүмдө буркурап ыйлап жибергем"

Актрисалык кадамдан башталган сапарында ар дайым көпчү­лүктүн көңүл чордонунда болуп, кандай жаңылык жасаса да калың элдин бүйүрүн кызытып келген кыргыздын Айжан Акылбекова аттуу кызы жаш болсо да үлгү боло алчу каарман. Аялдык да, айымдык да, энелик да артыкчылыктарын татыктуу көрсөтүп келе жаткан Айжан Акылбекованын ушул деңгээлге жетишине ченебеген салымын кошкон инсан, каарманыбыздын апасы Айгүл айым биздин маек төрүбүздө. 

- Орозоңуз кабыл болсун. Берекелүү Рамазан айынан айрыкча күткөнүңүз эмне болуп жатат? 

- Алла ыраазы болсун. Учурда неберелерим менен орозо кармап жаткан убагым. Неберелерим эс тартып, көп нерсени акыл менен кылып калышты. Азыркы кезде баарыбыздын тилегенибиз эң алды Айжанканын ден соолугу болуп турат. Азыр кызым Израилде ден соолугун чыңдап жатат. Буюрса, келерине аз гана убакыт калды. Чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. 

- Кызыңыздын таенесинин колунда тарбияланганынан кабарыбыз бар. Андан улам сизден алыс болуп калган эмеспи? 

- Мен азыркы кесибиме даярдык көрүп МВДнын академиясында окуунун артынан түшкөн кезимде Айжан таенесинин колунда болуп калган. Ошону менен ал кишинин колунда тарбияланып, менин колума өспүрүм курагында келди. Таенеси өмүр бою мугалимдик кесипти аркалаган, мектепте директор болуп иштеген инсан болчу. Апамдын колунда тарбиялануусу Айжан үчүн эң жакшы болду. Ырас, кийин окуусун лицейге которуп шаарга менин жаныма кечирээк келип, мага кечирээк көндү. Бул убакта Айжанда өткөөл курак болуп жаткан кез эле. Эми анын баары артта калган. Экөөбүз азыр сырдашпыз, курбум да, кеңешчим да Айжанка. Мен ар дайым кызымдын пикирин эске алам. Өзү болсо кылып жаткан иши бышып жетилмейинче ооз ачпайт. Мен дагы чукуп сурай бербейм. Ишке ашарына көзү жеткен кезде гана "Мурсалиева, үйгө келип кетчи" деп чакырат. Анан жайыл дасторкондун үстүндө пландары менен тааныштырып, ойлорун бөлүшүп калат. 

- Кызыңыз сизди дагы деле "апа" дебейби? 

- Ооба, кичинесинде "эже" деп айтчу. Азыр "Айгүл Мурсалиевна" деп чакырат. Бул нерсе мен үчүн өөн деле эмес. Ишиме ылайык кызымдын, сиңдилеримдин, курдаштарымдын баары тең эле "Мурсалиева" деп чакырышат. Айжанка кээде гана чочугансып "апа" деп калат. Андайда мен үчүн таң калычтуу угулуп кетет.

- Эркектер менен тең­тай­лашып иштеп келе жатканыңызга канча жыл болду?

- Чүй облустук ИИББнин МАТББсынын башчысы, подполковник болуп иштеп келе жатканыма туура 22 жыл болду. Албетте, ишимдин оорчулугу оңой эмес. Ишиме байланыштуу менде катаал мүнөз да бар. Бирок ар дайым аялзатынын өкүлү катары сабырдуулукту сактаганга аракет кылам. Кесиптештерим, ишим өзүмө абдан жагат. 

- Кызыңыздын актрисалык жөндөмү кичинесинде эле байкалчу беле? 

- Айжан жарашыктуу кийингенге, жасанып алганга кичинесинен эптүү болчу. Жоолуктарды түрлөп салынып, кездемелерден сумкаларды жасап эле убаралана берчү. Айылда чоң күзгүнүн алдынан кетчү эмес. Бирок кийин бул кесипти аркалоосун мен каалаган эмесмин. Ошондуктан Айжан окуусун аяктагандан кийин күчкө салып эле менин жолумду жолдосун деп документтеринин баарын өзүм билип Башкаруу академиясына тапшырып салгам. Бир күнү үйгө келсем кызым эки көзү кызарып шишигенче ыйлап алыптыр. Анын мындай ыйы эмне үчүн экенин билип атайын салкын мамиле кылып "Эмне болду?" десем көз жашын мөндүрдөй төгүп "Айгүл эже, мен милиция болбойм. Мен драма театрда иштегим келет. Искусство институтуна тапшырам" деп көгөрүп да, суранып да туруп алды. Бул маалда мен каалаган окууга экзамен тапшырууга убакыт келип калган эле. Ошентип эң акыркы мүнөттөрдө кызыма жеңилип бердим. Айжан айтканынан кайтпаган көктүгүнө салып атып каалаган окуусуна тапшырмак болду. Анан кызым тамсил жаттаса жакшы айтып кетсе экен деп тиленип, документтерин дайындап чуркаганга аргасыз болгом. Баары бир эне катары кызымдын тилегине жетишин кааладым. 

- Неберелериңиздин кимиси атасына көбүрөөк окшош? 

- Улуу уулу Бакайдын чачы так эле атасыныкы. Экинчи уулу Атахан Айжанга көп окшош болгону менен атасынын юморго жакын куудул мүнөзүн жазбай тарткан. Кенжеси Адамдын дос күткөнгө эптүүлүгү, адамга жакындыгы, ал турсун сумкасын салыштырып камынганынан бери атасынын өзү. 

- Айжан эженин жоолук салынуусу коомчулукка таң каларлык болгондой эле сиз үчүн да күтүүсүз болгон болсо керек? 

- Ооба, Айжанды биринчи жолу жоолукчан көргөнүмдө буркурап ыйлап жибергем. Кызы Фатима чарчап калып кудаларыбыз Ак-Өргөөгө коюшту. Айжан "барып келели" дегенинен даярданып келип үйүнүн биринчи кабатында күтүп олтургам. Бир маалда Айжан жоолук салынып, узун кийип экинчи кабаттан түшүп келе жатат. Алгач ага каршылыгымды жашыра албай ордумдан обдулуп барып токтолдум. Ырасында, балалыкта, жаштыкта башка тарбия менен өсүп, кийин узак жылдан бери кызматымдын таасиринен улам мындай бурулушка даяр эмес болчумун. Ыйлап-ыйлап басылдым. Азыр кызымды толук колдойм. Коомчулук Айжандын жоолук салынуусун кайын-журтунун таасири деп ойлошот экен. Жок, андай эмес. Айжан күйөө баламдан ажыраганга чейин эле бул нерсеге даярданып жүргөн. Экөө бирге намаз окуп, бул багытты жакшы өздөштүрүп калган. Болгону анын жоолук салынчу убактысы ушундай кырдаалга туш келип калды.

- Алыс сапарларга көп чыгат эмеспи, ар бир жолку сапары сиздин санааңыз болсо керек? 

- Албетте, эне болгондон кийин кызым үчүн ар дайым ойлоном. Сыртка чыкканда ар дайым бөлөсү Нургүл менен жүрөт. Айжан учуп кеткенден баштап "аман келип жайгаштым, баары жакшы" деп чалганга чейин тынч алып олтуруу дегенди унутам. А Айжандын алыс сапардан аман-эсен кайтып келүүсү мен үчүн чоң белек. 

- Кызыңыз али жаш эмеспи, кайрадан турмушка чыгышын каалайсызбы? 

- Албетте, кызымдын келечегин кантип жөн-салды карап отурайын. Эки-үч курдай айттым, бирок ынабай койду. Улам сайын айтууну мен да туура көрбөйм. Айжанка кайын-журту менен абдан жакшы катышат. Ал жакка бат-баттан барып апасы менен учурашып, эс алып келип турат. Кайненеси экөө абдан ынак. "Апама кеттим" деп жөнөп калганында "менчи?" десем "Мурсалиева, сен азыр жашсың да" деп мени жооткотуп коёт. Неберелерим да айылга барып туугандарынын жанында эс алып, сагынычтарын жазып жаңы гана келишти. Айжандын келечеги тууралуу кайненеси да айтып жаткандыр. Айтор, Айжан бул маселени менден көрө алар менен чечкени туура болсо керек. Мен чындыгында аралаша албайм. 

 

Гүлайым Калыбекова