Кандай айым сулуу болот?

Ооба, сулуу айым бардык эркектерге жагат. Бирок сулуулукту ар адам ар кандай түшүнөт. А биздин жылдыз мырзалар кандай түшүнүшөт жана аларга кандай айымдар жагат болду экен, сурап көрөлү.

Мүзүр Мамбетов: 
- Мага көбүнчө тыкан кийинип жана өзүнүн кемчилигин жаап боёнуп жүргөндөр жагат. Эми боёнот десе эле ашыкча боёнуп, кашын орду түбү менен терип салгандар бар, мындайлар эч кимге жакпаса керек. Мен келинчегиме

ыраазымын, ал эки балалуу болсок дагы келбетин бузбай бир калыпта алып жүрөт.Келинчегимдин минтип жүргөнүнөн улам кээ бир тааныштарыбыз "Гүлмира эч жумуш кылбай үйдө эле боёнуп олтура берет окшойт" деп айтып калышчу. Чын-чынына келгенде келинчегим үй жумушун да, мен жок болсом сырттагы жумушту да жасап коёт. Өзүнүн келбетине көңүл бөлгөндөн тышкары балдарымды тарбиялаганга да жетишет. Кээ бирлер 2-3тү төрөгөндөн кийин эле "мен ушунча бала төрөдүм" деп өзүн таштап жиберип, бат эле картайып кетишет. Аял өзүн карабай таштап койгон учурда күйөөлөрү башкаларды карай баштайт. Негизи аялзаты ар дайым күйөөсү үчүн жасанып, ар дайым өзүн каранып сулуу болуп турса, күйөөсү башканы карамак турсун аялынын жанынан чыкпайт. 


Бактияр Токторов: 

- Негизи "катын" деген сөз "кат" деген сөздөн келип чыккан. Аял киши сулуулугун элге көрсөтпөй бекитип жүрүшү керек. Мага сыртка чыкканда эмес, үйдө боёнуп жүргөндөр жана бала менен үйдө олтурган аялзаты жагат. Менин келинчегим мына ушундай айымдардын катарын толуктайт. Пайгамбарыбыз: "эмизген баласы бар жана андан тышкары курсагындагы жарык дүйнөгө келчү түйүлдүктү көтөрүп жүргөн эне дүйнөдөгү эң сулуу аял" деп айткан. Анын сыңары, мен күн сайын сулуу болууну каалаган аялзатына "көп балалуу болгула жана ал балдарыңар менен силер дүйнөдөгү эң сулуу аялзаты болосуңар" деп айтмакмын.

 

Мирлан Баеков: 
- Мага ашыкча боёнуп, салондорго бат-баттан баргандар жакпайт. Менин келинчегим бир жакка барарда менден "кайсы кийимди кийсем жарашат, же чачымды кандай кылып алайын?" деп сурап калат. Мен ошондо гана "чачыңды мындай кыл, же бул кийимди кийсең жакшы болот" деп кеңеш берем. Бирок жөнөкөй күндөрү бейчеки кеңеш бере бербейм. Келинчегим кымбат баалуу салондорго деле барбайт, ал көп боёнбогон жөнөкөй айым болсо да, ар дайым жылмайып жүрүүсү менен мени өзүнө тартып турат. Негизи мен үчүн ар дайым жылмайып, жүзүнөн күлкү кетпей жүргөн айымдар сулуу көрүнөт. Андыктан башка айымдарга "ар дайым супсулуу болуп жүрүүнү кааласаңар, анда кабагыңарды бүркөбөй жылмайып жүргүлө" деп кеңеш берер элем.
Алтынбек Борошов:

- Мага өзүнүн табигый сулуулугу менен жүргөн жана ошол эле маалда өзүнө жарашыктуу, таптаза кийинген жылдыздуу айымдар жагат. Мындай аялзаты алыстан эле көзгө жакшы көрүнөт. Эми жашоо-турмушта баары болот. Мен жумуштан келгенде келинчегим күнүгө эле тамак бышырган халаты менен чыга бергенинен бир күнү "мен жумуштан келгенде таза кийимиңди кийип, жыттуу атырларыңды себинип алчы" деп айткам. Келинчегим мага таарынбастан сунушумду туура кабылдаган. Эгер келинчегим экөөбүз конокко бара турган болсок, мен ага атайын убакыт бөлүп сулуулук салонуна алып барып, ал жасанып чыккыча күтүп турам. Келинчегимдин дайыма супсулуу болуп жүрүшүн каалайм. 

Съездбек Искеналиев:
- Өзүн тыкан, таза карап жана ар дайым жарашыктуу кийинип, боёнуп-таранып жүргөндөр кимге жакпасын, баа­рына жагат. Менин өмүрлүк жубайым мына ушундай айымдардын катарын толуктайт. Мындан тышкары, ал дайым өзүн бир калыпта алып жүрөт, мына ушул жагы менен ал мен үчүн ар дайым сулуу. Кээ бир көчөгө болушунча жасанып, а үйдө жүргөндө өзүн карабай таштап койгон аялзатын аял катары эсептебейм. "Аялзаты үйдө жана иштеген ишинде баарына жетишип турса, убакытты туура пайдаланса, ал сулуу аялдардын катарын толуктайт" деп ишеничтүү айта алам.

Замир Арыкбаев: 
- Менин жубайым намаз окугандыктан ар дайым хиджаб кийип жүрөт. Ошон үчүн көзү-кашын боёбойт. Келинчегим көзүн боёп алган учурда боёгун өчүрүп коюусун суранам. Мага боёнбой, табигый сулуулугу менен жүргөндөр жагат. Сырткы келбети жыл
дыздуу, сулуу болгону менен жан дүйнөсү ага төп келбеген айрым айымдар канчалык келишимдүү болбосун баары бир сулуу көрүнбөй калат. Адамдын ички дүйнөсү менен сырткы келбети айкалышып турганда гана ал айымды с
улуу деп айтар алам. Менин жубайымда ушул сапаттар бар. Келинчегим мага айттырбай эле өзүнө жарашыктуу, тыкан заманбап хиджабдарды кийип алат. Мен ага эч кандай кемчилик айтпайм, себеби анын мен байкаган кемчилиги деле жок. Аялзаты күн са­йын сулуу болуп жүрүүнү кааласа, анда ички дүйнөсүн тазалоо менен сырткы келбетине да көңүл бурушу керек. 


Даткайым Досматова