БАКТЫСЫЗ КҮНДӨРҮМДҮН АЯГЫ БАРБЫ?!

Күндөрдүн биринде Оштогу психикалык ооруканада башкы врач болуп иштеген бөлөм жумушуна чакырып калды. Оштун ХБК районунда жайгашкан бул оорукананы укканым эле болбосо, ишим түшүп барган эмес экенмин. 102-маршруткадан түшүп, дарбазасына жакындаганда негедир шыр кирип кете албай кызыктай абалга кабылдым. Анткени, “психикалык оорукана” деген аты эле адамды бир силкинтип жиберет эмеспи. Биздин мээбизге бул жерде жиндилер жатат деген түшүнүк синип калган белем, айтор, мен да ошол ойго жетеленип, кире бербей сыртта туруп калдым да, бөлөмө чалып келгенимди айттым. Бөлөм обходдо экенин, 3-кабатка чыгып, кабинетинде отуруп турушумду түшүндүрдү. Мен коркконумду жашыра чыгып барып, коридордо кабинеттин тушундагы диванга отурдум. Каяктан кайсы жинди чыга калат дегенсип эки жагымды элендеп карап коём. Байкасам тынч эле. Бет мандайымда чачын ак аралаган, 50-55 тердеги аял отурат. Мунайым, жинди экени деле билинбейт, кадимкидей эле көрүндү. Акырын сөзгө тарттым, бирок, өзүм тиги кыйкырып же кол салып жиберсе тура качууга даяр болуп онтойлоно отурдум. Сүйлөсөм жакшы эле сүйлөйт, суроо берсем так жооп берет. Ангыча врач бөлөм келип калды. Кабинетине кирип, экөөбүз ал-жай сурашкандан кийин “бул жерде жинди эместер деле жата береби?” десем бөлөм жылмайып алды да: “Жиндикана Западныйда, бул жерге нервден ооруп калгандар, катуу таяк жеп жаракат алгандар, башы менен жыгылгандар келет. Көбү жакшы болуп кетишет, оорлошкондорду ошол жакка жөнөтөбүз, андыктан, коркпо” деди. Анан экөөбүз иштер боюнча сүйлөштүк да, мен чыгып баратып жанагы эжеге кайра жолуктум. Эже бир женилдеп алгысы келдиби же сырын ачкысы келдиби, айтор, бир күлүп, бир ыйлап башынан өткөн тагдырын айтып отурду...

 

"Менин жашоомду ала салдырган биринчи түн!"

– Балалыгым аябай жакшы өттү. Ата-энем колунда бар, окуган, түшүнүктүү, иштерман адамдар эле. Алты баланы эч нерседен кем кылбай өстүрдү, баарыбызды жогорку билимдүү кылып окутушту. Мен үйдө үчүнчү кызмын. Эки эжем, бир агам, эки иним бар. Алардын баары жакшы кызматтарда иштешет, турмуштан өз ордуларын таап, очор-бачар неберелүү болуп калышкан. "Бир уядан бир сасыткы чыгат" дегендей, биздин үй-бүлөнүн сасыткысы мен болдум окшойт. Минтип тынбай калдым, апам байкуш да мени ойлоп жүрүп өтүп кетти. Бир туугандарым деле мен үчүн көп кайгырышат.

Өзүм мектептен кийин медициналык окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, жогорку категориядагы медикмин.Студент кезимде чачым такымыма түшкөн ары сулуу да, текебер да кыз элем.Чуркаган жигиттерди карап да койбой басып кетчүмүн. Табиятым негедир эркек аттууну жактырчу эмес, аны кээде өзүм да түшүнбөй калаар элем. Ошондой жетинчи асманда каалгып учуп жүргөн күндөрүмдүн биринде, өзгөндүк бир жигит менен таанышып калдым. Чынын айтсам, бул сымбаттуу жигит мага жагып турду. Өзү да шартылдаган неме экен, көп өтпөй эле ала качып алды мени. Ангыча үйгө кабар жетип, "таш түшкөн жеринде оор" деп мени калтырып коюшту. Ошентип, той башталып, молдо келип нике кыйылды. Эмнегедир жүрөгүм опкоолжуп корко бердим ошол кеч. Анымды байкаган женем: “Коркпо, кыз, баарыбыз эле ушинтип келгенбиз, көнүп кетесин” деп тынчтандырды. Касен жаныма жакындаганда карышкырдан корккон улактай калтырай баштадым. Аным тигиге жага түштүбү, мени алдап-соолагандын ордуна арсаландап келип көтөрүп чапты. Бир кыйкырып өзүмдү жоготуп коюпмун. Ошол күндөн баштап күйөөм жакындаса эле талып калчу талма ооруга кабылдым. Күндүзү жүрө берем, түн менен кошо менин оорум башталат. Андайда эс-учумду билбей жатып калган мени күйөөм суу чачып, жаагыма чаап эсиме келтирчү. Күйөөгө чыкканга чейин талма деген эмне экенин билчү эмесмин, дегеле катуураак ооруп көргөн эмесмин. Анан минтип түшүнүксүз бир мээнет чырмады да калды.

 

"Оорукчан экенсин деп сабачу болду"

– Талмам дээрлик күн алыс кармаса деле жаштык кылып жүрө бердим маани бербей. Күйөөм деле доктурга же молдого көрсөтөлү дебеди. Шорума кайненем да каардуу чыкты.Тыным алдырбай жумшаганы жумшаган. Аябай арыктап, чүнчүп кеттим. Оштогу жумушумдан Өзгөндүн ооруканасына которулуп алгам. Медик болгон сон кээде оорулуулар менен алаксып кечирээк келип калам. Андайда менде күн жок, какшанып эле жатып калышчу. Кайненем ал кезде менин түнкү кеселимден кабары жок кез. Бир күнү кечинде күйөөм мас болуп келип мени чачтан сүйрөп сабап салды. “Сен кеселсин, сени жиндиканага жаткызыш керек!” деп кыйкырды. Кайненем баласын кой дегендин ордуна кайра ага кошулуп мага жаман сөздөрдү айтып, сай-сөөгүмдү сыздатты. Уккан кулагыма ишене албай алоого түшүп калгандай куйкаланып, жүрөгүм ооруду. Ошондон кийин Касен кичине ичип алса эле мени сабачу адат таап алды. Айла канча, тагдырыма баш ийип жашай бердим. Анан эле кош бойлуу болуп, уул төрөдүм. Андан кийин дагы бир уул, бир кызым удаа келди. Ал ортодо балдарга алаксып талмам кармабай калган. Мени ооруткан күйөөмдүн эле сөздөрү жана таягы. Анткени, ал жаман айтып, уруп-согуп баштаганда эле талмам кармайт. Эгер жакшы мамиле кылып, көнүлүмдү карап койсо, балким, бул оору калып кетет беле...

 

"Ал мени чанып башкага кетти"

– Жашообуз бир нукка түшкөнсүп эле калган, бирок, эмнегедир күйөөм менден алыстагандан алыстап баратты. Анын таптакыр башка дүйнөдө жашап калганын, мага көнүл бурбай калганын сезсем да балдар үчүн жашай бердим. Ал менин жан дүйнөмдүн жанчылганын, аны саат санап күтөөрүмдү, ага эркелегим келээрин сезип да койчу эмес. Мен байкуш болгон күчүмдү көз жашымдан чыгараар элем.

Бир күнү күйөөм үйдө жок кезде тоодо жашаган таякемдин баласы ат менен келип атасы ооруп жатканын айтып, тез барып жардам берүүмдү өтүндү. Анын атына учкаштым да, дары-дармегимди алып жөнөп калдым. Барсам таякем катуу сасык тумоолоп, дене табы көтөрүлүп жатыптыр. Тынчтандыруучу укол сайып, дары-дармегин берип, түндүн бир оокуму болуп калганына карабай атты минип кайра үйгө жөнөдүм. Келсем, күйөөм келип калыптыр. “Түнү кайсы ойношундукунда жүрсөн ошол жакка барып жаша” деп үйгө кирген жеримден колумдан алып көчөгө чыгарып салды. Ага түшүндүрөйүн деген аракетим текке кетти, сөзгө келчүдөй түрү жок. Үч талак берип, эртеси мени каратып туруп кошуна жашаган жесир аялдын үстүнө кирип алды. Мени тебеледи, жок жерден күнөөлүү кылды, шылтоо таппай аран жүргөн белем, кеч келгеним шылтоо болду. Ырас, ал күндөрү жашоодон кечип кетким келчү, бирок, алмончоктой уулдарымды, бойтондогон кызымды аядым. "Айдын он беши карангы болсо, он беши жарык болоорун күтүп, тагдырыма баш ийдим. Антпеске айлам да жок эле, анткени, өзүм оорукчан болсом, үч балам менен кайда барып баш калкаламак элем?

 

“Мени жиндиге чыгарып койду”

– Касен болсо ошол кеткен бойдон жок болбойт, кез-кез келип мени уруп-согуп, пайдаланып кетчү. Ал келгенде дагы талмам кармап, өзүмө келе албай апталап жатып калчумун. Бир жолу дагы келди да, колу-бутумду байлап барып психикалык ооруканага жаткызып салды. Бул жактан ар кыл уколдорду сайышат, дарыларды ичиришет. Айыкпай эле кайра жиндиге айланып бараткансыйм. Жылына бир жолу бир айлап, эки айлап күчкө салып эле бул жакка алып келип салат. Каршылык кылсам адатынча уруп-согот. Азыр мен жинди атка конуп калдым. Күйөөм сабаганда эле башыма урат, ырас, кээде көбүрөөк сүйлөп калам, урган кезде бакырып ыйлап, өзүмдү токтото албай калам. Мунун баары нервден болсо керек. Башым кээде аябай катуу ооруйт. Мен өзүмдү жиндимин дебейм, баарына акылым жетет, ойлонуп сыгылам, дарыгерлердин да мени туура түшүнүп, туура диагноз коюп дарылаштарын суранам, бирок, мени эч кимиси укпайт.

 

"Балдарым мага боор бербей калды"

– Балдар чонойду, эки уулумду үйлөдүм, кызымды турмушка узаттым. Учурда беш неберем бар. Бат-баттан ооруй бергенимеби же атасы кемсинтип ура бергенгеби, жалгыз баксам деле балдарым мага боор бербейт. "Атам дарылатам дегенден кийин унчукпай дарыланыныз да" деп кайра мени урушуп коюшат. Ооруганымда кыргызчылыкты да мойнума алып көрдүм. Кирнелейм, адам көрөм, массаж жасайм. Ошол нерселерди аткарсам женил тарткансыйм. Бирок, Касен ага да уруксат бербейт, көрүнгөнү келгендерди таш-кесек менен кубалап салат. Адамдарды көрүп, дарылап турбасам ооруп калам. А ооруган кезде балдарым дароо атасын чакырышат да, ал кайрадан уруп-согуп ооруканага апкелип жаткызып салат. Милицияга арызданайын десем алар да мени карабайт, жинди дегенсип.

 

"Менин жашагым келет"

– Касендин тиги аялынан уулу бар, же ага толук кандуу эр эмес, же мага эр эмес. Көнүлү каалаганда ага барат, а мага зеригип урушкусу келгенде, маанайы жокто гана келет да, колдорунун кычуусун кандырып токмоктоп кетет. Анын оюн, эмне максаты бар экенин түшүнө албай жанчылам. Же мени уруп жүрүп өлтүрүп, кутулгусу келеби деп ойлоп алып коркуп кетем. Бирок, менин жашагым келет! Мен бул жашоодон эч жакшы күн көрбөдүм. Күйөөнүн эркелеткенин сезип, бакытка магдырабадым. Ошол биринчи түн менин бактыма балта чапкан экен, көрсө. Менин да бактылуу болгум келет!.. Мен да башка аялдардай болуп түрлөнүп кийинип, келин жумшап төрдө олтургум келет. Дегеле, менин бактысыз күндөрүмдүн аягы барбы, болсо качан?..

“Мына, карачы!” деп шолоктогон аял эринбей чечинип, денесиндеги көгала тактарын көрсөткөндө оозума сөз кирбей дел боло отуруп калдым. Байкуш аялды жөн эле жырткычтай эзип, жанчып салган экен. Мына, балдары үчүн күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна чыдап, алар үчүн өз бактысын курмандыкка чалган дагы бир аялдын тагдыры.

 

 

Самара Насырова