Бойдоктор бурчу

 

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес.
Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз.
Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Талант

Туулган жылы: 1969-жыл 20-май

Кесиби: жеке ишкер

Иштеген жери: чакан бизнеси менен алек, жайында евроремонтто иштейт

Жердиги: Чүй облусу

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Таза, тыкан, аракетчил, туруктуу, келишимдүү

Материалдык байлыгы: машинасы, жери бар

Байланыш телефону: 0702 65 35 72

– Мен жаш кезимде сүйгөн кызымдан ажырап калгам. Ал маал мага, албетте, оор болду. Жакшы тилектериме жетпей калганыма кейип жүргөн кезде апам мени өзү жактырып, баалаган бир кызга үйлөнтүп койгон. Чындыгында менде ага карата тырмактай да сезим болгон жок. Болгону аны жек көрүп, жерип жашадым. Канча жолу “кетип калчы” деп суранганыма болбой жашап жүрдү. Ошентип, биз бир уул, бир кыздуу болгонбуз. Башында жаман башталган жашоонун аягы да жаман болот экен. Талашып-тартышып, жакшы-жаман көрүнүшүп 10 жыл жашаган соң ажырашып кеттик. Балдарды өзү менен ала кеткен. Аялымды жактырбаганым менен канымдан чыккан балдарды кантип жаман көрөйүн. Аларга барып учурашып, анча-мынча каралашайын дегеним менен аялым тараптагылар балдарымды мага көргөзүшпөйт. Мындай жашоодо келе жатканыма 8 жылдай болду. Жашым болсо улам өйдөлөп, улам өтүп баратат дегендей. Эми калган жашоомду жакшы аял менен жашап өткөрсөм дейм. Чүйлүк жана нарындык кыз-келиндер чалыңыздар. Эң башкы талап – мага төрөп бериши керек. Андыктан жашы 30дан 37 жашка чейин болсо жакшы болот. Мурунку никесинен бир кызы болсо багып алам. Мындан башка талабым жок. Чалыңыздар.

 

Абдылкасым

Туулган жылы: 1985-жыл 6-апрель

Кесиби: электрик

Иштеген жери: мектепте кесиби менен иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, тың, ак көңүл, боорукер

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0772 75 50 83

Мен үч бир туугандын ортончусумун. Бир туугандарым үйлөнүшүп, өз жашоолору менен алек. Атамдан кенедей кезибизде эле ажырап калган экенбиз. Кийин апамды да жоготуп алдык. Ошону менен жеке жашоого көңүл бурууга маани бербей, жалгыздыктын туңгуюгунда жүрө бериптирмин. Көрсө, жашоомо өзүм гана аракет кылышым керек экен. Эми мен чын дилимден үй-бүлө куруу максатында 1990-1994-жылкы ата-энелүү кыздар менен таанышам. Жери мага жакын аймактан болушун каалайм. Иштейм деген максатта билим алган болсо, кесиби менен иштешине каршы эмесмин. Апамдан ажырагандан бери өз күнүмдү өзүм көрүп келе жатам. Мындан ары да ушул жашоо. Андыктан менин бул абалымды түшүнүп, жакшы-жаманымды тең көрүшөм деген айымды күтөм.

 

Мукаш

Туулган жылы: 1986-жыл 14-май

Кесиби: дыйкан

Иштеген жери: такси айдап иштейт

Жердиги: Талас облусу Кара-Буура району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, чынчыл, келбеттүү, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0707 48 25 03

– Мен мындан 3-4 жыл мурун бир кыз менен 3 ай сүйлөшүп баш кошком. Бирок биздин жашоо 3 гана күнгө созулду. Ал кыз терең ойлонбой эле эптеп күйөөгө тиейин деп жүргөн окшойт. Жашап баштаганыбызга 3 күн болгондо эч кандай кабагым-кашым дебей туруп чай үстүндө үй-бүлөлүк жашоо жакпай калганын, кете берүүнү чечип жатканын айтты. “Кетем” деп жаткан жанды кантип кыйнамак элем. Каршы болгон жокмун. Бул баян башкаларга сабак болот болушу керек. Ал эми мен бул жашоомду эсептебейм деле, аял алып кетирдим деп ойлобойм дагы. Болгону ортодо бала болгон соң эзилишип кыйналып жүрбөй, эрте күндө ушундай жыйынтык чыгарып алганыма кубанам. Бул окуядан кийин чет жерге чыгып эки жыл иштеп, борборго там сала баштагам. Буюрса, ушул жылы аяктайм. Өзүм жакшы үй-бүлөнүн баласымын, бир туугандарым да, Кудайга шүгүр, жакшы турушат. Үйдөн мен гана турмуш кура элекмин. Эми кош жакшылык кылып жеке жашоомду да жолго салууга киришип жатам. Ал үчүн 1991-1994-жылкы кыздар менен таанышам. Келиндер убара болушпасын. Жердиги Ош жана Баткен облустарынан башка облустардан болушу керек. Ошондой эле эскертип коюучу нерсе, мен келинчегимдин иштешин каалабайм. Билимдүү, иштерман болушу маанилүү эмес. Мага эң негизгиси үйдө олтуруп, бала караганы эле керек. Ушул шартка макул болгондор гана чалыңыздар.

 

Айгүл

Туулган жылы: 1981-жыл 6-октябрь

Кесиби: эсепчи

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Ноокат району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Токтоо, кечиримдүү, акылдуу, ыймандуу, ичпеген, чекпеген

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0773 73 38 80

– Менин бир уул, бир кызым бар. Жолдошум менен арактын айынан ажырашып кеткениме беш жыл болду. Балдарымды төркүнүмдүн жардамы, каралашуусу менен чоңойтуп келем. Балдарым кенедейлеринен ата-энеме жакын болуп калышты. Алар дагы мага “сен турмушка чыгып, калган жашооңду маңыздуу өткөр. Балдарды биз эле карап, чоңойтобуз” дешүүдө. Ата-эне балага жамандык каалабайт эмеспи, мен да ойлонуп алардын айтканын эп көрдүм. Эми 33 жаштан 43 жашка чейинки Жалал-Абад, Ош облустарынын мырзалары менен таанышам. Туруктуу иши, отурукташкан жайы болсо жакшы болот. Баласы болсо багып алуу колумдан келет. Чалыңыздар.

 

Жази

Туулган жылы: 1994-жыл 4-август

Кесиби: медайым

Иштеген жери: студент

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Жөнөкөй, ыймандуу, акылдуу, туруктуу, билимдүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0705 67 67 94

– Мени тааныбаган адам ала качып кетип, отуруп калгам. Байкашымча, ал адам деле мен сыяктуу үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес болгон окшойт, анткени бирге жашаган үч айыбыз деги эле жаңы башталган жашоого окшогон жок. Ошентип, бири-бирибиз менен ишибиз жок болуп жүрүп мындай жашоо болбосун билген соң кеч болуп кала электе окуумду улантайын деп баса бердим. Эми деле жашмын, келечегиме ишенем. Ошондуктан бул окуяны унутуп, жапжаңы жакшы жашоо баштагым келет. Ал үчүн бишкектик, нарындык 26-28 жаштардагы жигиттер менен таанышам. Ата-энеси менен бирге жашаган, бир баласы бар мырзалар деле чала бериңиздер.

 

Элиза

Туулган жылы: 1990-жыл 13-февраль

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Нарын шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, акылдуу, өзүнө ишенген, ичкилик ичпеген

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0703 29 29 44

– Мен турмушка ата-энемдин каалоосу менен аттангам. Алардын айтуусу боюнча, мен бул жашоомдо абдан бактылуу, телегейи тегиз болушум керек эле. Тилекке каршы, биз бири-бирибизге көнүшүп жашап кете албай баары тескеринен чыгып калды. Аз убакыт жашап, кош бойлуу кезимде жолдошумдан кетип калдым. Аман-эсен кыз төрөп, азыр кызымды карап, энелик бакыт менен жашап жатам. Бирок кыз киши үчүн эне болуу бактысы аз экен. Жаныңда ишенимдүү түгөйүң, сага кам көргөн эркек болгондо гана аялдын бактысы тегиз болорун билдим. Ата-энем да менин мындай жашоого кез болуп калганыма капа болуп, өзүлөрүн күнөөлүү сезишет. Менин кайрадан турмуш курууга эртелеп бет алышыма жакындарымдын минтип мен үчүн кыжалат болуп, ыңгайсызданууларын жеңгим келгени болду. Эми өзүмө тең, татыктуу Нарын же Ысык-Көл жеринин 25-30 жаштардагы уулдары менен таанышам. Буга чейинки никесинен баласы болсо багып алганга макулмун.

 

Эрнис

Туулган жылы: 1976-жыл 20-октябрь

Кесиби: тарыхчы мугалим

Иштеген жери: мектепте мугалим болуп иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Кулжа району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Намаз окуган, туруктуу, түшүнүктүү, сулуу, камкор, боорукер

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы, малы бар

Байланыш телефону: 0552 20 76 10

– Менин жакшынакай жашоом, жаркылдаган келинчегим бар эле. Ал мага уул десем уул, кыз десем кыз төрөп берген. Биз 10 жыл бирге жакшы жашоодо жашадык. Анан мындан төрт жыл мурун келинчегиме келген дарт биздин бактыбызга балта чапты. Ал төшүнөн рак илдетине чалдыгып, аягы бизди таштап кетти. Төрт жылдан бери балдарымды карап, жашоо менен жалгыз күрөшүп келдим. Бирок эркек киши жалгыздыкты узакка көтөрө албайт экен. Балдарым эс тарткан сайын эненин мээримине зар болуп, апа издеп калышты. Азыр уулум 6, кызым 5-класста. Мен болсо балдарыма карап турмуш курайын деп жатам. Балдарыма энелик мээримин берип, аял катары камкор мамиле кыла ала турган мага жашташ оштук, жалал-абаддык айымдар менен таанышам. Баласы болсо багып алганга макулмун.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1993-жыл 4-март

Кесиби: ырчы

Иштеген жери: ар кандай иштерде иштей берет

Жердиги: Жала-Абад облусу Таш-Көмүр шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, акылдуу, билимдүү, намаз окуган, чыдамкай

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0770 69 53 79

– Ата-энем мугалим болуп иштешет. Мен бир туугандардын улуусумун. Менден кийин жалгыз карындашым бар. Жалгыз бала болгонум менен өз алдымча жашап, өз алдымча турам. Келечекте да ата-энемден бөлүнүп жашайм. Келечектеги келинчегимдин Жалал-Абаддан болушун каалайм. Жашы 18 жаштан 22 жашка чейин болушу керек. Келинчегим окуйм десе окуусуна, иштейм десе иштешине шарт түзүп берем.