Болот Тентимишев: “АЙДАРДЫН РОЛУНА КИНО ТАРТЫЛУУГА ҮЧ СААТ КАЛГАНДА ТАНДАЛГАМ”

Бул ирет биз мындан бир топ жыл мурун тартылган, тасма айдыңында ар кыл сыноолорго кабылган, урулган, согулган, ошентсе да кийинки кинолордон өзөктүү мааниге ээлиги менен айырмаланган “Аталар керээзи” тууралуу сөз кылабыз. Андагы урунттуу учурлар жөнүндө, азыр ар бир кыргыз жигитинин башына түшүп калуусу мүмкүн болгон жагдайды – чет жерге тажрыйба топтоо үчүн барып, ал жакта сүйүү үчүн калып калган образды жараткан Болот Тентимишев айтып берет.

Аталышы: “Аталар керээзи”

Жылы: 2003

Режиссёру: Нурбек Эген

Жанры: драма, комедия

Ролдордо: Наташа Ренье (Изабелла), Болот Тентимишев (Айдар), Мелис Шаршенбаев (атасы), Тынара Абдразаева (апасы), Асан Аманов (Юсуп), Нурсейит Абсамат уулу (Тимур), Марат Жанталиев (Осонбай), Марат Козукеев (Эрмек).

– Болот, айтсаңыз, французча билесизби?

– Жок, французча билбейм. Ошон үчүн кинодо диалогду жаттап ойноого туура келген. Бирок, баары бир тасма тартылып бүткөндөн кийин менин сөздөрүмдү үнү, тембри меникине окшош болгон бир француз актёру дубляж кылган. Анткени, канчалык жакшы сүйлөбөйүн, французча билгендер үчүн андагы акцент билинип калмак. Анан да өнөктөшүм менен ойноо учурунда менден сүйлөө гана эмес, эмоция, сезим да берилиши керек да. Дал ушул мамиле экрандан калп катары көрүнүп калбаш үчүн мага диалогду жаттоого, ал эми кинодогу үнүмдү дубляждоого туура келген.

– Диалогду жаттоо кыйын болду беле?

– Абдан эле кыйын болгон. Себеби, менин тасмадагы сөздөрүмдүн 80 пайызы француз тилинде эле. Буга кошумча французча билбегенимден улам мага өнөктөшүм Наташа Реньенин (Изабелла) сөздөрүн да жаттап чыккам. Бул диалог кыргызча же орусча болгондо, мен анын сөзү же сүйлөмү кайсы жерден бүткөнүн билмекмин да, ага ошол маалда жооп кайтара бермекмин да. Французча болгон үчүн анын да сөздөрүн жаттап алуу керек болгон.

– А Айдардын ролу сизге кандайча тийип калган?

– Талап боюнча, ар бир эле тасмага актёрлор кастинг аркылуу кабыл алынат эмеспи. Ошолор катары мен да биринчи фотосыноого, андан кийин видеосыноого катышкам. Айдардын ролу үчүн чындыгында тандоо курч болгон. Алардын арасында билими бар актёрлор да, билими жок актёрлор да бар эле. Атүгүл билими жокторду 2 ай чеберчиликке машыктыруу үчүн атайын режиссёр жалданган экен. Ошентсе да фильмдин режиссёру Нурбек Эгендин айтымында, дайыма Айдардын ролуна талапкерлердин узун тизмесинин башында мен болуп туруптурмун. Ушул эле ролго залкар жазуучунун уулу Эльдар Айтматов да талапкер болгон. Ал учурда мен бул жактагы жумушум менен катар эле Ош драма театрында иштеп жүргөм. Бир күнү режиссёр негизги видеосценарийди алып кетүүгө чакырды. Ошондо Бишкекке эртең мененки саат 9да учуп келип, колго текстти алып кайра түшкү саат 14тө учуп кеттим. Эң кызыгы, көркөм кеңеш тасма мына тартылат деген күнгө чейин Айдарды ким аткараарын толук чечпей, негизги талапкерлер катары Эльдар экөөбүздү тең ушул ролго даярдап жүрүптүр. Анан кинону тартып баштоого 3 саат калганда буга мен тандалып алынгам.

– Ушунча талапкердин арасынан суурулуп чыгуу үчүн кандай аракет жасадыңыз эле?

– Бул үчүн атайын бир аракет жасаган эмесмин, бирок, тасмага түшүүгө талап болгон курмандыкка баргам. Мен өзүм толмоч жигитмин, ошол фильмге тартылуу учурунда болсо 33 жашта экенмин. Анан эле 24-25 жаштагы жаш жигиттин ролун ойноого туура келип калды. Мындан улам кино менден ошол курактагы адамдын көрүнүшүн жаратуу үчүн арыктоону талап кылды. Ошондо үй-бүлөлүк түйшүктүн баарын жубайыма өткөрүп берип, кургамайга, тердемейге түшүп күнүнө 10-15 чакырым чуркап жаттым. Бул жерде мынча килограмм арыктадым деп айта албайм, бирок, 52-өлчөмдөгү кийим кийген жаным 46-өлчөмдөгү кийим кийген жигитке айландым. Буга мага болгону 1 айлык гана мөөнөт мүмкүнчүлүк берилген.

– Жубайым демекчи, жубайыңыз “ачык кадрга” тартылууга кантип уруксат берди эле?

– Менин жубайым профессионал актриса Сайра Эсенбаева. Ал кесип менен жашоону бири-биринен иргеп бөлө ала турган адам. Жубайым эле эмес, менин эс тартып калган балдарым деле бар. Бирок, биз алдын ала сүйлөшкөнбүз, макулдашканбыз. Биз дал ушул кесип аркылуу оокат кылабыз.

– Сиздин салыштырмалуу түрдө элге, салтка, менталитетке жат мындай ролдорду көбүрөөк жаратууңуздун сыры да ушундабы анда?

– Жок. Биздин элибиз, салтыбыз, менталитетибиз бар, бул аларга жат көрүнүштөр дечи албетте, бирок, антип баарынан баш тартып коюуга болбойт да. Анан да сценарийдеги жазуу бир нерсе, аны тасмада ойноо башка нерсе болуп айырма да жаралып калат экен. Мисалы, Айдар менен Изабелла бир үйдө жүрүшүп экөө башкалардан сезимдерин жашырып жатышат, бири-бирине жакындай алышпайт. Анан алар табият аркылуу жуурулушуп жатышпайбы. Эми бул жерде мүнөз, образ деген мааниге ээ экен да, а мен болгону ошол образды, мүнөздү толук ачып берүүгө аракет жасагам. Кээ бирөөлөр “режиссёр Нурбек Эген ошол “Аталар керээзинде” ойногон командасы менен келип эле “Ээнсиреген үйдү” тартып салган” деп айтып калышат. Акыркы күндөрү дал ошондогу образымдай зөөкүр, мансабын көтөрө албаган каармандарды ойноону көп сунуштап калышты. Бирок, мен алардан баш тартып жатам.

 

      Тынара Абдразаева, КР эл артисти:

   – Жанагы Айдардын атасынын, менин жолдошумдун ролун ойногон Мелис Шаршенбаев деген киши өзү актёр эмес, режиссёр. Бизге качандыр бир кезде “Күн кармаган бала” деген спектаклди койдурган. Ошондон көп жыл өткөндөн кийин биз ошол кинодо жолугуп калып жатпайбызбы. Анан тасмада экөөбүз аялы-күйөөсү катары боз үйдүн ичинде бир төшөктө жаткан жерибиз бар го, мына ошону агай режиссёр Нурбек Эгенге “ушул жерин тартпай эле кой, мен уялам. Аялыма, балдарыма кантип көрсөтөм?” деп алдын ала айтыптыр. Тиги да агайды алдап “макул” деп коюптур. Анан эле ошол жерди тарта турган күн келди, боз үй тигилди. Биз баарыбыз жабыла агайды “боз үйгө чай ичебиз” деп алып келдик. Улам бир сөздөн бир сөздү сүйлөгөн болуп, ага “буларды кийип көрсөңүз, жарашат бекен” деп жанагы ак кийимдерди кийгиздик. Ошентип билмексен болуп келип эле тартып баштайлы десек, агай Нурбек Эгенге “сен бул жерин тартпайм дебедиң беле. Мен эми кантип үйүмө көрсөтөм, куда-сөөктүн бетин кантип карайм?” деп жаш балача кызаңдап, уялып баштаса болобу. Анда мен “агай, кызыксыз, сиз деле режиссёр болгондо “сахнада өбүшкүлө” десеңиз, биз аткарчу элек го” дедим. Ошентип, Мелис агайды “мунун эч кандай уяты жок, агам катары жаныма жата бериңиз” деп араң көндүргөнбүз. Ошондо да тердеп-кургап, мени жаман көзү менен карап жинденип жатып тартылган. А мен ансайын “сиз деле көйнөк менен, мен деле көйнөк менен, эч нерсе болбойт. Жөн эле кучактап коём” деп тийишип коюп жаттым.

 

  Марат Жанталиев, актёр:

  –  “Аталар керээзинде” француз актрисасы экөөбүз арак ичкен бир эпизод бар эмеспи. Мына мен ошол жери тууралуу сөз кылгым келип жатат. Негизи Изабелланы ойногон Наташа Ренье Кыргызстанды бир Афганистан сыяктуу эски жана артта калган өлкө катары ойлоп келиптир. Ал тасманын тартуу иштери башталганча улам эле “бул жактын артисттери кандай ойношот?” деген суроону берип жатты. Ошентип жүрүп съёмка дагы башталып кетти. Анан ал кокустатып алган бутуна арак сүйкөп жатканда мен балтаны көтөрүп алып анын бөлмөсүнө терезеден кирип, экөөбүз ал жерден арак ичкен жерибизди бир дубль менен эле жеткире аткарып бергем. А Наташа кантип эле дегенсип плёнканы артка түрдүрүп көрүп жатпайбы. Көрүп алып бул эпизод сонун тартылганы үчүн бир топко чейин сүйүнүп кол чапкан. Антсе баары “Марат байке, буга сиздин ойногонуңуз жакты” деп калышты. Мен буга сыймыктандым албетте, бир чети мага абдан күлкүлүү болду. Анткени, мен бул образды кыйналбай жөн эле ойноп койгом да. Ошондо анан Наташага “мына, сен кызыгып жаткан кыргыздын артисттери ушинтип ойношот” деп жооп бергем.

 

Жеңишбек Сманов, актёр:

   – Эсиңизде болсо, тасмадагы үлпөт тойдо Айдар (Болот) Изабелланы (Наташа) кызганып Осонбай (Марат) менен урушуп кетет го. Анан аларды коштоп бардык эркектер бири-бири менен мушташып, той тополоңго айланып кетет эмеспи. Ошол жеринде жеңилип калган Осонбай дасторкон жазылган столдун астына жыгылып калат да, эч болбосо аны сабап салган Айдардын бутун тиштеп алайын деп аракет кылат. Репетиция учурунда ал буттун ордуна куурчактын бутун коё салып жакшы эле даярданганбыз. Анан эле тасмадагы ушул эпизод тартылып жатканда Осонбайды ойногон Марат байке образга кирип кетип, ошол куурчактын бутун алмаштырганча менин бутумду кармап туруп тиштеп алса болобу. Ал жерден мен кыйкырып эле жатып калдым. Баары мени аяп, анан кайра күлүп, айтор, ызы-чуу эле болгонбуз. Мындан кийин тигил эпизодду кайрадан талаптагыдай тартууга туура келген.

 

 

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА