ЫСМЫҢЫЗ КИМ?

“Адамдын ысмы жеке турмушуна өз таасирин тийгизет” деген бекем ишеним сизде да болсо керек. Ысмыңыздын тереңинде кандай сыр жатарын билгиңиз келсе, 0 (312) 59-15-71 номерине шейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин чалып ысмыңызды каттатып коюңуз же jaza.79@mail.ru электрондук дарегине жазып жибериңиз.

Назгүл

Бул ысым түрк тилдүү элдерге, Орто Азияга белгилүү. Кыргызстан, Казакстанда кеңири колдонулуп, “скромная роза”, “назик гүл” деп которулат. Бул ысымдагы айымдар бирөөлөр менен тез эле тил табыша алгандыктан өтө көп тааныш, досторду күтүшөт. Ошондуктан жалгыздыктан жапа чегишпейт. Карьера түптөө үчүн кадам ташташса ийгиликке жетишишет. Чыгармачылыгына таянып каржыдан да өксүк болбойт. Үй-бүлөнүн да, иштин да өтөсүнө чыга алган айымдардан болушат.

Гүлзина

Бул ысымдын ээлери кай жерде, кандай кырдаалда болбосун, ал кырдаалдан көйгөйсүз чыгып кетет. Гүлзина аттуу айымдар чечкиндүү, өзүн-өзү камсыздаган, мырзаларга таандык сапаттарга ээ эрки күчтүүлөрдөн болушат. Булардын терс жактарына агрессивдүүлүгү, бетке айткандыгы жана өзүмчүлдүгү кирет. Ошондой эле Гүлзиналар дайыма башкарууну жактырышат. Сыр сактаган жагынан эч кимди алдыга салышпайт. Үй-бүлө куруу үчүн ашыкпай ылайыктуу жарды күтүшөт.

Наргиза

Бул ысымга түрк жана перс эли көп басым жасашат. Ар бир эл ар түрдүү которуп “оттуу гүл”, “ай” деген мааниде түшүнүшөт. Наргизалар эрктүү, кекчил, абдан энергиялуу болушат. “Күчтүү айым” деген сөз накта ушул ысымдын ээлерине арналган. Кесип тандоодо курулушчу, тартип сакчысы, аскер кызматкери, хирург дарыгери болсо жарашат. Бул иштерде алар мырзалардан кем калышпай мыктылыгын көргөзө алышат. Өздөрүн таза, тыкан алып жүрүшөт. Ар убак биринчи болууну самашат.

Сезим

Кыргыз элинде көп колдонулган ысым. Атында айтылып тургандай, бул ысымдын ээлери абдан жапакеч, өзүн да, адамды да баалай билген, өтө сезимтал айымдардан болушат. Табиятынан өжөр, аракетчил келишкендиктен жашоодо материалдык байлык топтоо үчүн жан үрөшөт. Булар айткандарынан кайтпагандыктан аракеттери текке кетпей, ийгиликтерди багындырышат. Кайсы жер, кандай кырдаал болбосун, бетке айтып салуулары терс сапаттарынын бири болуп саналат.

Эрбол

Салттуу түрдө эркек балага ыйгарылуучу ысым. Казак элинде Ербол деген ысым арбын, жалпы мааниси “чыныгы эркек” дегенди билдирет. Казак, кыргыз эли бул ысымды наристенин келечекте эр азаматтардан болушун тилек кылып коюшат. Эрболдор кичинесинен эле намыскөй келишет. Эс тарткан соң жаңы ачылыштарды жасоого аракеттенишет. Жасаган иштеринин өтөсүнө чыга билишет. Үй-бүлөдө камбыл ата, жубайына татыктуу кожоюн боло алышат.

Мунира

Араб тилинин “мушарак” (مشرق) деген сөзүнөн келип чыккан. “Нур”, “жарык” деген маанини түшүндүрөт. Мунира аттуулар иштерман, бирөөгө жардам берүүдөн аянбаган, активдүү жашоону каалаган айымдардан болушат. Жасай турган ишин алдын ала пландап алышат. Бул айымдар өздөрүн өтө баалашкандыктан өз сулуулугу, ден соолугу үчүн эч аянышпайт. Дайыма өзүн таза жана тыкан алып жүргөндүктөн тегерегиндегилерге үлгү боло алат. Үй-бүлөдө да бул жакшы сапаттары менен татыктуу жар болот.

Элизада

Немис, англис тилдеринен келген ысым. Бул ысымга мүчө улап да, аны кыскартып да көп ысымдарды бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келишет. Көбүнесе Елизавета (Элизабет, Изабелла) деп пайдаланышат. “Ак куу”, “боорукер аял” деген маанилерге ээ. Бул ысым ээлери үй жаныбарларын сүйүшөт. Башка адамга көз артпаган, өзү менен өзү болгон айымдар. Кесипти туура тандаса, булардан мыкты педагог, сүрөтчү, актриса, модельер, экскурсовод адистери чыгат.

Жаңыл Мырза

Кыргыз элине таандык ысым. Жаңыл Мырза аттуулар тактыкты, тынчтыкты сүйгөн, далилдүү нерселер менен гана алектенген, салабаттуу айымдар. Алар эч убакта ички дүйнөсүндө жаткан сырын сыртына бейчеки чыгара беришпейт. Өзүн кандай алып жүргөнүнө, кандай сүйлөп, кандай ойлонуп жатканына саресеп салып, акыл топтоого умтулат. Бул айымдарда айрым мырзаларда болбогон мыкты сапаттар көп кездешет. Ушак-айың, көрө албастык деген жаман илдеттерден алыс болуп, үй-бүлөсүн өтө сүйгөн айымдардан болушат.

 

 

Жазгүл КАРБОЗОВА