УЛАНБАЙ КАЛГАН ӨМҮР

– Кечир… Кечириңиз!.. Кечирип койчу-у-у. Кызыл нуру улам тарап бараткан күндү чаңынан бозоргон кир айнектен үмүттүү караган Айзада жанында кыбыр эткен жан жок болсо да жалынычтуу үнү менен алда кимден кечирим сурап турду. Алда немеден кечигип калчудай аптыгып, шашканынан тили чулдурай түшүп кечирим тилейт.

– Кечиргилечи-и!.. Кечиргиле, кечиргиле…

***

Заңгыраган чоң үйдүн сүрдүү дарбазасы кыйч этип аста ачылып Айзаданын коркок карааны кылак этти. Эгер азыр апасы дени сак кадимкисиндей басып жүргөндө, кызынын алдынан тосо чыгып адаттагысындай башынан суу тегеретип төгүп жайылган дасторконуна жетелемек. Анан анын бүгүнкү коёндой элеңдеген көзүнө үңүлүп бир апта ичинде неге мынчалык арыктай түшкөнүн сурап, каны качкан жүзүнөн сылап, жалтактап калган мүнөзүнө дароо ой жорумак. Көз ирмемде ушулар оюна келе калган Айзада бакыраң көзүнө жаш тегеретип тутканы кармаган калыбында ката түштү.

– Ой, мында белеңиз… Мен байкабай калбадымбы… - колу таштанды чакадан бошобогон үй кызматчысы эшикти катуу түртүп алганы үчүн ыңгайсызданып өзүнөн кичүү кыздын алдында жалооруп жиберди. Айзада адаттагысындай ачуусун бүркө салып, анан кайра тарс жарыла каткырып үйгө кирип кетет деп ойлогон. Бирок аны биринчи ирет таңдандырып да, ыраазы кылып Айзада бул жолу сылык гана:

– Эч нерсе эмес. Апам кандай? - деди.

– Жакшы, жакшы эле. Сизди көрсө кубанат го? Кириңизчи? – узак убакыттан бери жанындай көргөн сырдаш кожойкесин оорудан арачалап калууга бар аракетин кылып калдастап жүргөн үй кызматчысы Айзаданы көрүп апасынын кубанышын чын дилинен тилеп жиберди. Бирок Айзаданын апасынын үйүнө болгон бул жолку сапары анын акыбалын суроодон да чоң маселе үчүн болуп отурганын ал билбейт. Кечээки санаалуу ойлорго толгон уйкусуз түн Айзаданы ушул үйгө жеткиргенге гана араң жарады.

***

Кечирим сурап ыйлап отуруп бөлмө көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп кеткенин аңдабаптыр. Шаша туруп эле ашканага жетип текчелерди аңтарып уксусту колуна алды. Жок! Жан чиркин ушундай таттуу тура. Ойго батып башын мыкчып дагы далайга отурду да, балконго жетти. Тээ төмөндө зуулдап, шуулдап өткөн машинелердин үнү кандай коркунучтуу. Алардын арасында кызыл жаян болуп жатканын эстеп алып керебетине башын ката жата калды. Эми туруп ваннанын суусун шаркырата агызып койду да, болкулдап соккон күрөө тамырын кармап отуруп кайра башын үмүттүү көтөрдү. Эбак өчүрүп, ыргытып салган кол телефонун таап шашыла жандырды. Анан баскычтарын улам кайталап басып он мүнөтчө отуруп күткөн адамынан чалуу да, кат да болбогонуна көзү жеткенде бир эчкирип алды. Бирок азыр көзүнөн тамчы да жаш чыккан жок. Керебетине кериле жата кетти да, ток ургандай кайра секирип турду. Айзаданы атынан атабай айды алып берүүнү убада кылган жан менен канчалаган кумарлуу түндөрдү өткөргөнүнө ушул керебет күнөөлүүдөн бетер бир муштап, анын жыты калган жаздык менен шейшепти туш келди ыргытып салды. Эми акырын жерге бутун кере жатты да, назик колдорун калтыратып барып курсагына абайлап тийгизди. Ысык алаканы өзүнө жагымдуу болуп, жүрөгүнүн тереңинен кубанып алды. Кумсарган жүзүнө күлкүнүн изи түшүп, колдору кантип курсагын берилип сылап калганын байкабай калды өзү.

– Таарынбай турчу. Биз сени күткөн эмеспиз да… Айрыкча ал… Ал мындай болушун каалачу эмес да. Эми мен дагы… - Айзада аккан жашын аптыга жутуп шыбырын улады, - эми мен дагы сени куткара албайм. Эки айдан бери апам оорулуу. Бир ай мурун аны доктурлар чыгарып берип коюшту… Атамдын эрке катынына өчөшүп үй алдырып, апамды жалгыз таштап бөлүнүп кеткеним аз келгенсип эми апама минтип калганымды айтсам, ал кандай абалда болот? Үү-ү-ү-ү… Апам байкушта абал деле калган жок. Эми ал мени таштап кетет. Биротоло таштап кетет. Анан мен жалгыз калам. Атам болсо мени айда-жылда бир эстейт. Акмактар!.. Тиги да мени алдап кетти. Алдамчылар! - Айзада бүгүн гана кабардар болгон курсагындагы эки айлык түйүлдүгү менен сүйлөшүп атканын унутуп улам сайын ачууга алдырып баратты.

Жайдын кыска түнү узап, таң агарып калган экен. Али бир жыйынтыкка келе элек болсо дагы ордунан турду да, машинесин зуулдатып шаар четиндеги айылда аны ар дайым кубанып тосуп алчу апасына сырын төкмөккө ашыгып жөнөдү. Азыр анын ооруп атканын, улам сайын алсырап баратканын билгиси келбей демейде жерип турчу эркелетүүсүн самап баратты.

***

Керебетте ак шейшептен өңү айырмаланбай жаткан апасынын оор абалын жакындан көргүсү келбеген кыз босогого боюн сүйөп көпкө турду. Кыш-кыш эткен деми бөлмөнү жаңырткан апасы кызынын мында экенин туя албады. «Апа, мен кош бойлуумун. Менин ичимде тирүү жан бар». Апасына айтайын деген кабары жакшы же жаман экенин билбей туруп ушул сөздөрдү ичинен кайталап жатып «тирүү жан» дегенде оюнан селт эте чочуп кетти.

– Бүгүн абалы башкача оор. Жанына барып жакшы сөздөрүңдү айтчы. Түнү менен сени чакырып «садагам ай, берекем ай» деп эле жөөлүп чыкты. Бирде сени эркелетип, бирде сооротуп эле атты, – жанына катар туруп жалынычтуу үнү менен кеп баштаган үй кызматчысы Айзаданын жаңы гана башталган оюн чачыратып жиберди.

Апасынын жанына учуп жетип бетинен өөп, «апакелеп» жалбарды. Канчалык жаны кейип турса дагы Айзадасынын амандыгына сүйүнүп, аны бооруна бекем кыскысы келген менен курган эненин дарманы ага келген жок. «Эч болбосо бир ооз сөз айтайын» дегендей канчалык оозун таптаса да сөзү угулбады. Апасынын ушундай оор абалга кептелгенин адатынча алгач атасына оодара салды да, анан башын шылкыйтып оор улутунду кыз.

Ар дайым көкүлүнөн сылап туруучу апасынын сулуу колдору ийри-буйру болуп ичкергенине ишенгиси келбей калч-калч эткенин баса алар бекем дегендей колун акырын улам бир жерге жылдырып, бекем кармап үнсүз отура берди. Ойлогон сөздөрүнүн бирин да айттырбаганга тырмышкансып алкымына ачуу жаш кептелип, кетпейт. Минтип канча отурганы белгисиз. Качан гана үй кызматчысы келип ашканага чакырганда ордунан козголуп, апасынын бетинен өөп койду да, чыга жөнөдү. Жүзүнө мээрим уялаган, ар дайым камкор аялдын «тамак ич» дегенине карабай кайра шаарга бет алды.

***

Жол бою тынымсыз ар кимге коңгуроо кагып, биринен сала бирине чалып жамгырдай жааган суроолоруна кыска, орой, бирде шылдыңдуу жоопторду угуп атты. Чириген байлыктын курмандыгы болгон ата-эненин эркеси биринчи жолу оюндагысындай болбогон жоопторду каяшасыз калтырып, биринчи жолу коркутуунун ордуна коркуу сезими менен баратты.

Күүгүм талаш көп кабаттуу эски үйлөрдүн алдына келген Айзада телефонунун жанын койбой баскылап кимдир бирөөнү күтүп турду. Түн ортосунда жанагы эски кабат үйдөн чыгып, темтеңдей басып машинесине жетти. Күтүүсүз келген коңгуроодон чочуп караса үй кызматчысы экен. Ал анын жаңы эле кылган кылмышын карап туруп эми баарына жар саларын айтканга чалып жаткансып жүрөгү оозуна кептеле түштү. Машинесине уурданып отуруп телефонду үнсүз абалга койду да, башын рулга катты. Тушундагы телефондун жаны тынбай үнсүз жанып-өчкөнүнө кыжырлана аны машиненин артына ыргытып салды да, айнектен асманга үңүлдү. Айзаданын асманга карек кадашын күтүп тургандай ошол замат балбылдаган бир жылдыз шуу этип учуп, артында калган кыска изин заматта жашырып алды. Ага удаа алыстан үлүрөйгөн бир жылдыз да зуу койду. Анын жылтылдаган узун куйругу улам сайын өчүп баратты.

Айзада болсо апасынын өмүрүн улоочу жаш данекти жок кылганын сезбей, ал тууралуу капарына да албай отура берди. Жүрөгүнүн алдында жарык жашоого умтулган ал бейкүнөө наристе менен кошо жаш жаны бул өмүрүндө эне болуу бактысынан биротоло ажыраганын туйган да жок.

 

Гүлайым Калыбекова