Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.
Чалуу иш күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин кабыл алынат.

 

 

Бактыгүл

Туулган жылы: 1982-жыл 29-декабрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Ичпеген, аракетчил, туруктуу, эмгекчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 75 76 08

– Мен 19 жашымда ала качып кеткен жерге отуруп калгам. Барган күндөн баштап “кетем” деп 6-7 жыл жашадым. Бул аралыкта бир кыздуу болдук. Бирок мен “кетем” деген кебимди калтырган жокмун. Ошентип жүрүп кетип тындым. Азыр 12 жаштагы кызым менен ата-энемдин колунда турам. Алгач кеткен кезимде жолдошум артымдан келип: “Жарашалы”, - деди. Бирок мен кайрадан баягы жашоону улагым келген жок. Андан соң анын жаңы жашоо баштап, балалуу болгонун уктум. Мен дагы эми өзүм ойлогондой башка, жаңы жашоо баштагым келет. Эми мен мага жолдош болуу менен чектелбей, кызыма аталык мээримин, аталык тарбиясын бере ала турган 1975-жылдан 1982-жылга чейинки Ош, Жалал-Абад облустарынын жигиттери менен таанышам. Алыс аймактыктар убара болушпасын. Бир гана баласы бар болсо багып алуу мага маселе эмес.

 

Каныкей

Туулган жылы: 1989-жыл 2-сентябрь

Кесиби: медайым

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Нарын шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Жөнөкөй, туруктуу, акылдуу, тың, эмгекчил

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0779 60 84 89

– Мени жердешим ала качып кеткен. "Таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп, жашап кетүүгө жакшы эле аракет кылдым. Бирок жолдошумдун кызганчаактыгы менин чыдамымды эрте эле түгөттү. Биз жаңы жашоо баштаган кезде мен студент болчумун. Ар кадамым ага кызганыч жаратып, уруш күчөп мага кол көтөргөнү көбөйүп кетти. Ошентип, кыздуу болгондо эсен-соомдо деп сот аркылуу ажырашып кеттик. Жолдошум кызына келбейт. 3 жылдан бери кесибим менен иштеп кызымды багып келе жатам. Кудайдан бакыт тилеп кайрадан жаңы турмуш баштагым келет. Нарын шаарынан гана 30 жаштын тегерегиндеги мырзалар менен таанышам. Баласы болсо багып алам. Менин кызымды болсо апам алып калам дейт. Апамдын сунушун мен да туура көрдүм. Кесибим менен иштешиме каршы болбогон билимдүү, түшүнүктүү мырзалар чалыңыздар.

 

Ислам

Туулган жылы: 1987-жыл 18-апрель

Кесиби: эмерек боюнча уста

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Нарын облусу Ат-Башы району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, түшүнүктүү, токтоо, акылдуу, ыйманы бекем

Материалдык байлыгы: үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0700 64 17 17

– Мен буга чейин бир балалуу келин менен жарандык никеде жашагам. Мен аны менен бактылуу болчумун. Убактысы келгенде баарын ачыкка чыгарып, никеге турабыз деген ойдо элем. Тилекке каршы, ал кызына карап жолдошу менен жарашып алды. Мен кала бердим. Бул окуядан улам турмуштан көңүлүм калып, жаман абалда жашап жүрдүм. Эми кайрадан мындай жашоого, мындай жаңылууга жол бербей баарына олуттуу карайын деп жатам. 25 жаштан 33 жашка чейинки бир балалуу кыз-келиндер менен таанышам. Баласынан качпаганымдын себеби - менин жалгыз бой аялдын уулу экендигим. Мен башка балдарга меникиндей балалык каалабайм. Андыктан атасызга ата болуп бергим келет. Анан, албетте, өз канымдан балалуу болуп ата бактысын жүрөгүм менен сезгим келет. Мен азыр беш маал намаз окуйм, спорт менен досмун. Андыктан буга чейинкини эмес, келечекти ойлогон айымдар чалыңыздар.

 

Айбек

Туулган жылы: 1984-жыл 16-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Ала-Бука району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, намаз окуган, акылдуу, токтоо, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 23 63 51; 0551 80 31 91

– Бир ай сүйлөшүп жактырып алган аялым менен жарым жылдай убакыт жашап ажырашып кеткем. Аялымдын кыялы оор, урушчаак чыкты. Анын оор мүнөзүн көтөрүп жашай албасымды билген соң жүгүн жүктөп берип кетирип жибергем. Эми Ала-Бука районунан же ушул районго чукул жашаган 25 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышам. Бир баласы болсо кыз, эркек деп бөлбөй багып алганга даярмын.

 

Азат

Туулган жылы: 1970-жыл 17-июнь

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: айдоочулук менен алек

Жердиги: Чүй облусу Ысык-Ата району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Карапайым, акылдуу, туруктуу, жоош

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0705 17 06 65

– Мен өзүм тууралуу ачылып айтууну жактырбайм. Кыскача айтсам, биринчи никем менен аз гана убакыт жашап балалуу боло электе эле ажырашып кеткенбиз. Ошентип, узак жылдардан бери апамды карап жалгыз бой жашап келе жатам. Эми кайрадан турмуш куруу максатында жердигине карабай 30 жаштын тегерегиндеги кыз-келиндер менен таанышам. Баласы бар аял менен жакшы жашап кетериме көзүм жетпейт. Ошондуктан балалуу келиндер убара болбой эле коюшсун. Эскерте кетүүчү нерсе, апам менен бирге жашоого макул болгон айым менен гана таанышам.

 

Улукбек

Туулган жылы: 1988-жыл 24-февраль

Кесиби: жок

Иштеген жери: таксисттик кызмат кылат

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Чынчыл, узун бойлуу, туруктуу, тамашакөй

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0777 42 87 95

– Келинчегим менен сүйлөшүп жүрүп эле баш кошком. Биз бирге эки жыл жашап балалуу боло албай койдук. Текшерилсек анын оорулары көп экен. Мындай жыйынтыкты билген соң кайненем кызын “алып кетем” деди. Каршы болгон жокмун. Ошентип, 3-4 жылдан бери жалгыз бой жашап келе жатам. Эми 25-27 жаштардагы Жалал-Абад жана биздин облустун кыз-келиндери менен таанышам. Кызы же уулу болсо багып алганга макулмун. Анан менин балага зар экеним айтпасам да белгилүү го. Дени сак, мен сыяктуу балалуу болууга куштар айымдар чалыңыздар.

 

Самат

Туулган жылы: 1989-жыл 22-август

Кесиби: сантехник

Иштеген жери: университетте сантехник болуп иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Балыкчы шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Жөнөкөй, жылдыздуу, туруктуу, жагымдуу, сыйчыл

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону:

– Мен турмуш кура элек жигитмин. Ата-энем бар, жети бир туугандын экинчисимин. Байкем үйлөнгөн. Үйгө той кылуу кезеги менде. Артымдагы бөбөктөрүмө жол бошотуп, турмуш куруп өз жашоомо багыт алышым керек. Андыктан көлдүк, чүйлүк, нарындык 19 жаштан 24 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Келечекте шаарда туруктуу жашачу баламын. Ошондуктан жогорку билими болбосо дагы шаар жашоосунда тың жашап кете ала турган кыздар чалыңыздар.

 

Алмаз

Туулган жылы: 1976-жыл 17-июнь

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Талас облусу Кара-Буура району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, жылдыздуу, тың, туруктуу, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0705 76 17 06

– Мен келинчегимди аз убакыт сүйлөшүп эле алып алгам. Биз эки гана ай жашап ажырашып кеттик. Себеби “Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” деген болду. Үйдө кызмат кылууга караганда төркүнүндө жүрө берүү ага жакшы болгону менен мага таптакыр жаккан жок. Ушинтип жашоом баштала электе эле бүтүп калган соң кийин да жаңылып калбайын деп кыздарды кылдат тандап калдым. Бирок оюмдагыны дагы деле таба элекмин. Бул кызматка кайрылуумдун себеби да ушул. Мага таластык, чүйлүк, көлдүк жана нарындык 25-35 жаштардагы кыз-келиндер керек. Мурунку никесинен бир кызы болсо багып алууга макулмун. Чалыңыздар.