АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА: “Сулуулугуна кам көрбөгөн аял – өзүн сыйлабаган аял”

Асел Турдалиеваны качан көрбөңүз өзү дагы, жүзү дагы жагымдуулугунан жазбай жүрөт. Биз анын ажарын ачып, чырайын чыгарып турган сулуулугунун сыры эмнеде экенине кызыгып, кеңештерин уктук. Сиз дагы аруулуктун, сулуулуктун символу – аял катары ырчынын сулуулукка чакырган ошол кеңештеринен пайдалансаңыз болот.

– Асел эже, сулуулук сырларыңызды башкага ачууда кызганыч болбойбу?

– Жок, мен ар бир айымдын сулуу болуп турушун каалайм. Жер бетине ар бир аял сулуулуктун жүзү болуш үчүн жаралган. Ошондуктан, өзүм дагы сулуу болууга тынымсыз кам көрүп турам. Бул аракетти ар бир айым жашаган жерине, иштеген ишине, үй шартынын кандайлыгына карабастан аткарышын каалайм. өзүн карабаган, өзүнүн сулуулугуна кам көрбөгөн аял – өзүн сыйлабаган аял деп түшүнөм.

– Анда сиздин келбетиңиздин, сулуулугуңуздун эң биринчи сыры эмне?

– Баарыбызга эле белгилүү эмеспи, адамдын сырткы сулуулугу ички органдарынын тазалыгына байланыштуу. Ар дайым туура тамактануу керектигинен баарыбыз эле кабардарбыз. Бирок, эч кимибиз аны аткара бербейбиз. Биринчи кеңешим туура тамактануу тууралуу билген ыкмаларды колдон келишинче колдонуубуз керек. Эң башкысы ачка жүрө берип анан ашказанды толтуруп салуу эмес, аз-аздан тез-тез тамактануу эң туура жол. Аткарганга чейин ал нерселер абдан оор сыяктуу сезиле берет. Андан кийин аларга деле көнүп кетүүгө болот. Мисалы, мен азыр кой эти менен колбасаны таптакыр жебейм. Мурда муздаткычымда колбаса болбой калса, дасторконумдан береке кетип калгансып жаман болчумун. Зыяндуу экенинен улам аны акырындык менен токтотууга аракет кылып, азыр жебей коюуга жетиштим. Ошондой эле окарачканы да ашканама баш бактырбайм.

– Зыяндуу делген азыктардан баш тартууда алардын ордуларын эмне менен алмаштырыш керек?

– Бирок, эттен таптакыр баш тартууну сунуштабайм. Болгону уйдун майсыз сулп этин колдоно берүүгө болот. Эт менен тамактануу биздин жашообуздун талабы. Аялдын сырткы формасын бузган бул - ун азыктары менен таттуулар. Мындай нерселерден дагы акырындык менен баш тарта берген айым аягында утушка ээ болот. Ал эми тамактануу маалында жакшы көргөн кыямы менен чай ичүү алардан оңой баш тартууга жардам берет. Бул ыкманы мен өзүм колдонуп көргөм. Ар бир жакшы аялдын үйүндө кыямдын түрү турушу керек деп ойлойм. Мисалы, мен маалы болгондо кыямдан түрлөп жасайм жана компотту абдан көп даярдайм. Болбоду дегенде дасторконумда лимон менен балдан даярдалган кыям турат. Ал үчүн эки орточо лимонду алып майда төрт чарчы кылып туурап, анан ага көлөмүнө жараша бал кошуп аралаштырып коюу керек. Бул кыямды шекер ордуна колдонууга болот. Пайдалуулугу: жай-кыш дебей сакталуусу жакшы жана сасык тумоого каршы күрөшүүчү күчтүү азык.

– Эми жүзүңүздүн сулуулук сырларынан бөлүшсөңүз?

– Бир нече жылдар мурун ар дайым косметологдун кызматынан пайдаланып, өз алдымча бетиме кам көрүүм жакшы эмес болчу. Ал косметологум шаардан көчүп кеткен соң менин бетимде маселе жаралды. Майда бүдүрлөр чыгып абдан кыйнады. Доктуруна дагы, молдосуна дагы бардым. Анан тааныштарымдын бири өзүң эле айран, сүзмө колдонуп көрчү деп сунуштап калды. Ошондо балалыгымда апамдын бетине айран сүйкөп калганын эстедим да ошол ыкманы колдоно баштадым. Андан кийин сүт азыктарынын сары суусун ичүүнү сунуштап калышты. Аны ичип баштаганда эле жыйынтыгын сезе баштадым. Ошондон бери сүт азыктарын сулуулугум үчүн пайдаланып келем. Баарынан сары сууну ичүү абдан пайдалуу. Ички органдарды тазалоо менен жүздүн тунуктугун камсыз кылат. Сары сууну мүмкүн болушунча үйдөн өзүбүз жасаганыбыз жакшы. Анда дагы сүзмөнүн эмес, быштактын сары суусун ичүүнү сунуштайм. Себеби, быштактан алынган сары суу даамдуурак жана ичкиликтүү болот. Жайдын ысыгында муздаткычка кадимки суусундук катары салып коюп каалаганча иче берүү керек. Ал тер аркылуу ичтеги зыяндуу заттарды айдап чыгат. Ошондой эле азыр күнгө күйүү маалы башталды. Бирок, мен 35-40 жаштан өткөн айымдарга күнгө күйүүнү сунуштабайм. Бул курактан өйдө тери картая баштайт. Андай терини күнгө күйгүзүүнүн жакшы натыйжасы жок деп эсептейм. Ошондуктан, мен көлгө барганда ар дайым көлөмдүү көз айнек тагынып, калканчы чоң шляпа кийип жүрөм. Ал эми рулда жүргөн айымдарга машинаны атайын рулда кийүүчү кол каптарды кийип айдоону сунуштайм.

– Бетти буулап тазалоо ыкмасын колдоносузбу?

– Айрым айымдар, айрыкча өспүрүм курактагы жаш кыздар безеткилерден арылуу үчүн ар кандай кайнатмаларга беттерин буулашат. Бул таптакыр туура эмес. Буу бетти өлүү клеткалардан бошоткону менен жаңы клеткалардын оозун ачып салат. Натыйжада кайра эле ошол ачылып калган клеткаларга кир, чаң толуп кайрадан бууланууну талап кылат. Бууланууну колдоно берүү менен өзгөчө мурундун тегерегиндеги клеткалар кеңейип, тешикчелер пайда болуп калат. Ошондуктан, айымдын бети мейли кургакпы, мейли майлуубу, жашы канчада болбосун маскалардын түрүн колдонууну сунуштайм. Жеке мен сүт азыктарынан, жемиштерден маска даярдап, колдонуудан тажабайм. Ар бир мезгилге ылайык ар түрдүү маскаларды колдоно берүүгө болот. өзгөчө Авитаминоз башталган маалда банан, кулпунай, алма жана башка жемиштерди эзип маска кыла берүү керек.

Чачыңызга кандай кам көрөсүз?

– Негизинен эле менин терим, чачым кургак. Майлууга салыштырмалуу кургак тери, чач өзгөчө кам көрүүгө муктаж. Кургак чач үчүн кадимки эле ашканада биз колдонгон майлуу майонезди алып, идишке куюп суюлта чалып анан маска катары чачка сүйкөп, чачтын узундугуна жараша 10-15 мүнөт кармап турабыз дагы жууп салабыз. Бул масканы бир жумада бирден бир ай колдонуу жетиштүү. Ал эми майлуу чачтуулар үчүн төмөнкү кеңешти сунуштайм. 100 грамм коньякка бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып 10 мүнөт чачыбызга коёбуз. Бул масканы 3-4 күндө бир кылып 4-5 жолу кайталасак, чачыбыздын майлуулугунан арылабыз.

– Колдордун назик, жумшак, сулуу болуусу үчүн кандай аракеттер керек?

– Адатта бетке кенен убакыт бөлүп
кам көрөбүз, а колубуз экинчи орунга калып калат. Бирок, биздин колубуз дагы жүзүбүздөй эле кам көрүүгө муктаж. Күн сайын кечинде бетти макияждан тазалагандай эле колду дагы атайын каражаттар менен тазалап, ага кремдерди сүйкөө керек. Бетибизге койгон маскаларды колубузга коюу дагы пайдалуу. Колдун көркү – тырмак. Мен таптакыр жасалма тырмак чаптатууну сунуштабайт элем. Бул жасалма кооздук убактылуу гана эмеспи. Мөөнөтү бүтүп алынып салынган соң тырмакты морт кылып, жукартып жиберет. Анан калыбына келтирүү абдан оор. Тырмактын табигый сулуулугун сакташ үчүн бир айда бир сөзсүз түрдө маникюрга баруу жана ар жумада азыктандырып туруу керек. Мисалы, биринчи жумада кадимки эле йодду алып, кебезге сиңирип, тырмактарыбызга тегиз кылып сүртүп коёбуз. Бул жума үчүн ушул аракет гана жетиштүү. Ал эми экинчи жумада орточо лимонду алып тең экиге бөлүп алабыз. Тазаланган тырмактарыбызды лимонго матырабыз да 15 мүнөт кармап турабыз. Мүмкүн болсо тырмактарыбыз менен кошо манжабыздын биринчи мууну дагы лимонго батып туруусу керек.

– Тырмактын учуна чейин кам көргөн айым буттарын дагы таарынтпаса керек?

– Аялдын бир сулуулугу – анын жарашыктуу басышында. Ал үчүн бийик бут кийим менен жапыз бут кийимди алмаштырып кийип туруу керек. Узак убакыт бирөөнү гана кийип жүрө берсе, акырындык менен айым басышын бузуп алышы мүмкүн. Ал эми көп басуудан талып, чарчаган буттарды эс алдыруу үчүн бир литрлик бөтөлкөгө муздак суу куюп, отургучка олтуруп алып таман менен бөтөлкөнү тегеретип отуруу керек. Мен бутума бир жумада бир жолу ванна жасайм. Ванна үчүн ыкчамыраак ысык суу жана деңиз тузунун керектүү өлчөмдөгү күкүмүн пайдаланам. Сууга деңиз тузун салып аралаштырам дагы таза жуулган бутумду салып 15 мүнөт олтурам. Деңиз тузун шаардагы “Vefa”, “Веta Stores” сыяктуу соода түйүндөрүнөн кир жуучу каражаттарды сатуучу бөлүмдөрүнөн тарттырып алса болот.

– Жагымдууга айкалышкан кандай пайдалуу эс алууну жакшы көрөсүз?

– Саунага бөлөлөрүм, эже-сиңдилерим менен бир айда бир сөзсүз түрдө барабыз. Ал жакка бараарда ар бирибизден бирден денеге колдонуучу маска даяр. Бирок, чынында ар дайым менин маскаларым өтүмдүү. Бир рецепт айтып берсем: мончого же саунага бараардын алдында 1 литр майлуу кефирге 4-5 жумуртканын сарысын гана кошуп, даяр болгон массанын көлөмүнө жараша 1-2 чоң кашык таза балды аралаштырып даярдайбыз. Масканы жеңил пардан кийин денеге тегиз сүйкөп, сиңиребиз. Бул маска дагы денедеги өлүү клеткаларды жок кылып, терини тазалайт.

 

Азыктандыруучу маска

Сүзмө менен кулпунайдын аралашмасынан жасалган бул масканы ар бир айым үй шартында даярдай алат. Масканын өзгөчөлүгү – ал жаш курак тандабастан бардык айымдарга сунушталат. Азыктандыруучу бул масканы бир жумада бир жолу колдонуу менен жүзүңүздүн сулуулугун бир калыпта алып жүрө аласыз.

           1. Таза сүзмөдөн керектүү өлчөмдө алабыз.

 

        2. Ага 3-4 орточо көлөмдөгү кулпунай кошобуз.

 

          3. Кулпунайды эзип, сүзмө менен аралаштырып бирдей массага келтирип алабыз.

 

 

 

          4. Даяр болгон аралашманы таза жуулган бетке, моюнга тегиз кылып сүйкөйбүз.

 

 

 

 

     5. Маска азыктандыруучу менен катар жумшартуучу касиетке дагы ээ болгондуктан, колго                колодонууга дагы болот.

 

 

 

 

6. Моюнга, бетке, колго тегиз жабылган маска кургаганча күтүп турабыз. Маска кургап баштаган маалдан баштап сүйлөгөнгө, күлгөнгө болбойт.

 

Баары тегиз кургаган соң бөлмө температурасындагы суу менен жууп салабыз. Кургактаган бетибизге эч кандай крем сүйкөөнүн зарылчылыгы жок.

 

 

Гүлайым Калыбекова