Жаткан абалың мүнөзүңдү чагылдырат

Адамдын психологиясын анын жүрүм-турумунан эле билип койсо болот. Өзүңүздүн жана жакын адамыңыздын ким экенин жакындан билгиңиз келсе, анын уктап жаткандагы абалына абай салыңыз.

 

 

 

 

 

1. Тизеңизди бир аз бүгүп оң же сол капталыңыздан көп жатсаңыз, токтоо, ишенимдүү, келечектен коркпой кадам таштай алган адамсыз. Ушунуңуз менен чөйрөңүзгө жакшы маанай тартуулай аласыз жана сизди эч ким оңой менен таарынта албайт. Жаңы шарттарга бат көнүп кетесиз.

 
 
 
 
 
 
 
 
2. Түйүлдүк абалында жатып уктоону жактыргандардын катарында болсоңуз, сиз жардамга муктаж, өтө сезимтал, тартынчааксыз. Ар дайым таттуу уйкуда жүргөнсүп чөйрөдөгү маселелерге баш оорутпай фантазияңыз менен жашаганды жактырасыз. Кыялкечтерден чыныгы искусствонун адамдары чыгарын эске алып талантыңызды өркүндөтүңүз.

 

 

 

 

 

3. Көмкөрөсүнөн колу-бутун керип жаткандар - лидерлер. Мындай жатыктагы адам болсоңуз, сиз демилгечи, активдүү инсансыз. Мындай адамдар үй-бүлөсүнө, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Бардык иштерди пландап жасап, күтүүсүздүктү жек көрөт. Алар ийгиликке эрте жетип, тез байышат.

 

 
 
 
 
 
 
4. Чалкасынан падышалар же дин аалымдары жатышат. Демек, сиз позитивдүү, шайыр, бетке айта алган кыраакы инсансыз. Ар дайым элдин колдоосунда, көңүлдүү кечтерде болууну жакшы көрөсүз. Көбүнесе мындай абалда эркектер жатышат дегенибиз менен бул абалда жатууну жактырган “темир айымдар” деле кездешет.

 
 
 
 
 
 
 
 
5. Кароолдо турган аскердей түптүз жатып уктасаңыз, анда сиз тең салмактуу адамсыз. Жашоого максат коюп, ага жетүүгө аракет кылган өжөрсүз. Өзүңүзгө талапты катуу коюп, өзүн тарбиялоону жолго койгон сейрек пендесиз.

 

 

 

 

 

6. Бул абалда уктоону жактырсаңыз, сиз табышмактуу жансыз. Сизди ар дайым күтүүсүз түрдүү окуялар коштоп жүрөт. Көз ачып жумганча чымындан пил жасап, катуу чыр-чатакты да баштап жибересиз. Тандоо сизге ар дайым оор.

 

 

 

 

 

Ызаат Тургунбаева