ЧЫНАР Капарова: “Майрам күндөрү жалгыздыгымды өзгөчө сезем”

Кыргыз телесинин “Ала-Тоо” маалымат берүүсү аркылуу элге кабар жеткирүү менен бирге ар бир көрүүчүнү жагымдуу жүзү, жарашыктуу кийинүүсү, өзүн мыкты алып жүрүшү менен суктандырып турган теле алып баруучу Чынар Капарова бизде конокто.

– Чынар айым, КТРКнын жетекчисин алмаштыруу иштеринин сиздерге таасири тийбейби?

– Албетте, таасири чоң. Көпчүлүк учурда бул терс таасирин тийгизип, иш ыргагын эле үзгүлтүккө учуратпастан, ар бир кызматкер стресс алат. “Жаңы жетекчи кандай болду экен?”, “Мени куугунтук кылбайбы?”, “Ишти эмнеден баштайт?” деген суроолор жаралбай койбойт. Жетекчинин алмашуусу бул жагынан жагымсыз көрүнүш. Бирок мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу келсе баарыбызга жакшы. КТРКнын жетекчиси Байкоочу кеңеш аркылуу тандалып, шайланат. Андыктан жетекчинин алмашуусу менен чоң өзгөрүүлөр, кызыктуу программалар жаралат деп үмүт кылып туралы.

– Өзүңүз кайсы бир тармакта жетекчи болуп иштөөнү каалайсызбы?

– “Генерал болууну эңсебеген аскер аскер эмес” деген сымал, менин да жетекчи болуу кыялым бар. Бул үчүн билимим, иш тажрыйбам, акылым жетиштүү деп таамай жооп бере алам. Тилекке каршы, азыр жетекчилер кайсы бир аттуу-баштуу адамдын көрсөтмөсү же чоң колдоочунун жардамы менен тандалып, шайланып келет. Бул учурда жамааттын кызыкчылыгы, ой-пикири унутта калышы мени капа кылат. “Дарак бир жерден көгөрөт” деп КТРКда иштеп келе жатканыма 18 жылдан ашты. Дагы да тажрыйба топтоп, буйругу болсо, жетекчи да болуп калармын деп кыялдануу ашыкча болбос. КТРК ММКнын катарына киргендиктен кайсы бир партиянын таламын талашып же партиянын катарына кирүүгө болбойт. Ошондон улам ички тартипке баш ийип бир да партиянын таламын талашып, жанталашкан жокмун. Болбосо партияга мүчө болуп, депутаттыкка аттанууга неге болбосун. КТРКда кармалып жатканыма кесибиме болгон берилүү, сүйүү себепкер деп ойлойм.

– Түз эфир учурунда күтүлбөгөн окуялар көп болсо керек?

– Түз эфир учурунда күтүлбөгөн окуялар арбын болот. Бир жолу күндөгүдөй эле алып барып жаткам. Капысынан катуу “тарс” эткен үн чыкты. Жогорку жагымда илинген шам чырак жарылган экен. Ысык сыныктары башыма түшүп мени түйшөлтүп жатты. Бирок сыр бербей эфиримди уланта бердим. Бул өңдүү көрүнүштөр көп болот. Кечээ жакында кесиптешим Космос Чыдынов менен программа алып барып жатсам бир маалда студиянын ичи термелип, өзүм кошо чайпалып баштадым. Тамгалар секиргендей. Космосту карасам ал да термелип жатат. "Башым айланып жатат го, эфирден кулап калбагай элем" деп чочулайм. Көрсө, ошол учурда жер титирептир. Айрым учурларда күлкүлүү окуяларды угуп, же эстеп алып түз эфирде күлкүбүздү араң тыйган учурлар да кездешет.

– Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

– Албетте, мен бактылуу айыммын. Аял үчүн бакыт балдары эмеспи. Кудайга шүгүр, уул-кызды тарбиялап, алардын ар бир жетишкендигине кубанып бактылуу күндөрдү өткөрүп жатам. Ата-эне, бир туугандарым аман. Сүйүп иштеген ишим бар, кийим, тамагым белен, демек, арман кылуу ашыкча болор.

– Ар бир адамда өкүнүч бар, жүрөгүңүздү өйүгөн кандай өкүнүчүңүз бар?

– Кандай болбосун, ар бирибиз Алланын буйругуна баш ийип жашайт экенбиз. Ошол эле кезде ар бир адам өз тагдырын өзү жасайт дейт. Мындай шартта өкүнүүгө мүмкүнбү? Өкүнүп, арман кылган менен каалаганыңды артка кайтара албасаң өзүңдү кыйнаш керекпи? Өткөндү артка таштап, жашоону жаңы барак менен баштап, белди бекем бууп алга умтулуу кажет. Башымдан оор күндөр өткөнүн көпчүлүк күйөрмандарым билет. Бирок жамандыкты амандык жеңет деп армандаган жокмун. Бул менин жеңишим.

– Балдарыңыз чоңоюп калышса керек, канча жашка чыгып калышты?

– Кызым Бермет 14 жаш, уулум Кубат 11 жашка чыкты. Кызым - Кыргыз-Түрк лицейинин, уулум - орто мектептин окуучулары. Окууларындагы жетишкендиктери менен мени кубандырып келе жатышат. Окуудан сырткары коомдук иштерге активдүү катышышат. Кызым китеп ышкыбозу, жумасына бирден китеп сатып алып, чогултуп келет, анан тил үйрөнүү жагына шыктуу. Уулум болсо спорт менен машыгып, комузда кол ойнотот, математика, физика өңдүү так илимдерге жакын. Жумуштан келсем кубанып тосуп алышат, алыска сапар алсам жол карап күтүшөт. Менин келечегим - балдарым. Эмитеден эле кайсы окуу жайга тапшырарына камынышат.

– Тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Көпчүлүк учурда “жок” деп жооп бергеним менен жибип кетип каалаганын алып берип салган учурларым көп. Аны балдарым да билет. Бирок алар мен сатып берген ар бир буюмга аяр мамиле кылышкандыктан аянууга да дитим барбайт. Катуу урушуп да, жамбаштарына чаап жазалап да калам. Кайра жарашып, каткырып күлүп, бат жазылууга да үйрөтөм. Аларды алаксыткан интернетти өчүрүп, айфондорун алып коюп да жазалаган учурларым бар.

– Аял катары жалгыздык сезилеби?

– Албетте, сезилет. Бирок күндүз кечке жумуш менен алек болсом, кечте балдарым менен болуп, кыргызда аш-той көп, аларга барып алаксып жүрө берем. Мен майрам күндөрү жалгыздыгымды өзгөчө сезем.

– 8-Март майрамы келе жатпайбы, кимден белек күтөсүз?

– Биринчи эле балдарымдан, алар жыл сайын 8-Мартта таң атпай туруп, кол эмгек менен жасалган белектерин берип бетимден сүйүп калышат. Анан, албетте, атам менен инилерим, досторум, кесиптештер, кайын журтум белек тартуулайт, смс-куттуктоолор келет. Сөзсүз гүлдесте алам деген ишенимим бар. Калганы кандай белек болорун күтүп туралы.

– Жашсыз, сулуусуз дегендей, колуңузду сураган мырзалар барбы?

– Тирүүлүктө баары болот экен. Жашырганда, кылыктанганда эмне, албетте, эл алдына чыгып иштеген айым катары ашык болгондор деле бар. Колумду сурап, үй-бүлө куруу ниетин билдиргендер да болду. Бирок бардыгы буйруктан болсо керек. Бардыгына үлгүрүп, опол тоодой иштерди жасагыбыз келгени менен буйругу болбосо алар кыял бойдон кала берет экен. Буюрбай жаткандыр.

– Келбетиңиз дайым бир калыпта, спорт менен машыгасызбы же диета кармайсызбы? Бөлүшө кетсеңиз?

– Башта спорт, бий менен машыкчу элем, азыр диета кармайм. Майлуу, куурулган, ачуу, нык тамак-аш жегенден алысмын. Жашылчалардан жасалган салат, чөп-чарды көп жейм. Менин табитиме мөмө-жемиштер, салаттар, сүт азыктары жана кайнатылган тамактар туура келет. Массаж алууга көнүп алгам, денеге, бетке массаж алуу, мончого байма-бай каттоо мен үчүн мыйзам.

– Ашканада кандайсыз? Күн сайын тамак жасайсызбы?

– Албетте, аял, эне катары бош убагымдын көбү ашканада өтөт. Тамакты даамдуу жана кооз жасоого аракеттенем. Балдарым жактырып жейт. Ар бир күнүм таңкы алтыда туруп тамак жасоо менен башталат. Жакындарымдын көпчүлүгү боорсогумду жактырып жешет.

– Үй кызматчыларыңыз барбы?

– Балдарым кичинерээк кезде үй кызматчы бар эле. Азыр балдарым чоңоюп өздөрү менен өздөрү болуп калды. Мектепке, ийримдерге барышат. Балдарды да өз алдынчалыкка үйрөтүү керек экен. Бул жагынан мага апам жардамчы болду. Үй кызматчы жалдап, айдоочу алып жүрүп балдарды баккан учур артта калды.

 

 

Динара Чокоева