НУРКЫЗ Кадырбек КЫЗЫ: «Карьерага умтулган айым болсом, азыр Жогорку Кеңеште отурмакмын»

Аял бир эле убакта энелик, жубайлык, анан элине кереги тийген кызматкердин милдетин аткара алат. Дал ушундай мактоого татыган, ар тараптан ийгиликтерди багындырып жүргөн айым бизде конокто. Маеги аркылуу Нуркыз айым менен таанышкан ар бир кыз андан үлгү алса деген ойдо калдым.

– Нуркыз айым, карьераңызды кайсы жакта иштеп баштагансыз?

– Мен мектепте жакшы окуп, республикалык олимпиадаларда кыргыз тили боюнча биринчи орунду алып жүрүп тил жагына кызыгып кеттим. Ош мамлекеттик университетине тапшырып, артыкчылык менен бүтүрдүм. Окууну бүтөрүм менен өзүм окуган окуу жайга мугалим катары кабыл алышты. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин филология, журналистика факультеттерине декандын орун басары катары шайлашты. Эң жаш декандын орун басары болуп, мамлекеттик тил, анан уюштуруу жагын карачумун. Иштеп жүрсөм республикалык «Кыргызтелекомго» чакырышып мугалимдик ишим менен айкалыштырып ал жакта мүчө болуп иштеп калдым. Эки жылдан кийин түштүк өкүлчүлүгүн жетектөө сунушу түштү. Ошондон бери республикалык «Кыргызтелекомдун» түштүк өкүлчүлүгүн жетектейм. Ортодо жаштардын демилгеси менен Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясын активдештирүү боюнча да сунуш көтөрүп жаштар канатын да түзгөнбүз. Мен ал боюнча облуста төраганын орун басары болуп шайлангам. Тил тармагында иштеп жүрүп ЭлТР телеканалында тил боюнча автордук программа алып чыктым. Берүүдө өкмөт, вице-премьер, мэрлерге чейин сын айтып, талкуу жаратып көрүнүктүү программага айланып, журналист катары теледеги жүзүмдү ачтым десем болот. Ошондон кийин ЭлТР телеканалында журналист болуп иштеп калдым. Көрөрмандар, жамаат ичинде сый-урматка ээ болуп продюсерликти дагы аткардым. Университеттеги иштеримден, декандын орун басарлыгынан баш тартып, окутуучу гана болуп иштеп калдым. Азыр мугалим катары Космос Чыдынов, Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова сыяктуу окуучуларым менен сыймыктанам.

– Саясатка кандайча аралаштыңыз?

– Жигердүү жаштардын катарын толуктап кайда иштесем дагы өзүмдү мыкты көрсөтүп келем. Мага «Улуттар биримдиги» партиясы менен Ош шаардык жергиликтүү кеңешке депутаттыкка бирге баруу сунушу түшүп, алар менен шайлоого барып депутат болуп шайландым. Депутат болгондон кийин телеканалдагы продюсердик ишимден баш тарттым. Азыр Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу, республикалык Кыргыз тили коомунун вице-президенти, Ош шаардык жергиликтүү кеңештин депутатымын. Дагы бир жаңылык - 7-каналдын Оштогу өкүлчүлүгүнө жаңы эле жетекчи болуп дайындалдым.

– Бир топ жумуштарда иштейт экенсиз, аял болгондон кийин балдар, үй тиричилиги дагы бар эмеспи, баарына кантип жетишесиз?

– Жергиликтүү кеңештин депутаты маяна албагандыктан күн сайын иштебейт, бир айда бир гана жолу сессия болот. Анан зарылчылыкка жараша гана барабыз. Республикалык Кыргыз тили коомунда бир айда бир барып пландап келебиз. Ошого жараша иштер жүрө берет. Мугалимдик менен журналисттик - негизги жумушум деп айтсам болот. Күн сайын бул жумуштарыма, төрт баламды карап, аларды мектепке ташыганга, үй иштерине жетишкенге аракет кылам. Бирок абдан чарчап калам. Кээде баламдын дене табы көтөрүлүп таң атканча уктабай, эртеси ошол бойдон сессияга же жумушка барган учурларым болот.

– Жардамчыларыңыз барбы?

– Менин эң чоң жардамчым - апам жана кайненем. Алар балдарыбызды карашып, колдоо көрсөтүп келишет. Менин ийгиликтериме алардын салымы бар.

– «Карьера жасаган айымдардын жеке жашоосу аксап калат» дешет...

– Мен өзүмдү укмуштуудай карьера жасаган айыммын деп эсептебейм. Эгерде карьера жасайын деп жулкунган айым болсом, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурмакмын. Анткени мага учурунда сунуштар болгон. Бирок мен үй-бүлөмдү, бала-чакамды башкы орунга коюп жеке жашоом аксап калбасын деп баш тарткам. Азыр деле иш сапарларына барбайм, жумушумду кечке чейин бүтүрүп, кечинде балдарымдын, жолдошумдун кашында болом.

– Жолдошуңуз да сизди жакшы колдосо керек?

– Албетте, депутаттыкка барарда жолдошум экөөбүзгө тең сунуш түшкөн. Бирок ал: «Мен дарыгер катары элге кызмат кыла берем. Сен депутат болуп элге керегиң тийсин», - деп өзү баш тартып мага жол берген. Жолдошум - менин эң биринчи колдоочум, таянар тоом. Экөөбүз олимпиадага барып таанышып калганбыз. Кийин университетте активдүү студенттердин катарында чогуу жүрдүк. Бирок сүйүү тууралуу ортобузда такыр сөз болгон эмес. 5-курста окуп жүргөндө атам каза болуп калды. Мен ыйлап, стресс болуп жүргөндө ал абалымды сурап, дарыгер катары жардам берип, жигит катары жакшы мамиле кылып жүрдү. Адамдын башына оомат келгенде эмес, кыйынчылык түшкөндө колдогон адам жакын болуп калат экен. Ошондо экөөбүз бирге болушубуз керек деген жыйынтыкка келип, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Кудайга шүгүр, жашообуз бактылуу өтүп жатат.

– Кандай байлыгыңыздар бар?

– Ушул сурооңдон улам бир окуя эсиме түшүп кетти. Бир жолу үйгө бир курсташым иш менен зарыгып келип калыптыр. Үйгө кирип жашообузду көрүп: «Күйөөң экөөңөр тең жакшы окуп, президенттик стипендия алып, медаль менен бүтүп, анан ушул беш эле бөлмөлүү үйдө жашайсыңарбы», - деп таң калат. Мен: «Үч бөлмөлүү эле үйдө жашачубуз, балдарыбыз көбөйүп бул үйдү жакында эле алдык», - десем андан бетер таң калды. Үйдүн ичин көрүп чыгып: «Силердин байлыгыңар китеп, кагаз, калем турбайбы. Мен үч кабат үйүм болуп туруп ишимди сага келип бүтүртүп жатам», - деп күлгөн. Анын сыңары биздин байлык - эл арасында күткөн кадырыбыз менен бала-чакабыз. Байлык топтогонго караганда балдардын билимине көп каражат жумшайбыз. Балдар - биздин келечегибиз.

– Лидер айым катары кийим жагына кандай көңүл бурасыз?

– “Кийим албасам ооруп калам, мода кууйм” дегендерден эмесмин. Стилистим деле жок. Өзүмдүн табитиме жараша жарашыктуу кийингенге аракет кылам. Мурда бүтүп кеткен студенттерим азыр жергиликтүү маалымат каражаттарында иштешет, өзүм менен да иштегендер бар. Алар «эжеке, сизди күн сайын бүгүн эмне кийип, кандай моюн орогуч оронуп келет экен деп күтчүбүз» деп калышат. Алардын сөзүнөн улам кийимге табитим жакшы эле окшойт деп калам. Теле алып баруучу катары да кийимди жарашыктуу кийгенге аракет кылыш керек эмеспи.

– Теле алып баруучу катары түз эфир учурунда кайталануучу кандай адаттарыңыз бар?

– Бир адатым - түз эфир учурунда кагаздагы сценарийди карап же суфлёрдун жардамы менен такыр сүйлөй албагандыгым. Ошондуктан эфир башталарда оюмду толуктап алам дагы, өзүм эле сүйлөп кете берем.

 

 

Динара Чокоева