Кургак учук илдетинен кантип айыкса болот?

Акыркы мезгилде кургак учукка кабылган жарандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатканы баарыбызга маалым. Мындай жугуштуу оорунун түрлөрү кандай? Коркунучу канчалык? Ооруган адам айыгып кете алабы? Артына көп коркунуч каткан бул суроолордун жообу төмөндө.

Кургак учук деген эмне?

Кургак учук - жугуштуу микроб. Бул микробду немис окумуштуусу Роберт Кох аныктаган. Микроб сырткы чөйрөдө жана төмөнкү температурада өтө чыдамдуу болуп, айрыкча нымдуулукта жашап келет. 60 градуста 30 мүнөт ысытканда, же болбосо 5 мүнөт кайнатканда өлөт. Андан тышкары күндүн ысык тийген нуруна да туруштук бере албайт. Ага кислоталар, щелочтор да таасир этпейт. Негизги жок кыла турчу каражат кадимки хлор аки ташынын кургагы жана кварц болуп эсептелинет.


Кургак учуктун түрлөрү:

Кургак учук ачык жана жабык деп эки түргө бөлүнөт. Ачык түрү менен ооруган адам жөтөлгөндө же чүчкүргөндө шилекейдин чачырандысынан кургак учуктун таякчалары абага тарайт да, ал аркылуу оору жайылат. Жабык түрүндө какырыкта таякча жок болуп, адамдарга жукпайт. Кургак учук менен 80 пайыз өпкө жабырланса, калган жыйырма пайызы теринин, көздүн, сөөктүн, бездин, жыныстык органдардын, бөйрөктүн, ичеги карындын, нервдин кургак учугу болуп эсептелинет.


Оорунун башталгыч белгилери:

Узак убакытка чейин жөтөлтүү менен кадимки сасык тумоо сыяктуу башталат. Түнкүсүн тердеп, денеси ысыйт. Алы кетип, тамакка болгон табити начарлап, арыктай баштайт. Көкүрөк көөдөнү ооруп, кан аралаш какырык чыгат.


Ооруп калуу себептери:

Кургак учуктун таякчалары ар бир адамда бар болуп, организмде "уктап жаткан" болот. Өнөкөт өпкө оорусу менен ооругандар, бронхит, кант диабети, муун оорусу менен ооругандардын иммунитети начар болуп, кургак учукка бат эле кабылып калышат. Көпчүлүк учурда баңгизатын колдонгондор, спирттик ичимдиктерди ичкендер, көп нерв болгондор кургак учукка чалдыгышат. Эң башкысы - кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адамдар менен байланыш болгон учурда ооруп калуу коркунучуу күчтүү. 


  Дамира Манапова, Бишкек шаардык кургак учукка каршы борборунун дарыгери: "Кургак учук менен жакшы жашоодо жашагандар дагы ооруп калуусу толук мүмкүн"

  - Кургак учук илдетине кабылгандардын толук айыгып кетүүсүнө кепилдик берилеби?

  - Кургак учук эзелтен бери келе жаткан жугуштуу оору. Гиппократтын учурунда жугуштуу оору экенин билишкен. Ошол учурда эле ооруп калган адамдарды өзүнчө бөлүп коюшкан. Менин Бишкек шаардык кургак учукка каршы борборунда эмгектенгениме 25 жылдын жүзү болду. Канчалаган адамдарды айыктырдык. Көп адамдар айыкканга кепилдик жок деп түшүнүп келишет. Бирок, жакшы дарылануу менен айыгууга кепилдик бар. Ушунча жылдык иш тажрыйбамда аялын таштап кеткен эркектер көп кездешкен, бирок, күйөөсү ооруп калып аялы таштаган бирөө гана болду. Ушундай илдеттен жакшынакай үй-бүлөлөр бузулганы өкүнүчтүү. Кургак учукту жакшылап дарыласа, сөзсүз айыгат. Көп учурда кургак учукка чалдыккан адам өзүнүн бул оору менен жабыркап жатканын биле бербейт. Суук тийгендей жүрө беришип, өөрчүтүп жибергени өкүнүчтүү болуп жатат. Көпчүлүк адамдар башталгыч белгилерине маани бербестен, алы кеткен учурда аны жумуштун көптүгүнө, жөтөлүп калса тамеки чеккенинен көрүп коюп жүрө беришет.

- Кургак учукка кабылгандар канча убакыт дарыланышат?

- Кургак учукка жаңы кабылгандарды жана ооруп айыккан адамдар кайрадан ооруп кала турган болсо, аларды 6 айдан 8 айга чейин дарылайбыз. Бардык дарылана турган дары-дармектери бекер болот. Оорулууну дарылай баштаганда кээ бир адамдар дарылануусун үзгүлтүккө учуратышат же болбосо жакшы болуп калдым деп дарыланууну таптакыр токтотуп коюшат. Андай учурда өпкөдөгү таякчалар (өпкөнүн курту) толугу менен өлбөстөн, кайрадан жанданып организмде жашай баштайт. Кийин дарылоо өтө кыйын жана узакка созулуп, 20 айдан 36 айга чейин дарылоого туура келет. Себеби, ичкен дарынын күчү жетпей, таякчалар үчүн өнөкөт болуп калат. Оорулуу адамдарды алтыдан ашык түрдөгү дары менен дарылайбыз.

- Кыргызчылык менен дарыланып айыгып кетиптир дегенди угуп эле жүрөбүз. Буга дарыгер катары эмне дейсиз?

- Кыргызчылык менен дарыланып, айыктым деген оруулулар кайра эле бизге келет. Себеби, иттин, чочконун этин жеп, кымыз ичип айыктым дегендер убактылуу иммунитеттерин көтөрүп, өзүлөрүн жакшы сезип калган соң айыктык деп ойлошот. Бирок, кургак учуктун таякчалары өлбөстөн жашай берет да, оорусу өтүшүп кетет. Андайларды дарылаш өтө кыйын. Себеби, негизги делген беш дарыны тоготпой калышат. 

- Сөзсүз түрдө ооруканага жаткырып дарылайсыздарбы?

- Ачык түрү менен ооруган адамдарды ооруканага жаткырабыз. Ал эми жабык түрү менен ооругандарынын кээ бирлерине үйүндө ыңгайлуу шарты бар болсо амбулатордук дарылоо жүргүзөбүз. Ооруган адам кайсы жерде жашаса, ошол жердин үй-бүлөлүк бейтапканасынан дарыларын алып, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот. 

- Иштеген адамдар бул ооруга чалдыгып кала турган болсо, эмгек укугу корголобу?

- Сөзсүз түрдө ооруган адамдын укугу мамлекеттик мыйзамдын негизинде корголот. 10 айдан 12 айга чейин оору баракчасы берилет. Айыккан соң ордуна барып иштөөгө укугу бар. Негизи жалпы журтта бул оору менен абактагылар, селсаяктар, аракечтер, баңгизаттарын колдонуучулар жана өтө жакыр жашаган адамдар оорушат деген туура эмес түшүнүк бар. Бул андай эмес, жашоо шарты жакшы, чоң кызматта иштеген адамдар деле ооруп калышы толук мүмкүн. 

- Ооруган адамдар балалуу болушса, сөзсүз түрдө баласына өтүшүп кетеби?

- Эгер ооруп калган аялдын боюнда болуп калса, аны аборт кылганга болбойт. Аборт кылса, оору күчөп кетет. Мисалы, менин практикамда ооруп жатып деле кош бойлуу болуп калган аялдар кездешкен. Эч кандай кургак учук балага өтүп кетпей, жакшынакай эле балдар төрөлгөн. Бирок, кыз-келиндерге айтаар кеңешим, бул илдетке чалдыгып дарыланып жаткан убакта бойго бүтүрбөгөнгө аракет кылгандары абзел. 

- Оорунун кантип алдын алса болот?

- Көпчүлүк учурда бул оору иммунитети начарлаган учурда пайда болот. Ошол себептен туура тамактануу керек. Көбүрөөк эс алып, ар бир адам ден соолугу үчүн өзү кам көрүшү зарыл. 



 

Жаз-Айым Айдекова