Улуттук суусундуктар

Бозо

Кандай азыктар керек?

Акшак: 1 кг

Угут: 200-250 г

Ачыткы: 1-2 литр

Жылуу суу: 1,5-2 литр

Кайнак суу: 5-6 литр

Кантип жасалат?

Угутту даярдоо үчүн буудайдын үстүнө жылуу суу куюп, жылуу жерге бир сутка коёсуз. Андан кийин суусун төгүп, ным чүпүрөккө ороп, жылуу жерге дагы 3-4 сутка коюп коюу керек. Өнүп баштаганда эт майдалагычтан өткөрүп, андан соң көлөкө жерге жайып кургатасыз.

Акшактын үстүнө жылуу сууну, ачыткынын жарымын куюп, аралаштырып, жылуу жерге 1-2 сутка коюп, ачыгыча күтөсүз.

Ачыгандан кийин аны ичинде кайнак суусу бар идишке салып тынымсыз аралаштыруу менен кайнатасыз. Кашыкка жабышпай калганда даяр болду деп билсеңиз болот.

Оттон чыгарып, муздагыча бат-баттан аралаштырып турасыз.

Жылуу болуп калган кезинде угутту кошуп, дагы аралаштырыңыз. Бүткөн соң ачыткынын калганын куюп, жылуу жерге 7-10 саатка чейин коюп коюңуз.

Даяр бозону таза марлиге салып чыпкалап, сүзүп аласыз.

 

Максым

Кандай азыктар керек?

Талкан: 200 г

Суу: 4-6 литр

Буудай уну: 50-60 г

Ачыткы: 250-300 г

Туз

Кантип жасалат?

Кайнап жаткан сууга талканды бир колуңуз менен себелеп салып, экинчи колуңуз менен тынымсыз аралаштырып турасыз.

Татымына жараша туз кошуп, даяр болгуча кайнатасыз.

Оттон чыгарып алып муздагыча күтөсүз.

Өтө ысык эмес, кол күйбөгүдөй температурада болуп калган кезде ачыткыны куюп, унду себелеп салып аралаштырасыз.

Жылуу жерге коюп, муздап калбаш үчүн үстүн жылуулап жабасыз.

8-10 сааттан кийин максым даяр болот.

 

Ак серке

Кандай азыктар керек?

Шорпо: 1 литр

Сүзмө, кымыз же айран: 200 грамм

Кантип жасалат?

Камыр кайнагандан кийинки шорпону сүзмө менен аралаштырасыз (сүзмөнүн ордуна айран же кымыз колдонсоңуз да болот).

Ак серкени беш бармак желип бүткөн соң жылуу түрүндө бересиз. Ал чаңкоону кандырып, майлуу тамактын организмге жакшы сиңишин шарттайт.

 

Жарма

Кандай азыктар керек?

Суу: 4-5 литр

Талкан: 200-300 грамм

Өсүмдүк майы: 1 чоң кашык

Ун: 1 чоң кашык

Туз

Кантип жасалат?

Майды кызытып, ага унду салып кууруйсуз да, үстүнө суу куясыз.

Кайнаарга жакын талканды салып, бир калыпта жагылган отто кайната бересиз.

Бир аз коюулана баштаганда жарма даяр болгон болот.

Бышкан жарманы муздатып, айран же сүзмө кошуп иче бересиз. Муздак жарма – өзгөчө аптаптуу мезгилдерде суусунду кандыруучу эң жакшы суусундук.

 

Куурума чай

Кандай азыктар керек?

Демделген чай: 1 стакан

Суу: 1 стакан

Сүт: 4 чоң кашык

Ун: 4 чоң кашык

Сары май: 1 чоң кашык

Туз: 1 чымчым

Кантип жасалат?

Унду сары майга ачык-күрөң түскө келгиче кууруйсуз.

Чай менен сууну аралаштырып, бир жолу кайнатасыз.

Ага сүттү, куурулган унду, тузду кошуп дагы 2-3 мүнөт кайнатасыз.

Куурума чайды пиалаларга куюп бересиз.

 

 

Айназик РАИМКУЛОВА