КӨЧӨДӨГҮ ТАМАКТАРДЫ ӨЗ КОЛУҢУЗ МЕНЕН ЖАСАҢЫЗ

Шаурма үчүн жупка

Кандай азыктар керек?

Ун: 500 г

Жумуртка: 1 даана

Каймакмай: 2 чоң кашык

Көптүргүч (разрыхлитель): 1 чай кашык

Кайнаган суу: 1 стакан (200 мл)

Туз

Кантип жасалат?

Тузду кайнатылган, бирок ысык эмес сууга эритип аласыз.

Ага эритилген каймакмайды, жумуртканы кошуп аралаштырасыз.

Эленген унга көптүргүчтү кошуп аралаштырып, буларды жогорудагы аралашмага кошуп жумшак, бирок жабышчаак эмес камыр жууруйсуз.

Камырды бир нече бирдей бөлүктөргө бөлүп, алардан тегерекчелерди жасайсыз да, үстүн майлык менен жаап 15-20 мүнөт тыныктырып коёсуз.

Андан кийин ар бир тоголокчону калыңдыгын 1 миллиметрден ашырбай тегерете жаясыз. Диаметри көмөч казаныңыздыкындай болсун.

Жайылган камырларды кургак, кызыган көмөч казанга ар бир бетин 30-35 секунддан кууруйсуз. Бул убакытта жупканын бетинде күрөң тактар пайда болууга тийиш.

Негизги маселе – жупканы чоюлчаак жана жумшак бойдон сактап калуу. Ал үчүн казандан чыгарарыңыз менен бетине бир аз суу чачып, ным майлык менен үстүн жаба турушуңуз керек.

 

Шаурма

Кандай азыктар керек?

Жупка: 3 даана

Тооктун төш эти: 400 г

Бадыраң: 1 даана

Помидор: 2 даана

Капуста: 300 г

Майонез: 100 г

Кетчуп: 50 г

Өсүмдүк майы: 3 чоң кашык

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Тооктун этин туурап, туз, мурч себелеп, бир аз коюп коёсуз.

Өсүмдүк майын кызытып, ага этти салып кызарта кууруйсуз. Даяр болгондо тарелкага салып муздагыча коюп коёсуз.

Эт муздагыча жашылчаларды даярдайсыз. Капустаны майда туурап, туз себелейсиз. Ширеси чыгыш үчүн колуңуз менен бир аз эзип коюңуз.

Кетчуп менен майонезди аралаштырасыз.

Эми жупканы жайып, азыктарды биринин үстүнө экинчисин кабат-кабат кылып саласыз: 1-кабат – эт, 2-кабат – помидор менен бадыраң, 3-кабат – капуста, 4-кабат – дагы эт. Аягында майонез менен кетчуптун аралашмасынан даярдалган соусту бетине сүйкөп, жупканы сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып оройсуз.

 

Гамбургер үчүн булочка

Кандай азыктар керек?

Кайнатылган жылуу суу: 300 мл

Сүт: 100 мл

Кургак дрожж: 1 чай кашык

Шекер: 4 чоң кашык

Туз

Маргарин же каймакмай: 3 чоң кашык

Ун: 1 кг

Кантип жасалат?

Мискейге суу менен сүттү куюп аралаштырып, ага шекерди салып эритесиз.

Анан тузду, майды, дрожжду, унду кошуп аралаштырып камыр жууруйсуз.

Камырды жылуу жерге 1-1,5 саат коюп койсоңуз, камыр көөп чыгат.

Мындан кийин камырды бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, алардын ар биринен тоголокчолорду жасайсыз.

Аларды колуңуз менен бир аз басып туруп эле майланган калыпка тизесиз.

Булочкаларды 185 градус ысыктагы духовкага 25-30 мүнөт бышырасыз.

 

Гамбургер

Кандай азыктар керек?

Фарш: 0,5 кг

Талкаланган нан (панировочные сухари): 50 г

Жумуртка: 1 даана

Помидор: 1 даана

Туздалган бадыраң: 1 даана

Салат жалбырагы

Майонез, кетчуп

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Алгач фарштан котлет жасап аласыз. Ал үчүн фаршка талкаланган нанды, жумуртканы, татымына жараша туз кошуп аралаштырасыз.

Пайда болгон аралашмадан калыңдыгы 1 сантиметрден чоң эмес, диаметри булочка менен бирдей болгон котлет жасайсыз. Болжол менен сегиз даана котлет чыгууга тийиш.

Котлеттерди кызыган майга салып орточо отто эки жагын кууруйсуз.

Помидорду, туздалган бадыраңды туурап даярдап аласыз.

Эми ортосунан кесилген булочканын ортосуна майонезден сүртүп, салат жалбырагын салып, анын үстүнө котлетти, анан помидорду, бадыраңды салып, кетчуптан кошуп туруп булочканы жаап коёсуз.

 

 

 

Нуриса Баялиева