Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Нурбек

Туулган жылы: 1992-жыл 25-март

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда бригадир болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Таш-Көмүр шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, ыймандуу, акылдуу, сулуу, таза, тыкан

Материалдык байлыгы: машинасы, үйү бар

Байланыш телефону: 0778 17 44 48

Мен турмуш куруп ажырашып кеткем. Аялым менен бир ай кыз-жигит катары сүйлөшүп үйлөнгөн соң үч гана ай жашадым. Ажырашуубуздун себебин сыр кылып калтырам. Андан бери арадан бир жыл өттү. Эми өзүмө келип, кайрадан жаңы жашоо баштайын деп жатам. Ал үчүн 1990-1994-жылкы жалал-абаддык кыз-келиндер менен таанышам. Менден бир аз улуулар менен деле тааныша берем. Негизгиси мамилебиз бекем болуп жашап кетсек болду. Жылдызыбыз келишкен айымдын баласы болсо багып алууга макулмун.

 

Самара

Туулган жылы: 1994-жыл 1-август

Кесиби: тигүүчү жана ашпозчу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Жалал-Абад облусу Ала-Бука району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Ыймандуу, тың, сыйчыл, сылык, эмгекчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 10 14 94; 0778 46 48 90

– Мен 18 жашымда бейтааныш адамдын ала качуусуна туш болуп отуруп калгам. Таптакыр тааныбаган адам менен жашаганча кетип калгым келди. Бирок элдин кеп-сөзүнөн, ата-энемди уят кылуудан корктум. Тобокел деп көнүп жашап кетүүгө аракет кылдым. Тилекке каршы, мен өтө эле жаман жерге туш болгон экенмин. Мени алып качкан адам мага чейин Орусияда иштеп жүрүп аял алып, балалуу болгон экен. Жашаганыбызга бир ай болгондо ал тууралуу билип абдан капа болдум. Ошондон кийин анын мага кол көтөрүүсү, себепсиз жемелөөсү башталып, мени кор кылчу болду. Ошондой жашоодо жүрүп кош бойлуу болгон кезимде дагы катуу токмок жедим. Кетип калууну ойлогонум менен балам менен кайда бармак элем деп, анын үстүнө балалуу болгон соң оңолот деген үмүткө жетеленип жашай бердим. Кыздуу болдук. Тилекке каршы, андан кийин деле баягы мамилесин өзгөрткөн жок. Ошентип, кызым алты айга толгон кезде кетип калууга аргасыз болдум. Бир жылдан бери ата-энемдин колунда болуп, алардын көмөгү менен кызымды чоңойтуп жатам. Кыз бала наристеси менен ата-энесинин төрүндө отурганы жагымсыз экен. Айбыгып, ыңгайсыз боло берем. Андан улам кайрадан бактымды сынап, татыктуу теңимди таап кетүүгө бел байладым. Эми мага 23 жаштан 30 жашка чейинки Жалал-Абадга жакын жашаган мырзалар чалыңыздар. Баласы болсо кызыма кошуп багып алам. Негизги талабым - ичкиликтен алыс, иштегенден чарчабаган адам болушу керек.

 

Эламан

Туулган жылы: 1991-жыл 23-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: айылда айдоочу болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Таш-Көмүр шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Сыйчыл, акылдуу, ыймандуу, туруктуу, билимдүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 45 08 02

Мен ата-энемдин кенже уулумун. Бир туугандарым үй-бүлө күтүп, өз жашоолору менен кетишкен. Эми мен кенже уул катары ата-энеме кызмат кылууга мезгил келди. Андыктан жашымды өткөрбөй турмуш куруу максатында буга чейин турмушка чыкпаган 20-23 жаштардагы жалал-абаддык кыздар менен таанышам. Ата-энем менен бирге жашай тургандыктан ар убак аларга сый мамиле кылуусу - негизги талабым. Ушул шартка макул болгон ыймандуу кыздар чалыңыздар.

 

Амантур

Туулган жылы: 1993-жыл 7-сентябрь

Кесиби: келечектеги тиш доктур

Иштеген жери: окуу менен катар такси айдап иштейт

Жердиги: Чүй облусу Аламүдүн району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Билимдүү, туруктуу, ыймандуу, акылдуу, сылык

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0705 12 54 65; 0776 58 49 58

Мен турмушка олуттуу караган, иштерман, токтоо баламын. Бир туугандардын кенжеси болгонум менен өз алдымча жашайм. Келечекте бир кесиптин ээси болуп алайын деп аракет кылып окуп жүрөм. Ага катар бош убактымда шаар ичинде такси айдап каражат табам. Жакшылыктын эрте болгону жакшы деп жакшы кыз таап үй-бүлөлүк жашоону баштасам деген тилектемин. Ал үчүн Кыргызстандын кайсы жеринен болсо дагы шаар жашоосуна тың 18 жаштан 22 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Чалыңыздар.

 

Аида

Туулган жылы: 1985-жыл 5-май

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: мектепте кесиби менен иштейт

Жердиги: Ош облусу Ош району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Акылдуу, билимдүү, туруктуу, ыймандуу, чынчыл

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0778 85 83 69

– Мен бир үйдүн кенже, эрке кызымын. Ушул куракка чейин турмуш курбаганыма окуу, иш деп жүрө бергеним жана назик, тартынчаак мүнөзүм себеп болду. Антип убакыттан уттуруп өзүм каалагандай жакшы мырзаны таппай келем. Эми буга чейин турмуш курбаган, жашоого олуттуу караган, мамилеге туруктуу мырзалар менен таанышам. Жердиги кызыктырбайт. Жашы 30-33 жаштарда болушу керек. Турмуш куруп, ажырашкандар чалып убактымды албагыла. Ата-энеси менен бирге тура турган мырзалар ойлонбостон чала бергиле.

 

Айпери

Туулган жылы: 1987-жыл 1-июнь

Кесиби: дипломат

Иштеген жери: чакан ишкердиги менен алек

Жердиги: Ысык-Көл облусу Тоң району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Иштерман, билимдүү, акылдуу, тың, чынчыл

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0770 43 46 87

– Мен бул кызматка эң жакын курбу кызымдын демилгеси менен кайрылып жатам. Буга чейинки никем ийгиликсиз болуп, кайрадан турмуш курууга белсене албай келгем. Мындай абалга кириптер болушума кандай жагдайлар себеп болгонун коомго жар салбай эле коёюн. Учурда кызымды тарбиялоо менен бирге жеке ишкердигим менен алекмин. Эми мага иштин көзүн таба билген кыраакы, иштерман, айтор, жакшы сапаттарга бай, жаман адаттардан алыс мырзалар керек. Жердиги биздин аймакка жакын болуп, жашы мага тең курдуу болушу шарт. Бекерчи, ичип-чеккендер чалып тынчымды албагыла.

 

Чыңгыз

Туулган жылы: 1988-жыл 14-декабрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, сарамжалдуу, боорукер

Материалдык байлыгы: малы бар

Байланыш телефону: 0779 38 72 71

Атамдан ажырап калганыбызга 15 жылдан ашып калды. Апам карындашым, иним үчөөбүздү жалгыз бой тарбиялап чоңойткон. Азыр келин жумшап төрдө отурчу кези келди. Мен дагы апама кызмат кылып, кичүү бир туугандарыма баш-көз, жакшы үлгү болоюн деп жатам. Ансыз да бир чети турмуштун кыйынчылыгы болсо, бир чети көр турмушка азгырылып алек болуп жүрө берип ушунча убакыт өтүп кетти. Эми мен 18 жаштан 25 жашка чейинки баткендик кыздар менен таанышам. Буга чейин турмуш куруп, ажырашып кеткендер убара болбой эле коюшсун. Улуу болсом дагы апам менен бирге жашай турганымды эске алып, анан чалыңыздар.