Ата болуу бакыт гана эмес, эркектик парз!

Кыргызстанда алдуу-күчтүү курактагы эркектердин дээрлик төрттөн бири тукум улоого жараксыз болуп баратканын урологдор айтышат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө эркектин урологиялык оорулары 3-орунга чыгып чоң көйгөйдү жаратууда. Алардын ичинен учурда аябай кеңири таралып кеткен кээ бир оорулар тууралуу кененирээк маалымат берүүнү туура таптык.

Импотенция

Жыныстык катнашта нормалдуу боло албай калуу, же жыныс мүчөсүнүн функциясынын бузулушу. Өкүнүчтүүсү бул ооруга чалдыккандар өз убагында адиске кайрылбай, дарылануудан уялышып оорунун андан ары өөрчүшүнө жол коюп жатышат. Бул ооруга чалдыгып калуунун себептери эки түргө бөлүнөт. 
Органикалык импотенция - бул жыныс мүчөсүнүн өз фукциясын аткара албай калуусу, же таптакыр жоголушу. Келип чыгуу себептери болуп негизги кан тамырлардын жарылып кетиши, же ичкерип организмде кан тийиштүү деңгээлде айлана албай калганда жыныстык алсызданууга шарт түзүлөт. Көбүн эсе импотенциянын белгилери байкала бербейт. Маал-маалы менен ооруксунуп калып кайра тарап кете берген үчүн көпчүлүк этибарга албай жүрө берип ооруну өткөрүп жиберишет.
Психологиялык импотенцияга стресс, депрессия түздөн-түз себепчи болуп эсептелинет. Психологиялык импотенция жаш курагына карабай күтүүсүз жерден пайда болот да, бат өөрчүйт. Органикалык импотенциядан айырмасы - ал адам жыныстык катнашта боло алат, бирок бел суунун бат чыгып кетиши же кумарланууну сезбей калышы менен өнөктөшүнө ыңгайсыздык жаратат.

Простатит

Простата - табарсыктын алдында жайгашкан жүрөк сымал без. Ошол простата бези суук тийүүдөн, сокку алуудан жана башка факторлордон улам сезгенип калганда простатит оорусу пайда болот. Простатиттин азыркы күндө эки түрү белгилүү: 
Курч простатитке кабылган адамдын дене табы 39-40 градуска көтөрүлүп, урук бези ириңге толуп шишип, заара кылуусу кыйындайт. Сексуалдык жактан алсыз болуп, тез эле кыжырданып нерв боло берүүсү адатка айланат. Мындай жагдайда дароо дарыгерге кайрылбаса урук безинин функциясынын бузулушу менен катар тукумсуздукка бир кадам жакындайсыз.
Өнөкөт простатит оорусунун негизги белгилери болуп бел, жамбаштын, эки жумуртканын уюп, талып оорусу эсептелет. Бул оору акырындык менен өөрчүйт. Анда-санда же бат-бат ооруй баштайт. Мындай шартта дароо дарыгерге кайрылбасаңыз сийдик чыгаруучу түтүк аркылуу табарсыктын, бөйрөктүн сезгенишине жана тукумсуздукка алып келет.

Простата безинин аденомасы

Бул оору эркектин жашы өткөн сайын гормондордун азайып кетишинен улам келип чыгат. Негизинен 45 жаштан кийин аденома бези чоңоёт жана ал зааранын чукул токтошуна, табарсыктын шишип кетишине, табарсыкта таштын пайда болушуна, бөйрөктөрдүн иштешинин начарлап кетишине алып келет. Эгерде ооруган адам дарыгерге өз убагында кайрылса жеңил түрдө дарыланып чыгат. Ал эми өтүшүп кеткенден кийин ооруканага барса, аны операция кылууга туура келет.

Жугуштуу оорулардын түрлөрү:

Уретрит - уретро деген сийдик чыгаруучу каналдын сезгениши болуп эсептелет. Суук тийгизип, же болбосо инфекция жугузганда заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Бирок ошол канал да ириңге толуп калса оорутат.

Гонорея - сийдик бөлүп чыгарууда ачышуу жана кычышуунун болушу, жыныстык катнаштан кийин, же алкоголь ичимдигин ичкен күндүн эртеси ириңдүү суюктуктун бөлүнүп чыга башташы.

Трихомания - кычышуу, ачышуу сийдик чыгаруучу каналда жана жыныс мүчөнүн тегерегинде "кумурска жөргөлөп" бараткандай ыңгайсыз сезимдин жаралышы. Заара бөлүп чыгарда чыңалып оорушу. Ак же күмүш түстөгү суюктуктун чыгышы, сперманын кан аралаш чыгуусу.

Кандидоз - жара пайда кылуучу инфекция. Күч алышынын негизги фактору болуп организмде иммунитеттин түшүп кетиши саналат.

Микоплазмоз - бул оору гонореяга окшошуп кетет. Бир гана айрымасы сийип жатканда азыраак ооруксунуп кычышып калуусу, күнүгө эртең менен суюктуктун чыга бериши болуп саналат.

Хламидиоз - жыныс органдары менен катар муунду, көздү жабыркатат. Бул жугуштуу оорулардын 35-40 пайызын түзөт.

Эркектик бел кубатты көтөрүүчү пайдалуу азыктар:

Жумуртка, балыктын икрасы - толук кандуу эркектин жыныс мүчөсүнүн өсүп жетилишин шарттайт.

Оливка жана күн карама майлары - пайдалуу майлардын жана Е витамининин байытылган булагы.

Эт, балык, тооктун эти - белоктун эң табылгыс булагы жана иммунитетти жогорулатат.

Бадам - бел суунун активдешүүсүнө жардам берет. Курамында белок, кальций, магний, фосфор, калий, цинк, В жана Е витаминдери бар.

Кедр жаңгагы - витаминге бай микроэле­менттеринин көптүгү менен бел суунун сапатын жакшыртат.

Цитрус өсүмдүктөрү - сперманын көлөмүн көбөйтөт жана аларды активдештирүүгө жардам берет.

Грек жаңгагы - толук кандуу эркектин жыныс мүчөсүнүн өсүп жетилишин шарттайт.

Бал - эркектин уругун жакшыртат, ошону менен катар жумуртка клеткаларында уруктандырууну активдештирет.

Күнжүт - кальций, магний, фосфор, темирге бай. Бул организмдеги тестостерон гармонун жөнгө салып турат.

Сабиз - бета-каротин микроэлементинин бардыгы менен бел суунун сапатын жакшыртат.

 

Ызаат Тургунбаева