"Даңазалуу доорду" кимдер кыргызча сүйлөтүшкөн?

Учурда Түркиянын "Даңазалуу доор" аттуу көп сериалуу көркөм тасмасын дүйнө жүзү кызыгуу менен көрүп жаткан учур. Алардын катарынан Кыргызстан да четте калбай фильмдин кыргыз тилиндегисин саат карап күтүп көрүп отурабыз. Ошол түрк киносун кыргызча сүйлөткөн таланттуу актёр, актрисалардын жүзү менен таанышып алыңыз. 

Кыял Төрөгулова, Хюррем жана үн коштоонун режиссёру: "Кайра-кайра төрөй берип тажагам"

-Сиз Мерьем Узерлинин ордунда бул образды жеткиликтүү аткара алмакмын деп ойлойсузбу?

- Албетте, профессионал актриса болгондон кийин ойной алмакмын деп ойлойм. Мен бул образга аябай суктанам, кээде тура калып өзүм аткаргым келип кетет. Азыр 125 сериясын которуп бүтүп жатабыз. Мен ар бир сериясында Мерьем Узерлиге берилген ушундай сонун мүмкүнчүлүк болгонуна тамшанам. Бизде мындай деңгээлдеги фильмдер тартылбай турганын ойлоп өкүнүп да кетем. Хюрремдин үнүн коштоодо алгачкы серияларында кайра-кайра "төрөй берип" кыйналгам. "Эми баланчанчы серияда дагы төрөйт экен" десе кыжаалаттана баштачумун. Себеби столго олтуруп алып эле кыйкырып төрөп жаткан үндү тууроо, дем алганына чейин жеткире билүү чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мага бул ишим аябай жагат. "Хюррем" болуп бүткөнүмдөн кийин ырахаттанып тынч уктайм.


Жолдошбек Жанжигит уулу, Султан Сулейман: "Мен Сулейманга чейин эле гарем күткөм"

- Жашооңузда каарманыңыз Сулеймандай гарем күткүңүз келеби?

- Мен Сулейманга чейин эле гарем күткөм да. Анткени "Чыңгызханды" коштогондо 300 аялы бар болчу, андан кийин мага практика болуп калбадыбы. Албетте, мунун баары тамаша. Жашоомдо гарем күтүп калуудан Кудай сактасын, антип ойлонгон дагы эмесмин. Биринчиден, бул мага тек гана образ. Экинчиден, көп аялдын азабын мага караганда бир учурда экиден, үчтөн аял алган мырзалар жакшы түшүнүшсө керек.

Чыңгыз Мамаев, Ибрагим: "Роль мага тапшы­рылганына канааттанам"

- Бул ролду сизге сунушташканбы же өзүңүз тандап алдыңызбы?

- Башында кадимкидей эле кастинг болду. Мен, дагы бир жигит экөөбүз Ибрагимдин ролуна көрсөтүлүп, мени тандап алышкан. Мен буга чейин эле 1000дей мультфильмдерде, "Жашоо сүртүмдөрүндө" Кенандын, "Чуулгандуу сүрөтчүдө" устаттын жана башка ушул сыяктуу башкы каармандардын үнүн коштоп келе жатам. Бул роль мага тапшырылганына канааттанам.
 

Нурлан Абдырахманов, Мустафа:  "Досторум Шахзаада деп аташат"

- Тасмадагы Мустафа атыңыз жеке жашооңузга аралаштыбы?

- Ооба, мени тааныгандар Мустафа деп, досторум болсо Шахзаада деп атап алышкан. Бир жолу маршруткада келе жатсам бир адам келип "сиз Мустафанын үнүн коштойсузбу?" дейт. "Кантип билип калдыңыз?" десем "үнүңүздөн тааныдым" деди. Бул мага жагымдуу маанай тартуулады. Мустафаны алгач окуп баштаганда эмоциясы менен ант бергенде амбициясы күчтүү, атасына каршы чыккан терс каарман го деп ойлогом. Бирок ал мага өзүн-өзү терс сапаттардан тыя билгендиги менен жакты. Бүт дүйнөнү башкара турган шахзааданын үнүн коштоо мага оңой болгон жок.

Гүлнара Ташматова, Валиде: "Валидедеги сапаттар менде да бар"

- Бул фильмден өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?

- Мүнөзүм жагынан окшоштук таптым. Мисалы, Валиденин бетке айтма, чечкиндүү, кыраакылык менен мамиле кылуусу менин айрым сапаттарыма дал келди. Негизи эле фильмден мен бир чоң сабак алдым. Ал бир туугандык мамиленин күчтүүлүгү. Бизде "Атадан алтоо болгончо, энеден экөө болсун" дейт эмеспи. Дегеним, эгер ата-эне ажырашып кетсе, же үстүнө аял алып анысы төрөсө атадан таралган балдар өчөшүп, бири-бири менен катышпай калат. Энеси ээрчитип барып башкадан да төрөсө бир тууган делинип тарбияланышат. А бул жакта бир күң аял төрөсө анын күңдүгүнө карабай биздин кан дешип ал төрөгөн бала сыйланып турат экен. Бизде кыз алган жары бала төрөп берсе ошонун кадырына жете албаган айрым мырзаларга чоң сабак болчудай сериал десем болот.


Нурдөөлөт Копоев, Сүмбүл ага: "Мага Сүмбүл ага жардам бергени калды"

- Сүмбүлдүн үнүн коштоо менен жашооңузга жаңылык киргизе алдыңызбы?

- Ооба, мени эл жылмаюу менен Сүмбүл деп алышты. "Позитив тартуулаган сонун ролдун үнүн жеткиликтүү коштогонсуң, эми чындап Сүмбүлдүн ролун аткарбайсыңбы" деп сунуштап жатышат. Ушулардын негизинде күзгү тойлорго тамадалык кылууда тойлордун экинчи бөлүгүн атайын "Даңазалуу доор" деген аталышта кылып Сүмбүл ага болуп чыгып алып барсамбы деп пландап, даярданып жатам. Той ортолоп калганда эле байкоосуздан Сүмбүл болуп жүгүрүп чыга калып "бүгүн биздин гаремде чоң майрам" деп калсам элге күлкүлүү да, таң калычтуу да болуп, келген меймандардын көңүлүн көтөрө алам го деп жатам. Эгер башка ролду коштоп калсам бул идея келмек эмес. Буюрса "Сүмбүл ага" мага күзүндө чоң жардам бергени турат.

 


Ызаат ТУРГУНБАЕВА