ЫМЫРКАЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЫЙЛАЙТ?

Ый – ымыркайдын өз каалоолорун жана талап­тарын чоңдорго билдирүүнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү. Андыктан, жаш энелерге кеңеш – баланын ыйына дароо көңүл буруңуз жана эч качан кыжырданбаңыз, андан көрө ыйдын себебин аныктап, балаңызга баары жайында болуу үчүн кам көрүңүз.

 

Ачкалык

Баланын эң негизги талабы – бул тамак. Курсагы ачка болгон баланын ыйы өзгөчө: алгач акырындан күңкүлдөп, анан ыйлап баштайт – канчалык узакка созулган сайын ошончолук көшөрүп, катуу ыйлайт. Эч кандай алаксытуу жардам бербейт. 1-2 мүнөткө алаксышы мүмкүн, анан жаңы күч менен кайра катуулап ыйлай баштайт. Адатта мындай ый эринин чопулдатып, башын эки жакка буруп эмчек издөө кыймылдары менен коштолот. Кокус колу оозуна жакындап калса, аны соргонго аракет кылат. Ымыркайды сааты менен тамактанууга көндүрөм деген аракет таптакыр пайдасыз, атүгүл зыяндуу. Баланын жашоосунун алгачкы айларындагы тамактануу бир гана анын талабы менен болууга тийиш. Мында суткасына 8-10, кээде андан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Болжол менен 3-4 айлыгынан баштап баланын эмүү режимин бир калыпка салууга болот.

 

Чаңкоо

Эгер эненин эмчек сүтү жетиштүү болсо, баланын суюктукка болгон талабын эмизүү менен эле канааттандырса болот. Бирок, жайдын ысыгында баланы ашыкча эле ороп-чулгоодон ал катуу тердейт да, мындай учурда ымыркайга  кайнатылган суу берүү талап кылынат.

 

Булганган жалаяк

Эгер бала ар кандай алаксытууга карабай үзгүлтүксүз ыйлай берсе, демек, ага жатканга ыңгайсыз болуп, бир нерсеге кыжыры келип жатат. Бул суу болгон жалаяк болушу мүмкүн. Жашоосунун алгачкы айларында бала суткасына 20 жолкуга чейин сиет, табигый жол менен тамактанса, 5-6 жолу заңдайт. Андыктан, эмизгенден да көбүрөөк жалаягын алмаштырууга туура келет.

 

Ыңгайсыздык

өтө тыгыз ороо, подгузниктин резинкасынын кысышы да баланын ыйынын бир себеби болушу мүмкүн. Мындай учурда баланы ороосунан чечип, эч нерсе тоскоол болбой жатабы, текшериңиз. Негизи, жалаякка орогонго караганда ползунка кийгизген оң. Эркин кыймылдап чоңойгон баланын өнүгүүсү нормалдуу болот.

 

Ысык жана суук

Эгер бала курсагы ток, асты кургак экендигине карабай уктабай ыйлай берсе, текшериңиз, ал ысып же үшүп жатат. Эгер ысыса, моюну менен чекеси тердеп, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кетет. Ал эми муруну, алакандары жана тамандары муздак болсо, демек, бала үшүгөн болот. Андыктан, баланы ашыкча эле ороп-чулгоо да, өтө жеңил кийинтүү да туура эмес. Болжол менен өзүңүзгө караганда бир кабатка көп кийинтиңиз. Туура кийинтүүдөн тышкары бөлмөнүн температурасына да көңүл буруу керек – бөлмөнү 22 градустун айланасындагы жылуулукта кармоо талапка ылайык.

 

Микроклимат

Баланын керебети ачык турган терезенин тушунда, күндүн нуру түз тийген жерде турбаш керек. Ошол эле убакта ымыркайга таза аба да керек, жагымсыз жытка да балдар ый менен жооп беришет.

 

Оору

Мындай учурда бала чырылдап катуу, ачуу ыйлайт. Эгер баланын ооругандыгы тууралуу шегиңиз бар болсо, “болбогон нерсе үчүн убара кылбайын” деп коркпой эле дароо доктур чакырыңыз. Кокус доктур тынчсыздана тургандай эч нерсе таппаган күндө деле көңүлүңүз жайланышып калат. Сизге кошулуп ымыркайыңыз тынчтанат.  Жаш балдар энесинин эмоциясына өтө тез таасирленет.

 

Ичине жел туруу

Ичегидеги бул оору бала 3-4 айлык болгонго чейин кайталана берчү оору. Мында бала кескин, чырылдап ыйлайт. Буттарын ийип, аны менен ичин кысууга аракет кылат, кызарып кетет. Жел туруу адатта эмизип жаткан учурда же эмизгенден  жарым-бир сааттан кийин кечинде, түндө пайда болушу мүмкүн. Жел туруунун алдын алуу үчүн бөтөлкөнүн ичиндеги суюктук упчуга толуп тургандай абалда балага шашпай ичирүү керек. Ошондой эле тамактандыруунун алдында бир кичине кашыктан укроп суусун берген оң. Бул болгону алдын алуу. А жел туруудан бала ыйлай баштаганда кандай аракет көрүү зарыл?

Эң эле натыйжалуу ыкма – массаж. Баланы чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын саат жебеси боюнча айлантып жумшак сылаңыз. Жалаякты үтүктүн жардамы менен жылытып, ичке басуу да жардам берет. Эсиңизде болсун, жалаяк ысык эмес, жылуу болууга тийиш! Эгер жел туруу кайра-кайра кайталана берсе, сөзсүз түрдө врачка кайрылыңыз.

 

Тиш чыгуу

Тиш жарып келатканда бала ачка болсо да эмчектен баш тартып, катуу кыйкырып ыйлайт. Мындай учурларда жаш энелер “сүтүм бузулуп калдыбы? Балам ушуну менен эмчектен чыгып кетеби?” деп чочулашат. Бирок жакшылап көңүл бурсаңыз, бала күндүзү, болгондо да күндө бир маалда эмбей чыргоолонгонун байкайсыз. А түнү жакшы эле эмет. Бул болсо организмдин, анын ичинде тиштин күндүзү активдүү өсөөрүнө байланыштуу.   Тиш чыгуунун дагы бир белгиси – шилекейдин бөлүнүп чыгышынын күчөп кетиши, ооздун кычыктарына майда кызыл бүдүрлөрдүн чыгышы жана ооздон такай шилекей агуу. Адатта мындай абал 2-3 жумага созулат.

 

Жалгыздык

Бала жалгыз калганда, апасынын мээримин, сүйүүсүн каалаганда ыйлашы мүмкүн. Балаңызды эркелетүүнү унутпаңыз: аны колуңузга алып, кучактаңыз, өбүңүз. Кээде балага апасынын жанында болуп, анын үнүн угуп туруу эле жетиштүү болот. Бала менен көбүрөөк сүйлөшүп, аны менен ойноого аракет кылыңыз. Мындан бала сиздин камкордугуңузду, аны коргооңузду сезүүгө тийиш. Ушул курактагы бала менен эненин ортосундагы тыгыз байланыш көп жылдарга жетүүчү ишенимдин кепилдиги болуп эсептелинет.

 

 

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА