Айгерим Расул кызы: "Күйөөгө мени элим узатсын..."

Анча көп эмес убакыт мурун атасы Расул Маматкуловдун жанында сахнада бийлеп жүргөн кичинекей Айгерим бой жетип элге жеке ырчы катары таанылып, өз күйөрмандарын табууга жетишкен. Эми жакында турмуш сапарына аттанганы турат. Бойдокчулуктун акыркы күндөрүн өткөрүп жаткан ырчы кызды маекке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. 

- Айгерим, мурдагыдай жаңы ырларың көп чыкпай калды, бул нерсеге быйыл турмушка чыгарың себеп болдубу? 
- Жаңы ырларымдын гана чыкпай калганы болбосо, чыгармачылыгымда тыныгуу болгон жок. Чакыруу менен той, туулган күндүк кечелерге барып ырдап элге өнөрүмдү тартуулап, мурда биринин артынан бирин жаздырган ырларымдын үзүрүн көрүп келе жатам. Азыркы кезде жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып дагы деле чыгармачылык менен алекмин. Андан сырткары тойго даярдык көрүүдөбүз. 
- Сага түгөй болчу адам менен кандайча таанышып калган элең? 
- 2012-жылдын күз айында Тажикстанга тойго бармак болуп калдым. Анан ата-энем мени коштоп барып, ал жактагы коопсуздугума көзөмөл кылганга орган кызматында иштеген бир жигитти кошуп беришкен. Ошондо болочок түгөйүм менен биринчи жолу таанышкам. Башында экөөбүз дос катары жакшы мамиледе жүргөнүбүз менен ортодо бири-бирибизге болгон жактыруу сезимдери бар эле. Акыры ал сезимдерибиз ачыкка чыгып, жарым жыл мурда кыз-жигит болдук. Аты Азамат, 1988-жылкы. Бир үйдүн улуу баласы. Өзү жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктаган билимдүү жигит, спорттун чебери. 
- Азамат ырчы кыздын жүрөгүн кантип багындырып алды? 
- Азамат акада менин кыялымдагы мырзанын бардык сапаттары бар. Ал чыныгы эркек деген сөзгө татыктуу, ак көңүл, адамгерчиликтүү, айткан сөзүнө турган чечкиндүү жигит. Анан дагы абдан аракетчил мырза, алдына койгон максатына жете билет. Менин жүрөгүмдү мага жасаган өзгөчө мамилеси, күтүлбөгөн жагымдуу сюрприздери менен багындырып алды. Өзү абдан романтик, сезимтал, жан дүйнөсү сулуу жигит, мени ушул сапаттары менен арбап алды. 
- Кыз-жигит болуп жүрүп кандай бактылуу күндөрдү өткөрдүңөр? 
- Чынын айтсам, экөөбүздүн кыз-жигит болуп ээрчишип жүргөн күндөрүбүз боло элек. Анткени Азамат ака Ошто, мен Бишкектемин. Биз бир айда 2-3 жолу эле көрүшөбүз. Мен Ошко тойго барып калсам тосуп алат да, ырдаганымдан кийин дароо учакка салып жиберет. Азыр экөөбүздү байланыштырчу жалгыз гана телефон. Телефондо канча сүйлөшсөк дагы сөзүбүз түгөнбөйт. Ал эрте менен 7-8дерде жумушка кетип баратып телефон чалып мени ойготот. Ошондон баштап экөөбүз 1-2 саат сайын сүйлөшүп турабыз. Кечинде да телефондон сүйлөшүп жатып уктайбыз. Сүйлөшүп уктабай таң атырган күндөрүбүз да болот. Бизде бири-бирибизден тажоо деген жок.
- Үйлөнүү тууралуу сунушун кандайча билдирди? 
- Ушул жылдын 8-мартында Ошко концерт коюп барып калдым. Концерт болуп жатканда Азамат ака 777 даана бир кучак роза гүл көтөрүп спецназ кийими менен 7-8 баланын коштоосунда сахнага чыга келди. Ошол замат үстүмдөн роза гүлүнүн желекчелери жаап, сахна өзгөчө кооз болуп чыкты. Жигитим сахнадан мага гүл берип, элдин алдында колумду сурады. Чынында элдин көзүнчө колумду сурайт деп такыр ойлогон эмес элем, абдан ыңгайсыз абалда болдум. Өзүмдө деле турмуш куруу тууралуу такыр ой жок болчу. Залда олтургандар кол чаап катуу коштошту. Жактырган адамым эл алдында романтика менен колумду сурап жатса баш тарта алган жокмун. Ал мени сахнадан көтөрүп алып кетти. Ошол окуядан кийин Азамат ака менин алгачкы сүйүүм, биринчи жигитим жана болочоктогу өмүрлүк жолдошум деген статустарга ээ болуп калды. 
- Алгачкы жолу сүйүүгө кабылыптырсың, сүйүү сезими кандай болот экен? 
- Сүйүү - сөз менен айтып бүтө алгыс өзгөчө сезим болот экен. Сүйгөн адамыңды кайра-кайра көргүң, үнүн уккуң келип бирге болууну каалайсың. Алыста болсо сагынуу сезими жүрөктү өйүйт. Ал турсун ал адам убагында тамак ичтиби, кандай жүрөт деп тынчсызданат экенсиң. Бул учурга чейин менин артымдан чуркаган жигиттер көп болгон, бирок биринен дагы чыныгы сүйүүнү көрө алган эмесмин. Азамат ака экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан эле түшүнүп турабыз. 
- Үйлөнүү тоюңар качан болот? 
- Болочок апамдар 21-июнь күнү келип сөйкө салышты. Толкундануудан буттарым титиреп абдан сүрдөдүм. Үйлөнүү тоюбузду сентябрь айына белгиледик. Азыр 31-август күнү стадиондо кыз узатуу сценарийинде той-концерт өткөрсөмбү деп пландап, ошого даярдык көрүп жатам. Мен сахнага үч жашымдан чыгып элдин кызы болуп калдым да. Октябрь айында 23 жашка толом. Ал эми сахнага чыгып бийлеп, ырдап жүргөнүмө быйыл 20 жыл болуп калыптыр. Бул аралыкта мен элиме тааныла алдым, күйөрмандарым бар. Алар менин турмушка кандай чыгып жатканыма кызыгышат. Ошондуктан мени элим узатсын деп ушундай салтанат уюштурганы турам. Элдин алдында менин жаңы жаздырып жаткан ырларымдан турган концерт, андан сырткары кыргыздын кыз узатуу салты көргөзүлөт. Күйөө баланын кулагын чоюу салты колдонулуп, улуттук оюндар ойнолуп белектер тартууланат. Элге чачыла чачып даам таттырып, элдин батасын алсам деген ниетим бар. Буюрса, кыз узатуу тою Бишкекте да, Ошто да болот. 
- Өзүң турмушка канча жашыңда чыгууну кыялданчу элең? 
- Он сегиз жашымда "качан турмушка чыгасың?" деген суроо болгондо "беш жылдан кийин" деп койгом. "Пенденин оозундагы Кудайдын кулагында" деген сөз бекер айтылбаптыр. Айтканымдай эле беш жыл өткөн соң 23 жашымда кеткени жатам. Убакыт деген тез эле келип калат турбайбы, азыр "ошондо 7 жылдан кийин чыгам деп айтпай" деп күлүп калам. 
- Ата-энеңдин жанынан башка үйгө бүлө болуп кетериңе аз калганын сезип башкача сезимдерде болуп жатсаң керек? 
- Турмушка чыгарыма азыркыга чейин ишене албай турам. Өзүм дагы кичинемден ата-энемден алыстабай алар менен чогуу жашаганга көнүп алгам да. Азыр "кантип алардан башка жашайм" деп башкача болуп жатам. Үйдөгүлөр болсо мени өзгөчө эркелетип "эс алып ал" деп жайыма коюп жатышат. Андыктан каалашымча уктап эс алып жаткан учурум.
- Үй оокатына кандайсың, келин болууга даярдык көрүп жатасыңбы? 
- Апам мага үй оокатын кылганды, тамак жасаганды мурда эле үйрөтүп койгон. Мактангандай болбоюн, тамакты түрү менен жакшы жасайм. Кайсы учурда тамак жасасам дагы тамшанып жей тургандай даярдайм. Айтор, келин болууга даярмын, ал жагынан эч кандай чочулоо жок. Кайындарым дагы заманбап адамдар экен, бат эле көнүп кетем го деп жатам. 
- Жарың болчу адам ата-энеңе жактыбы? 
- Апамдар экөөбүздүн дос катары мамиледе жүргөнүбүздү мурда эле билишчү. Ошондуктан Ошко концертке, тойлорго барсам мени коркпой жөнөтүшчү. Ал мени убагында тосуп алып, кайра убагында салып жүрчү. Андан улам ата-энем ага ишенип, жакшы жигит экенин толук билип калышкан. Экөөбүздүн ортобузда сезимдер бар экенин Азамат ака колумду сураганда гана билишти. 
- Турмушка чыксаң деле ырдай бересиңби, дегеле чыгармачылыгыңа көз карашы кандай? 
- Чыгармачылыгыма көз карашы түз. Айтымына караганда менин күйөрманым болгон экен. Сыртымдан кызыгып карап койгону менен таанышып калам деп такыр ойлобоптур. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин менин ырдашыма каршы болбойт. Мен турмушка чыксам деле чыгармачылык менен иштей берем. Тойлорго чакыруу болсо барып турам. 
 


Динара Чокоева