ДИНАРА АКУЛОВАнын кызы МЭРИ: “Апам мен үчүн көп ыйлады”

Бул дүйнөдө эң ачык жана анык сыр кыз менен эненин ортосунда гана болсо керек. Демек, эне үчүн кызы тууралуу, кыз үчүн энеси тууралуу кеп салып берүү ар дайым сыймыктуу. Дал ушундай кызыктуу маекти бүгүн КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын тун кызы Мэри Акулова тартуулайт.

– Мери, айтсаң, КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова сен үчүн кандай эне?

– Эң мыкты эне! Аял башы менен жалгыз өзү бизди бутубузга тургузду, биз үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды көрдү. Ар бир намаз окуган сайын апама өмүр жана ден соолук сурап келем. Мен апамдын табиятынан жөнөкөй, эч качан бирөөнү кемсинтпеген сапатын жогору баалайм. Ошондой эле апам колунан келген жардамын эч кимден аябайт, абдан ак көңүл адам. Эң башкысы, бизге жакшы эне. Мен дагы кыздарыма апама окшогон апа болсом деп тилеп келем.

– Демек, Динара Акулованын кызы экениңе сыймыктанасың ээ?

– Албетте, Динара Акулованын кызы болуш мен үчүн бакыт. Аябай сыймыктанам. Апамдын ар бир жаралган ырына, ар бир чыгармачылыкта болгон жаңы кадамына кубанып жашайм.

– Кичинеңерде апаңдын ачуусу келгенде силерди уруп жазалаган учуру болду беле?

– Жок, колу тийген деп айтсам калп айткан болуп калам. Апам бизге баарын кол менен эмес, көз карашы менен эле түшүндүрүп койчу. Биз дагы апамдын ачуусу келип калганын байкасак, унчукпай ишибизди жасап калчубуз. Азыркы баамымда бизди атасыз өсүп жатат деп аячу беле, такыр кол көтөргөн эмес. Эгерде капа кылып койсок, биз менен сүйлөшпөй койчу, ошол эле биз үчүн эң оор жаза болчу.

– Бала үчүн эненин көз жашы далай төгүлөт эмеспи, сен үчүн апаңдын көз жашы төгүлгөн учурун көрдүң беле?

– Мен кичинемде көп ооруп, апамды көп ыйлатып койдум. Апам байкуш күндүз мени менен болуп, кечинде эптеп мени таштап концертке кетет, кайра ал жактан шашып келип эле бөлмөмө кирчү. Менин ооруп жатканымды көрүп өзүнүн чарчаганын деле унутуп, уйкусуз далай түндөрдү өткөрдү. Азыр ошол күндөрдү эстеп апамды аяп, апама ушул дүйнөдөгү болгон байлыкты берсем дагы мен үчүн төккөн көз жашын актай албасам керек деп капаланып кетем. Анан дагы бөпөлөп өстүргөн кызы башка бирөөнүн үйүнө келин болуп кетип атканда ар бир эне ыйласа керек. Менин апам дагы турмушка чыкканымда ыйлаган.

– Ал эми сенин апаң үчүн ыйлаган күнүң болгонбу?

– Бир жолу апам гастролго кетип мен эжем менен үйдө калдым. Ал кезде чөнтөк телефон жок болгондуктан, апама чала алчу эмесмин, апамдын үй телефонго чалышын гана күтүп олтурчумун. Мен ошол кезде «Байчечекей» фольклордук ансамблинин мүчөсү элем. Анан тез арада Түркияга жолдомо алып, балдарга арналган фестивалга кете турган болуп калдык. Апамдын телефон чалышын күтүп анан кете бердим. Мен кеткен күнү апам гастролдон келиптир, келсе мен жок. Ошол учурда апамды бир айдан ашыгыраак убакыт көрбөй калганга сагынып аябай ыйлагам. Мына ошондо апамдын кадырын, апа жок болсо кандай жаман экенин биринчи жолу сезгем.

– Динара айымдын ырчылыктан сырткары эл билбеген кандай өнөрлөрү бар?

– Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот окшойт, апам бир нече өнөрдүн ээси. Кичинекей кезимден бери апамдын өнөрлөрүнө суктанып келем. Апам өз колу менен кийим тигет. Маликанын сахнага, бийлегенге кийген кийимдеринин баарын тигип берет. Түрлөп кооз кылып сайма дагы саят. Комуздан сырткары аккордеон жана гитарада ойнойт. Эң кызыктуусу, чач кыркат, чач жасалгаларды катыра жасайт, макияжды да өзү кылат.

– Ал эми ашканада кандай, кайсы тамактарды мыкты жасайт?

– Ашканада мыкты, бардык тамактарды жасаганды билет. Бизди окуучулук кезде мектепке эч качан ачка жөнөтчү эмес. Концерттен түн жарымда чарчап келсе да эртең менен эрте туруп куймактарды жасап курсагыбызды тойгузуп, анан кетирчү. Менин эң жакшы көрүп жеген тамагым - бул апамдын оромосу. Оромону каймак менен сонун кылып жасап берет, кантип түгөтүп койгонуңду дагы билбей каласың.

– Апаңдан алган тарбиянын кайсынысын азыр көп колдоносуң?

– Апам үй оокатынын майын чыгарып кылат, анан үй эмеректеринин ордун тез-тез алмаштырып турат. Мен дагы ошондоймун. Жолдошум жумуштан келип «дагы жылдырдынбы?» деп күлүп калат. Бала караганды да мага апам үйрөттү, улуу кызымды төрөп, төрөт үйүнөн чыккан күнүмдөн тарта апам күнү-түнү жанымдан жылбай баарын үйрөттү. Экинчи кызымды апам үйрөткөн боюнча кыйналбай багып алдым. Азыр жолдошум «апама рахмат, сендей кызды тарбиялаганына» деп калат.

– Атаң учурда кайда жашайт, аны менен катышып турасыңбы?

– Атамдын үй-бүлөсү, менден башка дагы балдары бар болгондуктан, мен башынан эле андан жардам күткөн эмесмин. Каражат жагынан бизди апам өзү камсыздап келет. Атам учурда Бишкекте жашайт, кээде телефон аркылуу сүйлөшүп калабыз.

– Динара эже көп убакыттан бери жалгыз эмеспи, кызы катары турмушка чыгып алыңыз деген сунушту айтасыңбы?

– Шарият боюнча эненин уулу болсо, ал апасына үч жолу «турмушка чыгыңыз» деп айтыш керек экен. Бирок, бизде уул жок үчүн кыздары биз айтчубуз, андайда апам күлүп гана тим болчу. Жараткан ар бир пендесин түгөйү менен жаратат дейт, келечекте апамдын да маңдайына жазылган бирөө тургандыр.

– Сиңдиң Малика ырдап, бийлеп жүрөт, сен чыгармачылыктан алыссыңбы?

– Мен турмушка чыгып алыстап кеттим десем болот. Болбосо ага чейин мектебибизде өткөн көп концерттерди алып барып, бир-эки жолу ырдап, рэп дагы окуган күндөрүм болгон. Азыр Маликаны карап суктанып «апамдын жолун мен жолдобосом дагы сиңдим жолдоп жатат» деп сыймыктанып калам.

– Дин жолуна түшүп, хиджаб кийип калыптырсың, бул нерсеге апаңдын көз карашы кандай болду?

– Хиджаб кийип жүргөнүмө төрт жылдын жүзү болду. Апам болсо чоң таенемдин колунда өскөн. Чоң таенем Асыл дин жолунда жүргөн адам болгондуктан, апамдын дагы дин жөнүндөгү түшүнүгү түз экен, менин хиджаб кийишиме каршы болгон жок. Тескерисинче, сүйүнүп «кызым, туура кылдың, ыймандуу болуп намазыңды окуй бер» деген. Кытайга гастролго барганда мага чоң жай намаз алып келип берген. Азыркы күнгө чейин ошол жай намазыма намаз окуп, өзүм менен аздектеп алып жүрөм.

– Өзүң кайсы кесиптин ээсисиң?

– Эрте турмушка чыкканым үчүн азырынча эч кандай кесипке ээ боло элекмин. Анткени, төрөгөндөн кийин кичинекей бала менен окуш кыйыныраак деп ойлойм. Окуш үчүн адамдын ою бир жерде болуш керек. Ал эми үйдө кичинекей балаң калса, ал ыйлап калбады бекен деп ойлоно берип эмнени окуганың деле эсиңден чыгып кетсе керек. Али баары алдыда, Кудайым буюрса, балдарым кичине чоңойгондон кийин бир кесип ээси болууга аракет кылам.

– Жолдошуң кайда иштейт? Балдарың канча жашка чыгып калды?

– Жолдошум Ош шаарынан болот. Азыр Санкт-Петербургда жеке фирмада аймактык башкаруучу болуп иштейт. Эки кызым бар. Улуусу Альдина беш жарым жашка чыкса, кичүүсү Амина бир жаш эки айга толду. Кудайым буюрса, сентябрь айында үчүнчү перзентимди жарык дүйнөгө алып келгени турам.

– Учурда Санкт-Петербургда жашайт турбайсыңарбы, апаңды сагынасыңбы? Канча убакытта бир жолугушуп турасыңар?

– Тилекке каршы, Кыргызстанга бат-бат бара албайм. Эки жылда бир барып турам. Албетте, апамды аябай сагынам. Мурун энем «ээ балам, апаңдын баркын балалуу болгондо түшүнөсүң» десе, «энем эмнеге ар дайым ушинте берет» дечү элем. Убакыт өтүп өз башыма келди, көрсө, чынында эле ошондой болот экен. Азыр эки кызым ооруп, түнү менен уктабай калсам апам көз алдыма тартылат. Мен үчүн дагы ушунчалык кыйналган экен деп калам. Энеден баланын алыс жүргөнү аябай жаман экен, апамды сагынып калам. Андайда клиптерин көрөм. Азыр дагы жакшы интернет бар го, апам, Малика менен скайп аркылуу тез-тез сүйлөшүп турабыз.

– Динара эже «неберелеримден багып алам» деп калат го, сураса кыздарыңдын бирин берет белең?

– Албетте, бермекмин. Акыркы жолу Кыргызстанга барганымда кыздарым апама аябай жакын болуп калышты. Улуу кызым болсо «мен энем менен калам» деп калыптыр. Бирок, апамдын жумушу көп, кызым дагы бул жакта ийримдерге катышчу, ошондуктан, аны калтырганга бардык тарабынан мүмкүн эмес болуп калды. Убакыт өтүп кыздарым кичине чоңойсо, мүмкүн өздөрү эле «энеме кеттим» деп кетип калышар.

 

 

Динара Чокоева