Сурагым келет

Рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында энелердин балдар ооруларына байланышкан суроолоруна жооп алууга аракет кылдык. Суроолорго №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун балдар дарыгери Сатарова Чынара Садыковна жооп берет. Сизди түйшөлткөн башка суроолор болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине смс билдирүү жазыңыз. Биз сиздин сурооңузга жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Балам 4 жашта, түнү менен коңурук тартып чыгат. Гайморити бар, ошондонбу деп дагы ойлоп кетем.

Ырыс, Кара-Балта шаары

Жооп: - Негизи жаш баланын коңурук тартуусу балдардын аденоид деген оорусунан улам болушу мүмкүн. Бул оорудан улам баланын мурдуна эт өсүп кетет да, бала коңурук тартат. Сиз сөзсүз түрдө кулак-мурун, ооз көңдөйдү көргөн дарыгерге барып балаңызды текшерүүдөн өткөрүшүңүз керек. Ошолор гана так диагнозун коюп беришет.

 

Суроо: - 6 жаштагы балам күнүнө бир эле же эки күндө бир заңдайт. Заңы абдан катуу чыгат. Бул эмне себептен болушу ыктымал?

Анара, Нарын шаары

Жооп: - Баланын бир күндө бир ирет заңдап, заңы катуу чыкканы жеген тамак-ашына байланыштуу болушу мүмкүн. Бала таттуу азыктарды, камырдан жасалган же бир кылка коюу тамактарды жегенде ичи катып, заңынын чыгышы кыйындайт. Энелер балдарды оңой сиңе турган витаминдүү жеңил тамактар, кычкыл сүт азыктары, жашылча-жемиштер менен тамактандыруулары керек. Ич катуу айрым учурда гана ичеги-карынына суук тийип же ичегиге инфекция киргенден улам дисбактериоз оорусуна кабылуудан болот. Андыктан бул баланы алгач жогоруда айтылган азыктар менен тамактандыруу керек. Эгер алар натыйжа бербей ич катуу улана берсе, анализ тапшырышсын. Болбосо акырындап баланын ичи катып олтуруп заңы чыкпай калуу коркунучу да бар.

 

Суроо: - Сегиз айлык кызым тынбай ыйлай берчү. Жакында башын УЗИге түшүрсөм “башында суусу көп” дешти. Бул эмнеден болот, айыктыра аламбы? Анан да “башында суусу көп баланы бешикке бөлөсө болбойт” деп уктум. Канчалык чындыгы бар?

Жазира, Ош шаары

Жооп: - Баланын башындагы суунун көптүгү көп учурда кош бойлуу эненин жугуштуу вирустук инфекциялар менен ооруп калышынан улам болот. Ал оорулар түйүлдүктүн башынын өзгөрүшүнө таасир этет. Бул оорунун ар кандай түрлөрү болот, невропатолог текшерип көрүп дарылайт. Жеңил түрү болсо дары ичүү жолу менен, оор түрүн операция жолу менен да айыктырышат. Мындай оорусу бар баланы бешикке бөлөбөй эле койгон оң.

 

Суроо: - Алты жаштагы кызымдын оозу дайыма эле оозул боло берет. Кантип кутулсак болот?

Назгүл, Сокулук району

Жооп: - Кичинекей балдарда оозул кир колун жуубай тамак жеп, колун оозуна сала бергенден болот. Бул оорунун алдын алуу үчүн энелер балдарын кичинесинен өздүк гигиенаны сактоого, тазалыкка үйрөтүшү керек. Балдар эшиктен ойноп келгенде, тамак ичерде колун самындап жууганды адат кылуулары зарыл. Айрым балдар иммунитети түшүп кеткенде, каны аз болгондо, антибиотикалык дарыларды алганда да оозул болот. Энелер балада оозул пайда болгонун байкары менен баланын оозун кайнак сууга туз же фурацилин таблеткасын кошуп чайкатышы кажет. Нистатин деген дарыны талкалап оозул болгон жерге сепсе дагы жакшы натыйжасын берет. Эгерде өтүшүп кетсе, дарыгерге кайрылышы керек.

 

Суроо: - Сасык тумоо башталса алгач эле менин кызыма келип тиет, абдан тез-тез ооручу болду. Иммунитетин кантип көтөрсө болот?

Айсулуу, Бишкек шаары

Жооп: - Иммунитетин көтөрүү үчүн эт, сүт азыктарынан жасалган витаминге бай тамактардан бериш керек. Күн сайын эшикке чыгарып, таза абага сейилдетип туруу шарт. Дарыгерге барса иммунитетти көтөрүүчү дарылардан жазып берет. Эч качан дарыгердин сунушу жок, өз алдынча дары ичирүүгө болбойт. Ошондой эле сасык тумоо менен көп оорубашы үчүн терезелерди ачып үйдү тез-тез желдетип, полду ным чүпүрөк менен жууп туруу зарыл.

 

Суроо: - Төрт жаштагы кызым тамакты абдан көп жейт, такыр тойбойт. Ошол эле учурда салмак кошпойт. Ичинде курту барбы деп ойлоп жатам.

Аида, Токтогул району

Жооп: - Жаш балдардын тамак жегени жакшы. Тойбогон балдар болсо бат кыймылдаган балдар. Алар кыймылдаган сайын энергиясы кетип, кайрадан тамак ичкилери келип турат. Ал эми курту барбы деп күмөн санасаңыз, заңынан анализ тапшырып көрүңүз.

 

Суроо: - 1 жана 5 жаштагы балдарым бар. Экөө тең абдан көп тердешет. Бир аз чуркап ойноп коюшса эле кийимдери суу болуп чыгат. Кичинекейлер эмнеге мынча тердейт, билгим келет?

Айнура, Бишкек шаары

Жооп: - Балдардын көп тердегенинин ар кандай себептери бар. Мисалы, айрым балдардын ата-энелери терчил болсо, ал балага өтөт. Андан сырткары баланын каны аз болсо, бат-бат ооруса тердеп турат. D витамини жетишсиз болгон балдар дагы көп тердейт, бирок 1 жаштан 2 жашка чейинки гана.

 

Суроо: - Ар кандай фирмалардын капсулаларын балдарга ичире берсе болобу? Кошунам ошолордун биринин кальцийин баласына ичиргенден кийин кыймасы жок болгонуна өзүм күбө болгом.

Калипа, Бишкек шаары

Жооп: - Мындай фирмалар саткан капсулаларды энелер өз алдынча сатып алып балдарга бергени болбойт. Анткени арасында алдап саткандары дагы болуп жатат. Албетте, жакшы фирмалардыкы чынында эле жардам берет. Бирок энелер кайсы жакшы, кайсы жаман экенин ажырата албай калышууда. Ошондуктан дарыгер менен кеңешип, колдон эмес, дарыканаларда сатылган дарылардан эле алышса коопсуз болмок.

 

Суроо: - Кызым 1 жарым жашта. Учурда азуу тиштери чыгып жатат. Табити жок болуп ыйлап, кыжалат болууда. Оорусун кантип жеңилдете алам?

Зарема, Талас облусу

Жооп: - Тиши чыгып жатканда баланын дене табы көтөрүлөт, ичи өтөт, табити жоголуп, чыргоолонот. Мындай учурда Бебидент деген дарыны чыгып жаткан тишке тамызып койсо ооруну жеңилдетет.

 

Суроо: - Балам кичинесинен ооруп, дарыны абдан көп ичти. Дарыны көп ичкендин зыяны болсо керек. Эми организмин кантип тазаласам болот?

Жаркынай, Кой-Таш айылы

 Жооп: - Ар бир дарыгер оорулууга антибиотик сунуштап жатканда ага кошумча организмди тазалай турган дары жазып берет. Энелер болсо антибиотик алып жаткан балага суюктукту көп берүүсү керек. Заара аркылуу организмдеги антибиотиктер, керек болсо инфекциялар да чыгып кетет.

 

Суроо: - Бир жаш алты айлык кызымдын көтөнү кызарып калганын байкагам. Анан заңы менен ак курт чыкканын көрдүм. Жаш балада чүчөк эмнеден улам пайда болот, кантип дарылаш керек?

Кундуз, Чүй облусу

Жооп: - Жаш баланын заңы менен ак курт чыгып жатса, аны сөзсүз түрдө ооруканага алып барып заңынан анализ тапшыртып, дарылатсын. Мындай кенедей балага чүчөк чоң адамдардан чогуу жатканда шейшеп аркылуу жугат. Кир оюнчуктардан, үтүктөлбөгөн шейшептен болушу да мүмкүн.

 

Суроо: - Балага тамакты чоң адам чайнап берген болбойт деп угам...

Айпери, Сокулук району

Жооп: - Балага тамакты башка адам эмес, энеси дагы чайнап берүүгө болбойт. Анткени энеде кандай инфекциялык оорулар болсо, оорубаган күндө деле андагы микробдор балага жугат. Этти дагы чайнап беришет экен. Эттин даамынын баарын энеси соруп алат дагы, эч нерсеси жок калганда балага берет. Азыр блендер деген бар, аны менен кайсы тамакты болбосун, майдаласа болот.

 

Суроо: - Үч кызымды катары менен аз кандуулук менен төрөгөм. Азыр баарынын каны аз. Балдардын канын көтөрүү үчүн үй шартында кандай азыктарга басым жасоо керек?

Айгүл, Токтогул району

Жооп: - Бардык энелер кош бойлуу болордун алдында кан өлчөмүн текшертип, анан кош бойлуу болсо өзүнө да, баласына да жакшы болот. Аз кандуулук менен жапа чеккен энеден сөзсүз каны аз бала төрөлөт. Аз кандуулук менен төрөлгөн балдар бат-бат ооруйт, иммунитети төмөн болот. Ал эми мындай балдарга уйдун майлуу эмес этин, уйдун тилин, балыктын этин, кызылча, аларга кошуп канды көтөрө турган дары ичириш керек. Негизи дайыма уйдун этин жеп тургандарда аз кандуулук болбойт.

 

Суроо: - Эгерде энесинин канында С гепатити бар деген күмөн болсо, курсактагы балага жугуп калуу коркунучу канчалык? Анализдерде 15 МЕ/мл деген маалымат чыгып, бирок терапевт так маалыматын айта албай жатат. Анан да төрөгөндөн кийин баланы эмизүү мүмкүнчүлүгү болобу же жокбу деген ой кыжалат кылып жатат.

Нуржамал, Бишкек шаары

Жооп: - С гепатити менен ооруган эненин канынын курамында С вирустук гепатити өтө көп болсо гана жүз кишиден үчөө-төртөөнүкү эле түйүлдүккө өтөт. Болбосо коркунуч жок, балага жукпайт. Төрөгөндөн кийин деле коркпой эмизе берсин, бул оору сүт аркылуу жукпайт.

 

Суроо: - 2-класста окуган балам кечкисин төшөккө заара ушатып коёт. Бул оорубу?

Мээрим, Манас району

Жооп: - Алгач анализ тапшыруу жолу менен баланын бөйрөгүн текшерип көрүү керек. Бөйрөгү жайында болсо нефрологго көрсөтүү керек. Көп учурда балдар энурез деген оору менен ооруганда табарсыгы бош болуп төшөккө заара ушатып коюшат.

 

Суроо: -1 жаш 8 айлык кызымдын болгону алты тиши чыккан. Аны менен тең балдардын дээрлик бардык тиштери чыгып калганын көрүп сарсанаа болуп жатам.

Гүлназ, Токмок шаары

Жооп: - Өзүңөр көрүнүп жүргөн дарыгерге барып кальцийге анализ тапшыргыла. Кальцийдин жетишпестигинен тиш кеч чыгат. Айрым балдардын тишинин орду өйдөрөөк турса дагы кечирээк чыгып калат. Же гемоглобини аз.

 

Суроо: - Балага упчу эмизгендин зыяны жокпу?

Айнура, Жалал-Абад облусу

Жооп: - “Балдарга упчу эмизгиле” деп таптакыр кеңеш бербейбиз. Колдон келсе упчу эмизбеген эле жакшы. Анткени упчу бардык убакта таза болбогондуктан балага оорунун баары упчудан жугат. Ооз көңдөйү оорулары ошондон келип чыгат.

 

Суроо: - 6 жаштагы балам “бутум ооруп жатат” деп балтырын көрсөтүп калчу болду. “Боюң өсүп жатат” деп сооротуп койгонум менен өзүм сарсанаа болуп жатам. Дарыгерге алып барып көрсөтсөмбү же коркунучу жокпу?

Азиза, Бишкек шаары

Жооп: - Баланы дарыгерге алып барсын. Суук тийсе буту ооруйт, ревматизм боюнча анализ тапшырсын. Ошондой эле баланын бою өсүп жатканда кальций жетишсиз болсо да буту ооруйт. Текшерүүдөн кийин гана себебин аныктай аласыз.

 

 

Динара Чокоева