Жылдыздар арыктоонун сырлары менен бөлүшүшөт

Жаз келгени калың кийимдерден тажаган ар бир аялзаты жука кийимдерин кийип сымбаттуу болгусу келишет. Ал үчүн көпчүлүгү диета кармап арыктоону тандашат. Окурмандарга кеңеш катары жылдыздар натыйжалуу арыктоонун сырлары менен бөлүшүп өтүштү.

 

Кенже Дүйшеева:

– Диета кармаган адам аны менен бирге дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоону да унутпашы керек экен. Антпесе организмге оорчулук болуп кан басымы төмөндөп, ден соолук жабыркап калат. Андыктан мен диета кармаган учурда сөзсүз дене тарбия көнүгүүлөрүнө басым жасайм. Мисалы, скакалка менен күнүнө 3-4 жолу 300-400 ирет секирем. Пресс жасайм, чуркайм. Тамактанууда рационумдан калорияга бай, майлуу, ундан жасалган тамак-аштарды чийип салам. Сүт азыктарына, балыктын этине, сууга бышкан күрүчкө, жеңил салаттарга анан жер-жемишке басым жасайм. Бирок кан басымым төмөндөп кеткенде калориялуу тамактарды жегенге туура келип калат. Андай учурда жумасына эки жолу эттүү тамак жеп коём.

 

 

 

Гүлбү Ороскул кызы:

– Жаз мезгилинде бардык адамдардын организми витамин жетишсиздиги менен жабыркайт. Ошондой учурда диета кармап алса организм андан бетер кыйналат. Ошондуктан майлуу, куурулган тамактардан баш тартып, кайнатылып же демделип бышкан тамактарга басым жасаса эле адам семирбейт. Мисалы, мен козу карын, кааласам уйдун, кааласам тооктун майсыз этин сууга салып кайнатам дагы, андан соң капуста, сабиз кошом. Ал азыктар бышып, тамакты чыгарардын алдында көк чөптөрдөн кошуп коём. Бул диеталык тамактын семиртүү коркунучу жок, организмди витаминдер менен камсыздайт.

 

 

 

 

Гүлнара Калдарова:

– Мен салмак таштагым келген учурда ундан жасалган тамактарды такыр жебейм. Таттууга болсо жакын эмесмин. Күндүзү жер-жемиштер, жеңил тамактар менен тамактана берем да, кечки саат алтыдан кийин тамак жегенди токтотом. Бир жумада бир күнүмдү жалаң суу ичүү менен өткөрөм. Суунун өлчөмү жок, каалаганча ичсе болот. Күн бою суу ичкенде ичегилер тазаланып, 1-2 кг салмак таштайм.

 

 

 

 

Азиза Адиева:

– Биринчи кызымды төрөгөндө толуп кетип, бир ай диетага олтуруп калыбыма келген элем. Ал үчүн үч күн кефир ичип, үч күн сууга бышкан тузу аз күрүч менен 3 литрдей суу ичип, үч күн сайын аталган азыктарды кезектештирип кайталай берүү керек. Бул диетаны кармап жатканда башың айланып, шайың кеткен учурлар болот. Ошондуктан биринчи кезекте адамдын эрки күчтүү болуусу керек. Адам канчалык эрктүү болсо ошончолук каалаганча салмак таштай алат.

 

 

Гүлмира:

– Азыркы учурда менин да диета кармап жаткан учурум. Ал пайдалуу диетам менен бөлүшө кетсем: эрте менен каалашымча жөнөкөй эле суу ичип алам. Түшкү тамакта сууга бышкан таптакыр тузу жок күрүч менен балыктын же тооктун этин жейм. Ал тамагым 200 граммдан ашпайт. Кечкисин сабизден жасалган салат жеп, чай ичип алам. Сууну күнүнө 2 литрден аз эмес ичүү керек. Бул диетаны 3 күн кармап 2 кг салмак таштайм. Диетанын жардамынын натыйжасында ашказан аз тамакка көнүп калат. Ошондуктан андан ары аздан тамак жеп ошол калыбыңды кармап калуу керек. Мен 63 кг болуп толуп кетип, бул диетаны бир эжеден угуп биринчи эле жолу кармап жакшы натыйжа көрүп атам.

 

Мира Шукуралиева:

– Мен өзүмө дал келген салмакты билип алып, дайыма ошол салмакта жүргөнгө аракет кылам. Ал үчүн биринчи кезекте спорт менен машыгам. Экинчиден, сууну көп ичем. Негизинен айымдар диета десе эле такыр тамактанбай ден соолугуна зыян келтирип алышкан учурлар болот. Мен “эрте мененки тамакты өзүң ич, түшкү тамакты досуң менен бөлүш, кечки тамакты душманыңа бер” деген сөз эң туура деп эсептейм. Таңкы тамак эң пайдалуу болгондуктан буламык, ботко, быштакка окшогон тамактарды сөзсүз жейм. Түшкүсүн жарым порция тамак жесем, кечки тамакты жер-жемиштер менен алмаштырам. Анан күн сайын тамак ичердин алдынан 1 стакан суу ичүүнү адат кылып алуу зарыл. Анткени тамактын алдында ичилген суудан кийин көп тамак ичпейсиң.

 

 

 

Фарида Карбосова:

– Арыктоону каалаган адам алма, бадыраң менен дос болуусу керек. Анткени бул азыктар организмди витамин менен толуктоо менен бирге адамды арыктатканга жакшы көмөкчү болот. Күн бою алма, бадыраңды жеп, суудан көп ичүү керек. Эгерде "тамактан баш тарта албайм" дегендер болсо, аларга "кечкисин тамак ичпей, капуста, сабизден жасалган салат эле жеп койгула" деген сунушту айтам. Адам кечинде ачка болуп жатса эле ичи тартылып жакшы болуп калганын байкайт.

 

 

 

 

 

Динара Чокоева